Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоонун тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана балыкты контрол-дук кармоо балык ресурстарды жана алардын жашоо чөйрөсүн изилдөө, балыкзапастардын канча экенин, таралышын жана абалын аныктоо, жањыкөлмөлөрдү жана алардагы уулоо объекттерин изилдөө, балыкты уулоого жолберилчү жалпы көлөмдү аныктоо, ошондой эле балык запастарга мамлекеттикмониторинг жүргүзүү үчүн ишке ашырылат. 2. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана балыкты контрол-дук кармоо илимий изилдөө жана ихтиологиялык иштердин ар жылдык планда-рынын жана контролдук кармоо жүргүзүүнүн графиктеринин, ошондой элеКыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-нистрлигине караштуу Балык чарба департаменти (мындан ары - Департа-мент) менен макулдашылган илимий программалардын негизинде ишке ашыры-лат. 3. Бул Жободо балыкты контролдук кармоо деп республиканын табигыйжана жасалма көлмөлөрүндө балык запастарына мамлекеттик мониторингжүргүзүү максатында балык кармоо түшүнүлөт. 4. Көлмөлөрдү, балык запастарды жана алардын жашоо чөйрөсүн илимийжана ихтиологиялык изилдөөлөр төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт: - илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, балык уулоону жөнгө салуу чарала-рын негиздөө жана көлмөлөр жана балык уулоочу участоктор боюнча балыкуулоо божомолдорунун долбоорлорун даярдоо үчүн биологиялык материалдычогултуу жана иштетүү үчүн; - көлмөлөрдө балык запастарынын абалын жана алардын тоюттук база-сын изилдөө жана республиканын балык чарба көлмөлөрүндө запастарын сак-тоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында; - балыктын таралуу ареалын, сырьелук запастарын аныктоо, алардынабалын жана өзгөрүүлөрүн болжолдоо жана баалоо, ошондой эле аларды или-мий негизде пайдалануу максатында республиканын табигый жана жасалмакөлмөлөрүндө балык ресурстардын жана суу организмдеринин абалын монито-рингдөө үчүн; - балык кармоонун илимий негизделген нормативдерин жана квоталарын(лимиттерин) жана аларды кармоо куралдарына жана каражаттарына талап-тарды аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо үчүн; - маалыматтарды чогултуу жана республикадагы балык чарба фондунунмаалыматтык базасын түзүү үчүн; - көлмөлөрдүн балыктуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды иштеп чы-гуу жана балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын көбөйтүүгө божо-мол-тапшырмаларды аныктоо үчүн сунуштарды даярдоо максатында; - балыктарды жана жемдик организмдерди башка көлмөлөргө климатташ-тыруу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү, аларды климатташтыруунуннатыйжаларын контролдоо жана климатташтыруу объекттерин өнөр жайлыкөздөштүрүү жөнүндө корутундуларды даярдоо максатында; - балык чарба көлмөлөрдө изилдөө жүргүзүү жана урук таштоочу жер-лерди жана көлмөлөрдү калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуумаксатында. 5. Көлмөлөрдү, балык запастарын жана алар жашаган чөйрөнү илимийжана ихтиологиялык изилдөөлөр мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардынэсебинен жүргүзүлөт. 6. Бекитип берилген балык чарбалык көлмөлөрдө жана балык уулоочуучастоктордо балык запастарынын абалын жыл сайынкы баалоо алар бекитипберилген юридикалык жактардын жана жеке жактардын каражаттарынын эсеби-нен ишке ашырылат. 7. Балык чарба көлмөлөрдө балыкты илимий изилдөө максатында кармоожана контролдук кармоо, балык запастарды мамлекеттик мониторингдөө үчүнкармоо Департаменттин уруксаты менен ишке ашырылат. 8. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана контролдук кармообиологиялык материал чогултуу жана иштетүү максатында илимий уюмдардынжана ихтиология кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт жана ба-лык уулоого тыюу салынган көлмөлөрдө балык уулоого тыюу салынган убак-тарда, ошондой эле балыкты өнөр жайлык уулоо болбогон көлмөлөрдө жанаайрым участоктордо да ишке ашырылат. 9. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана контролдук кармообалык кармалган жердин өзүндө, кармалган балыктардын түрлүк курамын, арбир түрдүн сандык курамын, кармаган убакытты жана орунду, кармоонунколдонулган жабдыктарын, ошондой эле балык кармаган жана булкөрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүүдө болгон адамдарды милдеттүү түрдөкөрсөтүү менен актылаштырылууга тийиш. 10. Балыкты көрсөтүлгөн максаттарда кармоо үчүн жооптуу адам жоктобалыкты илимий изилдөө максатында кармоого жана контролдук кармоого ты-юу салынат. 11. Балыкты ар бир конкреттүү учурда кармоонун көлөмү илимийизилдөөчү жана ихтиологиялык жумуштарды жүргүзүү методикасына жарашааныкталат. 12. Балык уулоо объекттерин өнөр жайлык кармоо жүргүзүлчү, илимийуюмдардын жана ихтиология кызматынын өтүнмөсүнө киргизилген райондордоилимий изилдөө жана контролдук максаттар үчүн керектүү биологиялык ма-териалды чогултуу өнөр жайлык уулоонун мүнөзү илимий жана ихтиологиялыкжумуштардын методикасына каршы келгенден башка учурларда балык кармоо-дон алынат. 13. Балыкты илимий изилдөө максатында жана контролдук ар бир кар-моонун жыйынтыгы Департамент белгилеген форма боюнча каттоо журналынажазылат. Балыкты илимий изилдөө максатында жана контролдук кармоонукаттоо журналдары жана кармоонун актылары кармоо жүргүзүлгөн жерде,илимий изилдөө жана ихтиологиялык жумуштардын жүргүзүлүшү үчүн жооптууадамдарда сакталат. 14. Илимий изилдөө жана ихтиологиялык максаттар үчүн кармалган ба-лык керектүү изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин накладной боюнча балык за-воддорго жана балык кабыл алуу пункттарына, ал эми алар жок же алысболгон жерлерде - соода уюмдарына өткөрүлөт. 15. Ихтиологиялык жана лабораториялык анализ үчүн пайдаланылып,бул товардык сапаты начарлашына алып келген балык кармоо үчүн жооптууадамдардын, балык инспекторлорунун жана балыкты эсептен чыгарууга ка-тышкан башка адамдардын катышуусунда акт түзүү менен эсептен чыгарылуу-га тийиш. 16. Илимий изилдөө жумуштары жана балыкты контролдук кармоо аякта-гандан кийин илимий уюмдардын жана ихтиология кызматынын балык кармоожүргүзгөн кызматкерлери Департаментке аткарылган иштин жыйынтыгыжөнүндө отчетторду кармоо жүргүзүү актысын жана пайдаланылган уруксат-ты, ошондой эле кармалган балыктын тапшырылганы жөнүндө накладнойдун жеэсептен чыгарылганы жөнүндө актынын көчүрмөсүн тиркөө менен өткөрүшөт. 17. Илимий уюмдардын жана ихтиология кызматынын кызматкерлери от-четторду жана бул Жободо каралган башка зарыл документтерди тапшырышпа-ган учурда андай уюмдарга жана адамдарга андан кийин уруксат берилбейт. 18. Бул Жобонун аткарылышын Балык чарба департаменти контролдойт.