Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу жөнүндө ЖОБО 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балыкзапастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу тартибин аныктайт. 2. Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: балык промыселинин объекттери (балык продукциясы) - кармоо, уулоожана даярдоо объектиси болуп кызмат кылуучу балыктар, икралар, рактаржана суу организмдери; мыйзамсыз балык кармоочулук продукциялары - тыюу салынган ыкмаларменен кармалган, балыктын түрлөрүн кармоого тыюу салынган мөөнөттөрдөжана жерлерде балык кармоочулук үчүн тыюу салынган балык продукциясы,ошондой эле балык уулоо укугуна уруксаты жок адамдар тарабынан кармал-ган же ушул продукцияны сатып алганынын мыйзамдуулугун ырастоочу доку-менти жок адамдардан аны сатып аткан жерден кармалган балык продукция-сы. 3. Балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу тө-мөнкү жолдор менен жүргүзүлөт: - балык запастарын кайтаруу, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча эре-желерди, нормаларды, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды аныктоо; - балык запастарын эсепке алууну жүргүзүү; - балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоо чектөө жана аларда балык-тардын жањы түрлөрүн байырлаштыруу; - балык запастарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү жаатындаилимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; - балык ресурстарын кайтаруу жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн жанакөбөйтүү шарттарын жакшыртуу; - балык запастарын мыйзамсыз уулоо же жок кылуу менен келтирилгензыяндын ордун толтуруу; - балык запастарын пайдалануунун жана аларды уулоо куралдарына жа-на каражаттарына талаптардын илимий негизделген нормативдерин жана ли-миттерин белгилөө. 4. Суу биологиялык ресурстардын абалына таасир этүүчү же таасирэтиши мүмкүн болгон чарбалык ишмердикти жүргүзүүдө юридикалык жана жекежактар балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу, ба-лыктарды көбөйтүү шарттары жана миграция жолдору боюнча чараларды кам-сыздоого милдеттүү. 5. Сугат же суу менен жабдуу максатында балык чарба көлмөлөрүнөнсуу алуу суу топтогучтарды натыйжалуу балык коргоочу түзүлүштөр мененжабдыган шарттарда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 6. Жардыруучу, түбүн терењдетүүчү, түбүн тазалоочу иштердижүргүзүүгө жана балык урук таштаган, балык жүргөн райондорго, алар кыш-тоочу көњдөйлөргө, ошондой эле балыктардын миграциялык жолдору болупкызмат кылган участкаларга топурак таштоого жол берилбейт. 7. Юридикалык жана жеке жактар балык чарба көлмөлөрүнүн жана алар-дын жээктеринин өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка таштандылар,күйүүчү-майлоочу материалдар менен булганышына жана таштандыга толушунажол бербөөгө жана балык чарба көлмөлөрүн өзүнүн чарбалык ишмердигининзыяндуу таасиринен коргоо боюнча чараларга катышууга милдеттүү. 8. Мал чарба фермалары, канаттуулар фабрикалары, дыйкан чарбалары,ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар балыкчарба көлмөлөрүн булгоону болтурбоочу зарыл болгон санитардык-коргоочуаймакка жана тазалоочу курулмаларга ээ болууга тийиш. 9. Көлмөлөрдө жана алардын жерлеринде автотранспорт каражаттарын,башка механизмдерди жууганга, ошондой эле сууну булгоонун булагы болушумүмкүн болгон ар кандай иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт. 10. Балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу,ошондой эле ушул Жобонун талаптарын сактоого контролдук жүргүзүү КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине караш-туу Суу чарба департаменти (мындан ары - Департамент) жүргүзүлөт. 11. Юридикалык жана жеке жактар бекитип берилген көлмөлөрдө жеалардын участкаларында балык запастарын көбөйтүү шарттарын жанакөлмөлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча балык коргоочу жана балык суу-мели-оративдик иш-чараларды жүргүзүүгө, өнөр жайлык балыктарды көбөйтүү бо-юнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жээктеги балык өнөр жайлык участ-каларды тиешелүү санитардык абалда кармоого милдеттүү. 12. Республиканын балык чарба көлмөлөрүнөн кармалган же башка мам-лекеттерден алып келинген балык промыселинин объекттери балык продукци-ясын сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу тиешелүү документтери бол-гондо сатылат. 13. Кыргыз Республикасынын балык сактоо мыйзамдарын бузган юриди-калык жана жеке жактардан Балык чарба департаментинин кызматкерлери та-рабынан алып коюлган балык продукциясын сатуучу уюмдар жана башка чар-бакер субъекттер кабыл алган учурларды кошпогондо мыйзамсыз балык кар-моочулук продукцияларын соода уюмдарынын кабыл алышына же сатып алышы-на, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын сатып алуу-сатуусуна жолберилбейт. 14. Төмөнкүлөргө тыюу салынат: - балык чарба көлмөлөрүнүн жээгиндеги аймактарды күйүүчү-майлоочуматериалдар, нефти продуктылары, тиричиликтик жана башка таштандыларменен булгоого; - балык чарба көлмөлөрүнүн жээк коргоо аймагында балык чарба баш-кармалыгынын ыйгарым укуктуу органынын макулдугусуз химикаттарды, жерсемирткичтерди жана пестициддерди пайдаланууга; - балык чарба көлмөлөрүнө тазаланбаган өндүрүштүк жана тиричилик-тик ыплас сууларды, мал чарба жана канаттуулар комплекстери менен фер-маларынын ыплас сууларын, транспорт каражаттарын жуугандан кийинки суу-ларды куюуга, балык чарба көлмөлөрүнүн жээктерине курулуш таштандыла-рын, тиричиликтик таштандыларды жана жаныбарлардын кыгын таштоого; - Департамент менен макулдашуу боюнча санитардык, гидротехникалыкже мелиоративдик иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо жээктерде,куймаларда, каналдарда туташ байламталарды (бөгөттөрдү) курууга, ошон-дой эле балык чарба көлмөлөрүнөн жана суу сактагычтардан сууну кое бе-рүүгө; - балык өстүрүү же балыкчылык үчүн чоњ мааниси бар балык чарбакөлмөлөрүнүн түбүнөн же жээктеринен кум, шагыл алууга же чоњ таш жанагалечник материалдарын чогултууга; - балык суу жана санитардык-мелиоративдик иш-чаралардын иштелипчыккан планы жок болгон учурда чөгүп кеткен балык кармоочу тор куралда-рынан көлмөлөрдүн түбүн тазалоо боюнча санитардык-мелиоративдик иштердижүргүзүүгө; - айрым элементтери балык запастарына, суу организмдерине жанаалардын байырлоо чөйрөлөрүнө зыяндуу таасир этүүчү зыяндуу заттардыкармаган өнөр жайлык балык кармоо куралдарын балык уулоодо колдонууга; - балыктардын жугуштуу жана мите ооруларынын очогу табылганкөлмөлөрдө пайдаланылган балык кармоочу тор куралдарды алдын ала дезин-фекциялабай туруп башка балык чарба көлмөлөрүнө ташып барууга жана ор-нотууга; - Департаменттин макулдугусуз балык чарба көлмөлөрүнүн жээгиндегиаймактарда камышты, тростникти жана башка суу өсүмдүктөрүн кыюуга жанадаярдоого; - белгиленген эрежелерди сактабастан, балык запастарына зыян кел-тирүүгө жөндөмдүү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүүчүстимуляторлорду, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди балыкчарба көлмөлөрүнө жакын жерлерге ташып келүүгө, сактоого жана колдонуу-га. 15. Балык кармоочулуктун эрежелерин жана балык запастарын кайтаруубоюнча жобону бузган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 16. Балыкты мыйзамсыз уулоо же балык запастарын жок кылууда келти-рилген зыян тартип бузуучу тарабынан балык запастарына келтирилген зы-янды эсептөөнүн таксаларына жана методикаларына ылайык орду толтурулат. 17. Эгерде балык кармоочулуктун жана балык запастарын кайтарууэрежелерин бузган адамдарда мыйзамсыз кармалган жана алар тартип бузганжеринде таштап кеткен балыктар, кармоо куралдары жана сүзүүчү каражат-тар табылган учурларда же болбосо ал буюмдарды таштап качып кеткендетабылган буюмдар Департамент тарабынан ээси жок катары сатылат. 18. Мыйзамсыз балык кармоочу продукциясы, ошондой эле мыйзамсызсатып алуу-сатуу предмети болуп эсептелген балык промыселинин объектте-ри ушул продукция табылган жерине жана аны сатып алуу ыкмасына карабас-тан Департаменттин кызматкерлери тарабынан биротоло алып коюлууга ти-йиш. 19. Балык чарба субъекттеринен же башка юридикалык жактардан кар-малган мыйзамсыз балык кармоочулук продукциялары алар кармалган, сак-талган, сатылып жаткан жерлерде же ташууда Департаменттин кызматкерлеритарабынан алып коюлат жана промыселден балык берүү жерлеринде белгилен-ген келишим баа боюнча коомдук тамактануу жайларына, балык дүкөндөрүнө,балык кабыл алуучу жайларга тапшырылат. Укук бузуунун убактысына, жери-не жана шарттарына жараша балык кармоо буюмдары промыселден балык берүүжерлеринде белгиленген келишим баа боюнча анын наркын төлөп берүү шартыменен тартип бузуучуда калтырылышы мүмкүн. 20. Алып коюлган балык кармоо куралдары, сүзүүчү жана башка транс-порт каражаттары тартип бузуучунун жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе че-чилгенге чейин Департаменттин кампасында сакталат. 21. Ушул Жобону, балык кармоочулук жана балык запастарын кайтарууэрежелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгына жараша алып ко-юлган балык уулоо куралдары, сүзүүчү жана башка транспорт каражаттарыбелгиленген тартипте конфискацияланат же ээсине кайтарылып берилет. Балык кармоочулуктун тыюу салынган куралдарын балык чарба субъект-тери сатат же уруксат берүүчү балык кармоо куралдарын даярдоодо пайда-лануу үчүн ихтиологиялык кызматка өткөрүлүп берилет же болбосо алардыкөрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда актыбоюнча жок кылынат. 22. Департаменттин балык запастарын кайтаруу кызматынын кызматкер-лери айырмалык белгиси бар форма кийимин кийүүгө, кызматтык курал, сиг-нал берүүчү тапанча жана атайын каражаттарды Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте алып жүрүүгө укуктуу.