КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балыкзапастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин жөнгөсалат. 2. Балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштер Кыргыз Республи-касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине ка-раштуу Балык чарба департаменти (мындан ары - Департамент) жыл сайынаныктоочу жана бекитүүчү божомол-тапшырмалардын негизинде, Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш изилдөө инс-титутунун сунуштарына ылайык жүргүзүлөт. 3. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: - балык запастарын жасалма көбөйтүү - балык чарба көлмөлөрүнүн ба-лык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында кийин табигыйкөлмөлөргө чыгаруу менен балык суу ишканаларында жана курулмаларындачабактарды көбөйтүү жана өстүрүү; - балыктарды, суу жаныбарларын жана суу организмдерин байырлашты-руу - аларды толук же жарым-жартылай натуралаштыруу, ошондой эле жай-гаштырылгандарды чарбалык пайдалануунун башка формаларын көбөйтүү мак-сатында мурда ушул түрлөр болбогон же жок болуп кеткен бир көлмөдөнэкинчи көлмөгө жеткирилген суу биологиялык объекттерди чыгаруу (көл жа-на товардык балык суу чарбаларын түзүү, ышкыбоздук жана спорттук балыккармоочулукту уюштуруу); - балык көбөйтүү - көлмөлөрдө, көлчүктөрдө жана садоктук балыкчарбаларында балык запастарын жасалма көбөйтүү жана кайра жаратуу, ба-лыктын ар кандай түрлөрүн өстүрүү, ошондой эле балык көбөйтүү техноло-гиясынын биологиялык негиздерин изилдөө; - суу организмдери - балыктар үчүн тоют катары пайдаланылуучу чир-кей курту, дафниялар, моллюскалар, түтүкчөлөр жана башка суу омуртка-сыздары. 4. Балык запастарын жасалма көбөйтүү инкубациялоо үчүн инкубация-лык аппаратка коюуга икраларын алуу жана төлдөтүү, личинкаларды алуужана аларды жашап кетүү стадиясына чейин өстүрүү, кийин өстүрүлгөн ча-бактарды табигый жана жасалма көлмөлөргө кое берүү максатында өнөр жай-лык балыктарды өстүрүүчүлөрдү (жетилген эркек жана ургаачы балыктарды)атайын кармоо жолу менен жүргүзүлөт. 5. Департамент балык чарба субъекттерине уруксат берүү документте-рин берүү жолу менен балыкты жасалма жол менен көбөйтүү максатында өнөржайлык балыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармоого укук берет. 6. Белгиленген божомол-тапшырма жок болгон учурда аларды жасалмакөбөйтүү максатында өнөр жайлык балыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармо-ого тыюу салынат. 7. Балыкты атайын көбөйтүү максатында өнөр жайлык балыктардыөстүрүүчүлөргө атайын кармоого укук балык жайгаштыруучу материал алууүчүн балык суу базасы бар адистештирилген балык суу чарбаларына (балыкзаводдоруна) берилет. 8. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө кармоо көлмөлөрдүн бекитип бе-рилген участкаларында балыкчылар бригадасынын балыкчылары тарабынанжүргүзүлөт жана балык чарба субъекттери берген тизмеге ылайык ар бирбалыкчыга өзүнчө Департамент тарабынан берилген балык уулоо билеттерибоюнча жүргүзүлөт. 9. Балык уулоо билеттери жок балыкчыларды өнөр жайлык балыктардыөстүрүүчүлөргө кармоо боюнча иштерге тартууга жол берилбейт. 10. Балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгөжана көлмөлөрдүн бекитип берилген участкаларында өнөр жайлык балыктардыөстүрүүчүлөргө атайын кармоону ишке ашырууга жооптуу болуп балык чарба-ларынын жетекчилери же алар ыйгарым укук берген башка кызматкерлерэсептелет. 11. Балык запастарын жасалма көбөйтүү максатында өнөр жайлык ба-лыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармоо балык запастарын жасалма көбөйтүүбоюнча иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдын катышуусунда ишке ашырылат. 12. Ар бир кармалган балыктардын партиясына өнөр жайлык балыктардыөстүрүүчүлөргө эсепке алууну камсыздоо максатында өнөр жайлык балыктар-ды өстүрүүчүлөргө кармоо жөнүндө акты түзүлүүгө тийиш, анда кармалганбалыктардын түрдүк курамы, ар бир түрдүн өзүнчө саны, кармалган убакытжана жер, колдонулган кармоо куралдары, ошондой эле балык кармаган ба-лыкчылар жана ушул ишке катышкан адамдар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. 13. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө ар бир кармоонун натыйжаларыжана алардан икраларды алып коюулар өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргөатайын кармоочуларды жана алардан икраларды алып коюулар Департаменттарабынан аныкталган форма боюнча каттоо журналына жазылат. 14. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө кармоонун каттоо журналы жанаактылары балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгөжооптуу адамдарда балык кармоо пункттарында дайыма сакталууга тийиш жа-на текшерүү үчүн Департаменттин кызматкерлерине берилет. 15. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө алардан икраларды алып кой-гондон кийин жана белгиленген формадагы журналга катталгандан кийин са-тууга жөнөтүлөт же коомдук тамактануу жайларына тапшырылат, тиешелүүнакладнойлор таризделет, мында накладнойдун бир нускасы балык кармоопунктунда калат, экинчиси балыкты кабыл алган адамга берилет. 16. Балык кармоо пунктунан каттоо журналына жазылбаган балыктардыже болбосо икрасынан ажыратылбаган балыктарды, ошондой эле белгиленгентартипте катталбаган жана тиешелүү коштоочу документтери (актылар жананакладнойлор) таризделбеген икраларды балык уулоо пункттарынан ташыпчыккан учурда алар Департаменттин кызматкерлери тарабынан акысыз алыпкоюуга жана соода жайларына акты боюнча өткөрүп берилүүгө тийиш. 17. Чабактарды жана суу организмдерин байырлаштыруу, чабактардыкөлмөлөргө коеё берүү, балыкты өстүрүү жана балыктарды садоктордокөбөйтүүнү жана өстүрүүнү кошкондо көлмөлөрдү балык менен толтуруу та-бигый жана жасалма көлмөлөрдө балык запастарын көбөйтүү боюнча комп-лекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп эсептелет. 18. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биологиякыртыш таануу институтунун илимий биологиялык негиздөөсүсүз балыктын,суу жаныбарларынын жана суу организмдеринин жањы түрлөрүн республиканынбалык чарба көлмөлөрүнө байырлаштырууга жана коеё берүүгө жол берил-бейт. 19. Чабактарды коеё берүү жана балык чарба көлмөлөрүн балык менентолтуруу бекитилген графиктердин негизинде балык чарба субъекттери та-рабынан ишке ашырылат жана Департаменттин кызматкерлеринин жана ихтио-логиялык кызматтардын адистеринин катышуусунда жүргүзүлөт. 20. Көбөйтүү, байырлаштыруу, балык өстүрүү жана башка максаттарүчүн тирүү балыкты, личинкаларын, чабактарды, төлдөгөн икраларды жанасуу организмдерин республикага алып келүү, ташуу жана республикаданалып чыгууга алып чыгуучу (алып келүүчү) объекттердин, ошондой элекөлмөлөрдүн жана алар алынып келинген балык чарбаларынын санитар-дык-эпизоотиялык жайлуулугун ырастоочу тиешелүү документтер (уруксат-тар, ветеринардык күбөлүктөр, ихтиологиялык маалымкаттар) болгон учурдажол берилет. 21. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга коеё берилүүчү ба-лыктарды байырлаштыруу, чабактарды коеё берүү, балык өстүрүүчүкөлмөлөрдү балыкка толтуруу жана балык суу продукцияларын эсепке алуубоюнча иштерди жүргүзүү тартиби Департамент тарабынан аныкталат. 22. Ушул Жобонун талаптары бузулган учурда юридикалык жана жекежактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарты-лат. 23. Ушул Жобону аткарууну контролдоону Департамент жүргүзөт.