Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын кармоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын суу чарба көлмөлөрүндө балыккармоону уюштуруу жана жүргүзүү тартибин жана шарттарын жөнгө салат. 2. Республиканын суу чарба көлмөлөрүндө балык запастарын кармообайырлаган чөйрөдөн балыкты алуунун белгиленген квотасынын (лимитинин)чектеринде балык уулоо документтеринин негизинде жүргүзүлөт. 3. Балык чарба субъекттеринин балык кармоосу балык кармоо эрежеле-рин сактоо менен бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык кармоо участка-ларында жүргүзүлөт. 4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: - балык чарба субъекттери (балык субъекттери) - балык кармоочулук,балык запастарын көбөйтүү, балык өстүрүү жана балыкты кайра иштетүү бо-юнча балык чарба ишмердигин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар; - балык уулоо документтери - балык уулоо укугуна уруксаттар, би-леттер, балык субъекттери менен келишимдер, накладнойлор жана кармалганбалыкты эсепке алуу журналдары. 5. Балык кармоону жүргүзүүчү бардык балык чарба субъекттеритүрлөрү жана балык кармоо участкалары боюнча өздөрү кармаган жана даяр-даган балыктардын жана икралардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү. 6. Уулоодо кармалган балыктардын жана икралардын эсеби түздөн-түзбалык кармалган жана икра даярдалган жерлерде жүргүзүлөт жана топтомобалык уулоо журналдарында жана белгиленген формадагы балык кармоо ки-тепчелеринде катталат. 7. Белгиленген тартипте таризделген балык уулоо журналдары жанабалык кармоо билеттери балык чарба субъекттеринде жок болгон учурда ба-лык кармоого тыюу салынат. 8. Балыкты өнөр жайлык кармоону жүргүзүү үчүн балык чарба субъект-тери туруктуу же убактылуу (сезондуу) балык кармоо бригадаларын түзүшөтжана промыселде кармалган балыкты кабыл алууну, эсепке алууну жана сак-талышын уюштурууга жооптуу адамдарды буйрук менен дайындашат. 9. Балык уулоо сезону мезгилинде балык кармоо боюнча иштерге ба-лыкчыларды тартуу аларды балык кармоочулук уюмдарына штатка алып,түзүлгөн эмгек келишимдеринин же эмгек макулдашууларынын шарттарындааларга эмгек акы төлөө менен жүргүзүлөт. 10. Эмгек келишимдерин (макулдашууларды) балыкчы-уулоочулар менентүзүүдө алардын эмгегине акыны накталай акы төлөө шартында - кармалганбалык менен төлөөгө тыюу салынат. 11. Балыкчылардын балык кармоо иштерине катышуусуна балык чарбасубъекттери берген тизмелерге ылайык ар бир балыкчыга өзүнчө берилүүчүким экендигин ырастаган балык кармоо билеттери болгондо гана уруксатберилет. 12. Ар бир балыкчы промыселде алар кармаган балыктын ар күнкү эсе-бин жүргүзүүгө жана балык кармоо куралынан балыкты чыгарып алгандан ки-йин дароо эле өзүнүн балык кармоо китепчесине каттоого милдеттүү. 13. Балык кармоодо балык чарба субъекттери жана балык кармоо бри-гадаларынын балыкчылары ушул Жобонун талаптарын сактоого жанакөлмөлөрдүн балык кармоо участкаларынан кармалган же даярдалган балык-тын жана икранын сакталышын камсыз кылууга жана анын бузулушуна жанабалык кармалган жерден уурдалышына жол бербөөгө милдеттүү. 14. Ар бир өзүнчө балык кармоо пунктунда чарбакер субъекттин же-текчисинин буйругу менен балык пункту боюнча жооптуу дайындалууга ти-йиш, ал балыкчылар кармаган балыктардын эсебине жана сакталышына жоопберет жана балыкчылардан кабыл алынган балыктарды күн сайын кабыл алуу-га, өз учурунда таразага тартууга жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуугамилдеттүү. 15. Топтомо балык уулоо журналы ар бир өзүнчө балык кармоо пунк-тунда жүргүзүлүшү керек, ал балык пункту боюнча жооптуу да болот жанабалыкты промыселдик кармоо жерлеринде дайыма сакталат. 16. Промыселде кармалган балыктарды таразага тартуу үчүн ар бирөзүнчө балык кармоо пунктунда милдеттүү түрдө бузук эмес таразалар бо-лууга тийиш. 17. Балык кармоо бригадаларынын балыкчылары кармаган бардык балык-тар сөзсүз түрдө балык кармоо пункту боюнча жооптууга тапшырылат, албалыкчылардан кабыл алынган балыкты топтомо балык промыселдик журналгакаттайт. 18. Топтомо балык промыселдик журналга же балык кармоо билеттеринебелгиленген тартипте катталбаган балыктар балык кармоо пунктунда кар-малган учурда ал мыйзамсыз кармалган деп таанылат жана белгиленген тар-типте алып коюлат. 19. Бекитип берилген балык кармоо участкаларында балык кармоо үчүнпайдаланылуучу бардык балык кармоо торлору балык чарба субъектинин ата-лышын көрсөтүү менен биркаланышы керек. 20. Балыкты промыселдик кармоо үчүн суу гидробионтуна жана байыр-лоо чөйрөсүнө зыян келтирүүнү болтурбоочу балык кармоонун уруксат бе-рилген тор куралдары гана колдонулушу керек. 21. Балык кармоодо суу чөйрөсүн булгоонун булагы болуп калуучукоргошун салмоору бар балык кармоонун тор куралын пайдаланууга тыюу са-лынат. 22. Балык кармоо пункттарынан балыкты ташып чыгууга топтомо балыккармоо журналында промыселден балык берүүнү каттагандан жана таразагатарткандан кийин гана жол берилет жана чыгарылып жаткан балыктын түрүнжана салмагын, чыгарылган күнүн көрсөтүү менен товарды коштоочу доку-менттери (накладной) боюнча жүргүзүлөт. 23. Балык кармоо пунктунан балык берүү жана аларды кармалган жер-ден сатуучу жерге чейин ташууга балыкты промыселдик кармоого белгилен-ген тартипте жол берилген, балык ташуу менен алектенген юридикалык жанажеке жактарда балык чарба субъекттери менен түзүлгөн балыкты берүүгөбалык промыселдик документтери жана келишимдери болгондо гана жол бери-лет. 24. Көлмөлөрдө (көлмөлөрдүн участкаларында) жана балык кармоопункттарында кармалган же даярдалган балыктар калктуу конуштарга балыкчарба субъекттери тарабынан чыгарылат жана соода жайлары аркылуу саты-лат же накладнойлор боюнча балык дүкөндөрүнө же коомдук тамактануу жай-ларына тапшырылат. 25. Мыйзамсыз кармалган балыктарды жана икраларды юридикалык жанажеке жактардын сатышына тыюу салынат. 26. Балыкты промыселдик кармоо менен иштеген балык чарба субъект-тери төмөнкүлөргө милдеттүү: - ар бир балык кармоо пунктунда топтомо балык промыселдик журналдыдайыма жүргүзүүнү жана ага бекитилген көлмөлөрдөн (участкалардан) бар-дык кармалган балыкты өз учурунда каттоону камсыз кылууга; - айрым түрлөрү жана көлмөлөр (участкалар) боюнча балык кармоогобелгиленген квотадан (лимиттен) ашып кетпөөгө; - ар бир балыкчы үчүн балыктардын түрлөрү жана көлмөлөр (участка-лар) боюнча балык кармоо көлөмүн көрсөтүү менен аларга бөлүнгөн жалпылимиттердин чегинде балык кармоого өзүнчө тапшырмаларды белгилөөгө; - промыселде кармалган балыктарды таразага тартуу жана эсепке алууүчүн ар бир балык кармоо пунктунда оњ абалдагы таразаларды жана промы-селден берилген балыкка кабыл алуу-берүү квитанциясын жана алардынкүбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кармоого; - балык чарба субъектине таандыктыгын аныктоо максатында балыккармоо куралдарына маркировка жүргүзүүгө; - балык кармоо пункттарын, ошондой эле бекитип берилген көлмөлөрдүжана жээк участкаларын балык кармоо куралдарын тандоо жерлеринде ти-йиштүү санитардык абалда кармоого; - бекитип берилген көлмөлөрдө (участкаларда) балык запастарынкөбөйтүүнү жана балык суу-мелиоративдик ишчараларды жүргүзүүгө; - Балык чарба департаментинин (мындан ары - Департамент) кызмат-керлерине балык кармоонун түрлөрү жана райондору боюнча балык кармоонумүнөздөөчү маалыматтарды берүүгө; - кармоочу куралдардан балыктардын куюлуп түшүп калуу учуруна, ба-лыкты жана икраны кармалган жана даярдалган жерлерде сатууга жолбербөөгө, ошондой эле промыселдик кармалган балыктар жана икра мененбашка мыйзамсыз бүтүмдөрдү (алмашуу, белекке берүү жана күрөө) жасабоо-го; - ар бир балык кармоо пунктунда белгиленген формада инспектордуктекшерүүлөр китепчесин жүргүзүүнү камсыз кылууга; - балык өстүрүү ишканаларына балык өстүрүүчүлөрдү келишимдик не-гизде, ал эми илимий уюмдарга жана ихтиологиялык кызматка - биологиялыканализ үчүн балыктарды берүүгө; - бөлүнгөн лимит мөөнөтүнөн мурда жана толук өздөштүрүлгөн учур-ларда балык кармоону дароо токтотууга, өздөрүнүн бардык балык кармоокуралдарын промыселден алып салууга жана балык кармоого уруксат бергенорганга бул жөнүндө билдирүүгө; - Департаменттин кызматкерлерин балык кармоо куралдарын жана ыкма-ларын, ошондой эле промыселдик балык уулоону текшерүү үчүн балык карма-луучу жерге, балык кармоочу кемеге жана башка сүзүүчү курулмаларга,өндүрүштүк жайларга, балыкты кабыл алуу жана сатуу пункттарына, кампа-ларга, базаларга жана башка жерлерге тоскоолдуксуз киргизүүгө; - балык кармоо пункттарында эмгекти коргоо жана коопсуздук техни-касы боюнча журналдарды дайыма кармоого, балыкчылар менен балыкты про-мыселдик кармоону жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактообоюнча инструктаждын бардык түрлөрүн системалуу жүргүзүүгө; - Департаментке кармалган балыктардын өлчөмү жана балык запастарынкөбөйтүү боюнча белгиленген отчетторду өз убагында берүүгө; - балык промыселине бузук же катталбаган чакан өлчөмдөгү кемелер-дин, ошондой эле тулкусунда так жазылган борттук номери жок кемелердинчыгышына жол бербөөгө. 27. Балыкты промыселдик кармоону ишке ашыруучу балык кармоо брига-даларынын балыкчылары төмөнкүлөргө милдеттүү: - тиешелүү түрдө таризделген белгиленген формадагы билеттерин жа-нында алып жүрүүгө жана Департаменттин кызматкерлеринин биринчи талабыбоюнча көрсөтүүгө; - балык кармоо участкасында балык кармоонун белгиленген тартибинсактоого; - өзүнүн балык кармоо китепчесине промыселде бардык кармалган ба-лыкты өз учурунда каттоого жана аны балыкчылар кармаган балыкты кабылалууга жана эсепке алууга жооптуу балык кармоо пункту боюнча жооптууадамга милдеттүү түрдө берүүгө; - балык кармоо куралдарына түшкөн балыктарды бузбай жана үзүп ал-бай өз учурунда чыгарууну камсыз кылууга. 28. Балык промыселдик сезон аяктагандан кийин жана балыкты промы-селдик кармоого уруксаттын колдонулуу мөөнөтү аяктаганда балык чарбасубъекттери көлмөдөн бардык балык кармоо куралдарын алып салууга жанааларды чакан өлчөмдөгү кемелери менен бирге алар дайыма сакталуучу жер-лерге көлмөлөрдүн жана балык кармоо пункттарынын чегинен чыгарыпкетүүгө милдеттүү. 29. Бул Жобонун аткарылышын контролдоону Департамент жүргүзөт.