КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 27-майы № 246 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасында сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунажана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, каржылоо булагын анык-тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-майындагы № 246 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасында сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктунаылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын конституциялык
Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге кылган"Кыргыз Республикасында сот арачылары жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бел-гилейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 82-беренесине ылайык мый-замда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарысот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу экендигин эске алып,мыйзам долбоордун 1-беренесинин 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндо-ону сунуштайбыз: - "Кыргыз Республикасынын жарандары сот арачылары катары сот ади-леттигин жүргүзүүдө катышууга укуктуу.". Мыйзам долбоорунун 3-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону су-нуштайбыз: "3. Сот арачылары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинен,ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-ларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген КыргызРеспубликасынын эларалык келишимдеринен турат.". Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 3-пунктунуннегизинде, басмырлоонун кандайдыр бир формаларын болтурбоо максатындаберилген мыйзам долбоордун 5-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасын,9-беренесинин 2-пунктунун а) пунктчасын алып салуу зарыл деп эсептей-биз, 9-берененин 2-пунктунун б) пунктчасы а) пунктчасы болуп эсептелип,андан ары текст боюнча окулушу керек. Берилген мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктуна ылайык сотарачыларына талапкерлердин тизмеси Шайлоолор боюнча Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик системасынын маалыматтык ресурстарына кирген шайлоо-чулар жөнүндө жекече маалыматтын негизинде, жарандардын белгиленген са-нын кокус тандап алуу жолу менен райондук (шаардык) мамлекеттик адми-нистрациялар тарабынан түзүлөт. Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасында Шайлоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Кодексинин 21-беренесинин 4-пунктунда шайлоочулардынтизмесин түзүүнү, шайлоолор дайындалган учурдан тартып катталган шайло-очулар жөнүндө маалыматтарды түзүүнү жана тактоону жергиликтүү аткаруубийлигинин органдары камсыз кылышаары белгиленген. Ошентип сот арачыларына талапкерлердин тизмесин түзүү техникалыкфункция болуп эсептелери келип чыгат, ал кошумча чыгымдарды талап кыл-байт, ушуга байланыштуу берилген мыйзам долбоорунун 7-беренесинин14-пунктун алып салууну сунуштайбыз. Ошондой эле мыйзам долбоорунун 12-беренесине төмөнкүдөйөзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: " 1. Иштебеген сот арачыларына сотто алар милдеттерин аткарган арбир күн үчүн Кызматтык ишсапарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйза-мында белгиленген өлчөмдө суткалык акча төлөнөт. Мамлекеттик мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда иштеген сот арачы-ларына сотто алар милдеттерин аткарган учурда алардын туруктуу иштегенорду боюнча орточо эмгек маянасы сакталат."; - 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын чегинде командировкага чыгуудасоттор үчүн белгиленген" деген сөздөр "кызматтык ишсапарлар жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөр мененалмаштырылсын. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктунда "2-бөлүгү менен" де-ген сөздөр жана сан "2 жана 3-пункттар менен" деген сөздөргө жана сан-дарга алмаштырылсын. Долбоордун 9-беренесинин экинчи абзацында "2-бөлүгүндө" дегенсөздөр жана сан "2 жана 3-пункттарында" деген сөздөр жана сандар мененалмаштырылсын. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндөжана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын көњүлгө алып, мыйзам долбоордун 9-беренесинин тогузунчу абза-цында "соттук приставдар кызматы" деген сөздөрдү "соттук аткаруучулар"деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын сотторунда сот арачыларын түзүү үчүн рес-публикалык бюджеттен кошумча 175,5 млн.сом талап кылынарын, анын ичинен134,6 млн.сом сот арачыларын сыйлоо үчүн гана, Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фондуна взноско - 25,5 млн.сом, ишсапарлар чыгымдарына - 5,3млн.сом, сот арачыларынын залдарын жабдууга - 10,1 млн. сом керектеле-рин белгилөө керек. Азыркы учурда бюджет тартыш болуп жатканда, бюджеттик каражаттарчектелген шартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзам долбоорункабыл алуу азырынча эрте деп эсептейт.