Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 104 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу ЭРЕЖЕЛЕРИ 1. Бул Эрежелер "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгилеген милдеттерди атка-рышкан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерининКыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын курал-жарактарына киргенатайын каражаттарды колдонуу тартибин белгилейт. 2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлериатайын каражаттарды "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыжөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кар-малган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" жана"Жарандардын митингдерди жана демонстрацияларды жайынча, куралсыз,ээн-эркин өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-ган учурларда гана колдонууга акылуу. 3. Атайын каражаттарды колдонууга Кыргыз Республикасынын Ички иш-тер министри белгилеген тартипте тиешелүү атайын даярдыктан өтүшкөн жа-на атайын каражаттарды колдонуу менен байланышкан кырдаалдардагы ара-кеттерге кесиптик жарактуулугу текшерилген Кыргыз Республикасынын ичкииштер органдарынын кызматкерлери гана укуктуу. Аларды колдонуу эрежелери боюнча зачет тапшырбаган Кыргыз Респуб-ликасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине атайын каражаттардыколдонууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин ата-йын каражаттарды колдонуу менен байланышкан кырдаалдардагы аракеттергекесиптик жарактуулугун жыл сайын текшерүүнү уюштурууга жеке жоопкерчи-лик Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тиешелүү жетекчиле-рине жүктөлөт. 4. Атайын каражаттарды колдонууда Кыргыз Республикасынын ички иш-тер органдарынын кызматкерлери аларды эксплуатациялоо эрежелерин атка-рууга милдеттүү. 5. Сактоонун гарантиялык мөөнөтү өтүп кеткен техникалык жактан бу-зук атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. 6. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчилери ата-йын каражаттарды колдонууда жеке курам тарабынан мыйзамдуулукту сактообоюнча иш алып барууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык атайын каражаттарды колдонууну уюштурган жана мыйзамсыз колдону-уга жол берген адамдарды жоопко тартууга жеке жоопкерчилик тартышат. 7. Атайын каражаттарды колдонууда Кыргыз Республикасынын ички иш-тер органдарынын кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын ички иштер ор-гандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясын жетек-чиликке алууга милдеттүү. Ири масштабдагы операцияларда атайын каражаттарды колдонууда меди-циналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-рынын медицина бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана анда иштегендер, ошондойэле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кат жүзүндө кайрылу-усу боюнча башка медициналык мекемелердин кызматкерлери да ишке тарты-лышы керек. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери опе-рация аяктагандан кийин жапа чеккендерди табуу, иштебей калып калганатайын каражаттарды жыйнап алуу же жок кылуу, күйүп бүтпөй калган оттуночогун жана бузулган турмуш-тиричилик объекттердин жана башка объект-терди аныктоо, ошондой эле башка терс натыйжаларды табуу жана четтетүүмаксатында имарат жайларды жана аймакты карап чыгууга милдеттүү. Атайын каражаттарды колдонуу менен байланыштуу адам жарадар болгонже өлгөн учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат-керлери атайын каражаттарды колдонуу мезгилинен тартып 24 сааттын ичин-де ал тууралуу прокурорго билдирүүгө милдеттүү. 8. Ушул Эрежелерди бузуу менен атайын каражаттарды колдонуу КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга алыпкелет.