Бишкек шаары2007-жылдын 14-августу Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жана колдонууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди андан ары чыњдоожана өнүктүрүү максатында, Бириккен Улуттар Уюму иштеп чыккан принциптерди жана максаттарды,Бањги каражаттар жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенцияны 1972-жылда-гы Протоколдун өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен, Психотроптук зат-тар жөнүндө 1971-жылдагы конвенцияны, Бањги каражаттарды жана психот-роптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө 1988-жылдагыконвенцияны жетекчиликке алып, эларалык укуктун принциптерине, эларалык келишимдер боюнча кабылалынган милдеттенмелерге негизденип, өз мамлекеттеринде колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана эрежелердисактап, эгемендикти, тењдештикти жана өзара пайдалуу өнөктөштүктү өзараурматтоонун негизинде, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучусу бо-луп саналган эларалык келишимдердин жоболоруна ылайык бањги каражатта-рын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө жа-на кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу жана болтурбоодо, ошондойэле бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга көзкаранды болгонадамдарды дарылоодо жана реабилитациялоодо кызматташат. 2-статья. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучусу бо-луп саналган эларалык келишимдердин жоболоруна ылайык бањги каражатта-рын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кыянаттык менен пайдала-нууну болтурбоо боюнча, ошондой эле бањги каражаттарына жана психотроп-тук заттарга көзкаранды болгон адамдарды дарылоо жана реабилитациялообоюнча макулдашылган саясатты жана пландарды жүзөгө ашырууга күч-аракетжумшашат. 3-статья. Тараптардын компетенттүү органдары зарыл болгон учурда төмөнкү ма-алыматтарды алмашышат: 1. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүү фактыларын же аракеттерди табуу жөнүндө. 2. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордуташып өтүүдө аларды мыйзамсыз жүгүртүүнү жашырып коюу ыкмалары, ошондойэле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди табуунун жана болтурбоонуныкмалары жөнүндө. 3. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштуу топторду аныктоо, ошондойэле алар жүргөн туруктуу маршруттарды табуу жөнүндө. 4. Ар бир Тарап үчүн өзара кызыкчылык туудурган мамлекеттик жанабашка мыйзам менен корголуучу сырдан турган маалыматтан тышкары башкамаалыматтарды. 4-статья. Тараптар бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсор-лорду мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүнүн жолуна бөгөт коюу боюнча че-немдик укуктук актыларды, макалаларды, илимий-усулдук маалыматтарды,ошондой эле мыйзамдарды жана төмөнкү маселелер боюнча тажрыйбаларды ал-машат: 1. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү тергөө, табуу жана бөгөт коюу. 2. Бањги каражаттарга жана психотроптук заттарга көзкаранды болгонадамдарды дарылоо жана реабилитациялоо. 5-статья. Тараптардын жана алардын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү ушулМакулдашуунун чегинде натыйжалуу кызматташууну жогорулатуу максатында: 1. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кесиптик дењгээлинжогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн адистерди жана стажерлордужибере алышат. 2. Бањгилик маселеси жагында иштеген мекемелер менен уюмдардын ишименен таанышуу иш тажрыйбасын өзара иликтөө үчүн жумушчу жолугушуулардыөткөрүп, делегацияларды алмаша алат. 3. Укук колдонуу тажрыйбасын биргелешип иликтеп жана өткөрүп, иш-чараларды даярдап жана өткөрүп, анын ичинде бањги каражаттарды, психот-роптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бирге-лешкен программаларды иштеп чыгып, ошондой эле бул жагында кызматташуу-нун ченемдик укуктук базасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыга алат. 6-статья. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарынын чегинде бањги заттардыжана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды табуу,ошондой эле аларды жазыктык куугунтуктоого алуу максатында аларды конт-роль алдында берүүнүн өзара алгылыктуу макулдашуулардын негизиндеги ык-маларын талаптагыдай пайдаланууну караган зарыл чараларды кабыл алат. 7-статья. Тараптар эларалык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунунбањги заттар жана кылмыштар боюнча Башкармасы, Шанхай кызматташтык ую-му, Интерпол жана Эларалык бажы уюму аркылуу бањги каражаттарды, пси-хотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн жанажүгүртүүнүн жолун тосуу боюнча кызматташтыкты кењейтүү жана күчөтүүмүмкүнчүлүктөрүн карай алат. 8-статья. Бул Макулдашууну аткаруу максатында, Тараптар натыйжалуу кызматта-шуунун камсыздандыруу үчүн компетенттүү ведомстволордун ортосунда түзбайланыш каналын аныкташат. Бањги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мый-замсыз жүгүртүүгө жана кыянаттык кылууга тиешелүү маалыматтар, ошондойэле аларга байланышкан архивдик материалдар жазуу жүзүндө гана бе-рилүүгө тийиш. 9-статья. Тараптардын ар бири эгерде, аларды ачыкка чыгаруу алгылыксыз депэсептелинсе, экинчи Тарапка берилип жаткан маалыматтар менен материал-дардын купуялыгын камсыз кылат. Ушул Макулдашууга ылайык берилген маалыматтар, сандык маалыматтар,материалдар, техникалык каражаттар үчүнчү Тарапка экинчи Тараптын ма-кулдугусуз берилиши мүмкүн эмес. 10-статья. Ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн Тараптардын компе-тенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдукагенттиги; кытай Тараптан - Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук ми-нистрлиги. 11-статья. Тараптардын компетенттүү органдарынын уруксатына ылайык компе-тенттүү ведомстволордун алдындагы провинциялык (облустук) органдар ушулМакулдашуунун негизинде ачык-айкын кызматташтык жүргүзө алышат. 12-статья. Ушул Макулдашууга Тараптардын өзара макулдашуусу менен өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажыралгысбөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделет. 13-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ичкимамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркыбилдирме алынган күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою колдону-лат. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушунун кезекте-ги мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай калганда экинчи Тарапкаанын колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдир-бесе, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө шыдыр эле узартылат. Бишкек шаарында 2007-жылдын 14-августунда бирдей маанидеги эки түпнускада кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөкайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылыкберилет. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн