КР Өкмөтүнүн2015-жылдын 10-августундагы N 564
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-майы № 250 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспор-ттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"
Жарлы-гына ылайык, ошондой эле экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүүжана ишкердиктин субъекттери тарабынан берилүүчү документтердин тизме-син кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин талаптарын ишке ашыруубоюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын28-декабрындагы N 961
токтому менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынБажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражатта-рын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча
нускамагатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - 3-пункттун экинчи абзацында "жана жањы календардык жыл келгендежањыланышы керек. Өзгөртүүлөргө учураган маалыматтар гана жањылануугатийиш." деген сөздөр алып салынсын. - 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу маалымат түзүү үчүн тышкыэкономикалык иштин катышуучусу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыганбелгиленген үлгүдөгү билдирмени бажы органына берет (№ 10 тиркеме).Тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык билдирмеде камтылуучу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүнжоопкерчилик тартат. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарда өзгөртүүлөрпайда болгон учурда тышкы экономикалык иштин катышуучусу жањыланган ма-алыматтар менен билдирмени 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен бажы органы-на берет. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтар тышкы экономикалык иштинкатышуучусу тарабынан документтердин түп нускасын берүү менен ырасталы-шы мүмкүн .". - 7.2-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - ушул токтомдун тиркемесине ылайык № 10 тиркеме менен толуктал-сын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети өзүнүн чечим-дерин ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн тартыпкүчүнө кирет. Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 250 токтомуна тиркеме "№ 10 тиркеме ___________________________________ Бажы органынын аталышы Юридикалык жактар үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме Аталышы___________________________________________________________ Жактын юридикалык статусун аныктаган документ ________________________________________________________(*) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо- дон өткөндүгү тууралуу маалымат _______________________________________________________________(*) (күбөлүктүн №, күнү) Салык төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери _____________(*) Маалымдаректер __________________________________________тел.____________________ Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик жүргүзүү боюнча укуктукмүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар ______________________________________________________________(**) (*) - Билдирмеге маалыматтарды камтыган документтердинкүбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет. (**) - чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү тарабы-нан толтурулат. Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О. __________________________(жетекчинин аты-жөнү, колу) ___________________________________ Бажы органынын аталышы Жеке адамдар үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу тууралуу маалыматтарды түзүүгө билдирме Аты-жөн___________________________________________________________ Паспорт___________________________________________________(*) (**) (сериясы, №, ким тарабынан берилген, күнү) Социалдык камсыздандыруу органдары берүүчү жеке идентификациялыкномер______________________________________________________________(**) Жашаган жери _________________________________ тел.___________ Ыктыярдуу билдирилүүчү башка маалыматтар__________________________ __________________________________________________________________ (*) - Чет өлкөлүк адам дипломаттык паспорт, чет өлкөлүк адамдарүчүн аккредитациялык карточка жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигинин же ыйгарым укуктуу органдын тастык-каты тууралуу маалы-маттар көрсөтүлөт. (**) - Табыштамага маалыматтарды камтыган документтердинкүбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелет. Маалыматтардын тууралыгын ырастайм М.О. ________________________________ (Жетекчинин аты-жөнү, колу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов