Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-майы № 254 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Аксуу районунун аймагынан жер участкаларын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,384-статьяларына, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл облусунун Аксуу районунунаймагынан 163 га жерди "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилигичектелген коомуна "Лесистый" участогундагы "Трудовое" калай-вольфрамкенин иштетүүгө 17 жылдык мөөнөткө жер казынасын пайдаланууга ижара ке-лишими шартында берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "СарыжазМинерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунунКыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Аксуу районунун мамлекеттикадминистрациясы менен жер участокторго жер салыгынын ставкасынын өлчө-мүнө карата 2 (эки) коэффициентин колдонуу менен Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүсүн; - "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коому-на бөлүнүүчү жер участогунда экологиялык жана техникалык коопсуздук,жер казыналарын коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутунду чы-гаруу менен тиешелүү документтердин долбоорлорун белгиленген тартиптеиштеп чыгууну камсыздоону милдеттендирсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри К.Чудинов