Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-майы № 256 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Атамекендик спортту колдоо жана республикалык маанидеги объекттер-ди мамлекеттик менчикке кайта берүү, ошондой эле аларды андан ары пай-даланууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана КыргызРеспубликасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынынструктурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын30-июнундагы № 369 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтомго № 2 тиркемеде "СБӨОМ - адм. имараты,окутуучу-машыгуучу базасы, спорттук-чыњдоочу комплекси" жана "СБӨАБМ -адм. имараты, спорттук залдар" деген позициялар алып салынсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов