Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-июну № 261 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын түзүлгөн күнүнүн 140 жылдыгына жана Лейлек районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына, Жалалабат облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын түзүлгөнкүнүнүн 140 жылдыгына, Лейлек районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына,Жалалабат облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун түзүлгөн күнүнүн 80жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынынтүзүлгөн күнүнүн 140 жылдыгына, Лейлек районунун түзүлгөн күнүнүн 80жылдыгына, Жалалабат облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун түзүлгөнкүнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2008-жылдын ок-тябрында өткөрүү жөнүндө Баткен жана Жалалабат облустарынын мамлекеттикадминистрацияларынын сунуштары жактырылсын. 2. Баткен жана Жалалабат облустарынын мамлекеттик администрацияла-рына төмөнкүлөр сунушталсын: - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынынтүзүлгөн күнүнүн 140 жылдыгына, Лейлек районунун түзүлгөн күнүнүн 80жылдыгына, Жалалабат облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун түзүлгөнкүнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнчауюштуруу комитеттеринин курамдарын жана Иш-чаралар планын Сүлүктү шаар-дык, Лейлек, Ноокен жана Аксы райондук кењештеринин сессияларында бе-китүү; - юбилейлик иш-чараларды каржылоону жергиликтүү бюджеттердин ре-зервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен жүргүзүү. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор Баткен жана Жалалабат облустарынын мамлекеттик администрацияларыменен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктүшаарынын түзүлгөн күнүнүн 140 жылдыгына, Лейлек районунун түзүлгөнкүнүнүн 80 жылдыгына, Жалалабат облусунун Ноокен жана Аксы райондорунунтүзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жанаөткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн. Премьер-министри И.Чудинов