Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-июну № 263 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин талаптарын ишке ашыруучаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын17-мартындагы № 142
токтому менен бекитилген Салыктык администрациялообоюнча
нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 62-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамда карама-каршылыктар болгонучурда, салык кызматынын органдары жана (же) сот органдары салыктөлөөчүнүн пайдасына ошол карама-каршылыктар боюнча чечим кабыл алышат.Салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдагы карама-каршылыктар деп би-ри-бирине карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушутүшүнүлөт, алар салык төлөөчүгө салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдакаралган өзүнүн милдеттерин бир жактуу аныктоого жана (же) аткаруугамүмкүндүк бербейт."; үчүнчү абзац төртүнчү абзац деп эсептелсин. 2. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министри И.Чудинов