Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 6-июну № 271 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык кењешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Соку-лук районундагы Орок айылдык кењешинин аймагында жайгашкан жана КыргызРеспубликасынын жарандары С.К.Куренкеевге - 4,0 га жана Р.Б.Шакировго4,2 га жеке менчик укугунда таандык 8,2 га кайрак айдоону "Айыл чарбабагытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, кор-гонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушукабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толту-руунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынынжогоруда аталган жарандарынын төлөшүн камсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов