Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 6-июну № 276 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелин-де Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмө-түнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелиндеБишкек шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги армян тарапка атал-ган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн. 4-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев