КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-июну № 281 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Калктын жашоо-турмуш дењгээлин иликтөө үчүн жүргүзүлүүчү изилдөө-лөрдүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы №25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө"
токтомуна тө-мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - 2-пунктунда: үчүнчү абзацындагы "80 сом" деген цифралар жана сөз "180 сом" де-ген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- интервьюерлерге өргүү берилгенде ден соолугун чыњдоого эмгекакынын эки айлык фондунун өлчөмүндө пособие төлөнөт;"; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- календарлык жылдын аягында интервьюерлерге эмгек акынын орточоайлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.". 2. Каржылоо учурдагы финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Улут-тук статистика комитетинин чыгымдарынын бекитилген сметасынын чегиндебелгиленсин. 3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Премьер-министри И.Чудинов