Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 787 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-июну № 293 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы №333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш система-сын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын атка-руунун жүрүшү жана администрациялык реформаны терењдетүү боюнча чаралартууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы№ 468 токтомуна ылайык, администрациялык реформаларды терењдетүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигининмаселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-ап-релиндеги № 125 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: аталган токтом менен бекитилген башкаруу схемасында: "Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү боюнча аймак-тык башкармалыгы" деген позиция төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктары"; "Облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттары" деген по-зиция төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттары, билим берүүнүнусулдук борборлору (окутуу-усулдук кабинеттер).". 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушултоктомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн. Премьер-министри И.Чудинов