Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-июну № 296 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Тамеки буюмдарына акциздик салыкты администрациялоону жакшыртуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкала-рын кайра кароо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын1-апрелиндеги № 150
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү жана Кыргыз Рес-публикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактар тарабынан өндүрүлүү-чү тамеки буюмдарынын категориялары жана маркалары жөнүндө"; - баш сөзү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына жана "Юри-дикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына алынып кели-нүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2006-жылгаставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 2-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:"; - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү жана КыргызРеспубликасынын аймагында юридикалык жана жеке жактар тарабынан өндүрү-лүүчү тамеки буюмдарынын категориялары тиркемеге ылайык белгиленсин."; - 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде: "Акциздик салыктын ставкалары" графасы алып салынсын; "Кыргызстандын рыногундагы чылымдардын маркалары" графасында: - II категория "Viceroy lights" деген сөздөрдөн кийин ", Classic(Gold), Freedom (lights)" деген сөздөр менен толукталсын; - III категория "Super lights/Mentol" деген сөздөрдөн кийин ",Mond (Super Slim Ultra lights), Mirage (lights)" деген сөздөр менен то-лукталсын; - IV категория "Femina Slim Size white" деген сөздөрдөн кийин ",Clamour (3), West Special Edition (Silver), West Special Edition (Red),Style Rose (Superlights), Style Blue (Lights)" деген сөздөр менен то-лукталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 16-күнү күчүнө ки-рет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов