Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-июну № 299 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин бажы чегаралары аркылуу электр энергияны өткөрүүдө бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Көз каран-дысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин бажы чегараларыаркылуу электр энергияны өткөрүүдө бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүүжөнүндө макулдашуунун 9-статьясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболор-ду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерижөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Көз ка-рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин бажы чегарала-ры аркылуу электр энергияны өткөрүүдө бажы жол-жоболорун шайкеш келти-рүү жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулда-шуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3. Бул Макулдашууну аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болупКыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары минист-рлиги белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, "Электрстанциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционер-дик коомдору ушул Макулдашууну жетекчиликке алышсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Премьер-министри И.Чудинов