Загрузка документа…
Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү (мындаары - Бирдиктүү реестр) жана Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарды берүү тартибин аныктайт.
2. Бирдиктүү реестрди жүргүзүү техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары-ТЖУО) тарабынан ишке ашырылат.
3. Сведения о выданных сертификатах соответствия на продукцию, прошедшую обязательное подтверждение соответствия, формируются аккредитованными органами по сертификации, сведения о зарегистрированных декларациях о соответствии на продукцию, прошедшую обязательное подтверждение соответствия, формируются государственным органом по обеспечению надзора в сфере санитарно-эпидемиологического благополучия населения и/или аккредитованными органами по сертификации (далее - регистрирующие органы).
(В редакции постановления Правительства КР от 2 декабря 2015 года № 815)
4. Бирдиктүү реестрди жүргүзүү каттоочу органдар ага берген ТЖУО тарабынан шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды чогултууну жана бул маалыматтарды Бирдиктүү реестрге киргизүүнү, аларды сактоону, системалаштырууну жана актуалдаштырууну өзүнө камтыйт. Ушул маалыматтар системалаштырылган маалыматтарды түзүү жана Кыргыз Республикасында шайкештикти тастыктоо боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл.
5. Бирдиктүү реестрге берилген шайкештик сертификаттары жана/же коргонуу продукциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды түзгөн же корголуучу болуп эсептелген маалыматтарды коргоо максатында пайдаланылган продукцияга шайкештик жөнүндө катталган декларациялар тууралуу маалыматтар берилбейт жана киргизилбейт.
6. Берилген шайкештик сертификаттары каттоочу органдын Реестрине каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү формасы боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан катталгандан кийин 3 күндүн ичинде ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартынын № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген формалар боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана/же катталган декларациялар жөнүндө маалыматтар электрондук жазуу түрүндө Бирдиктүү реестрге киргизилет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) арыз берүүчүнүн же декларанттын аталышын жана турган жерин ОКПОнун кодун (бар болсо);
б) продукцияны чыгаруучунун жана продукт чыккан өлкөнүн аталышын жана турган жерин;
в) ыйгарылган аккредитациялоо аттестатына ылайык каттоочу органдын кодун;
г) идентификациялоого өбөлгө түзүүчү сертификациялануучу объект жөнүндө маалыматты (продукциянын аталышы, тиби, маркасы, сорту, продукциянын ТЭИ ТН коду, өндүрүштүн тиби, продукциянын саны (партия үчүн), ченөө бирдиги, товарды коштоочу документтер);
д) шайкештик сертификациялоо жүргүзүлгөн техникалык регламенттердин же башка нормативдик укуктук актынын жана/же стандарттын аталышын;
е) продукциянын шайкештигин тастыктоо максатында жүргүзүлгөн сыноолор жөнүндө маалыматты (сыноо лабораториясынын аталышы, сыноо протоколунун номери жана күнү);
ж) шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын каттоо номери, аларды каттоо күнү, колдонулуу мөөнөтү, шайкештикти сертификаттоонун же шайкештик жөнүндө декларациялоонун схемасы (чет өлкөлүк сертификат же декларация ырасталган учурда схеманын ордуна "ырастоону" көрсөтүү), шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаты таризделген бланктын эсептик номерин;
з) шайкештикти милдеттүү тастыктоонун формасы:
02 - милдеттүү сертификаттоо;
и) шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун убактылуу токтото туруунун же токтотуунун күнүн жана себептерин;
к) шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана/же катталган декларациялардын убактылуу токтотулушун жандандыруу күнүн жана себептерин;
л) каттоочу органдар тарабынан шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаттарын берүүдөн жана/же декларацияларды каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматтарды;
м) аткаруучуну (эксперт).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
8-1. Кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация тууралуу маалымат электрондук жазуу түрүндө бирдиктүү реестрге киргизилет, анда төмөнкүлөр камтылат:
- шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган уюмдун аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү;
- продукциянын түрү;
- партиядагы бирдиктердин саны (массасы) же өндүрүүнүн тиби;
- шайкештиги ага ылайык жүргүзүлгөн нормативдик укуктук актынын же стандарттын аталышы;
- шайкештик жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ТЖУОго Кыргыз аккредитация борбору жарым жылда бир жолу шайкештикти тастыктоо боюнча аккредиттелген органдар жөнүндө маалыматтарды берет.
10. Бирдиктүү реестрди жүргүзүү ага мыйзамсыз кирүүнү алдын алууну камсыздоочу шарттарда ишке ашырылат.
11. ТЖУОго маалыматтарды бербөө жана/же маалыматтарды өз учурунда бербөө үчүн, Реестрди жүргүзүүдө тартип бузуулар үчүн каттоочу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Бирдиктүү реестрди жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо ТЖУОнун бюджетинде каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
13. Шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар жөнүндө расмий маалыматтар Бирдиктүү реестрде камтылган маалымат болуп эсептелет.
14. Бирдиктүү реестрде камтылган шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу маалыматтар ТЖУО тарабынан мамлекеттик бийликтин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле негиздүү учурларда - айрым юридикалык жана жеке жактарга, алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча берилет.
15. Бирдиктүү реестрде камтылган шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын, ошондой эле жеке адамдардын кызыкчылыгына карата зыян келтирүү менен колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
16. ТЖУО өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
а) Бирдиктүү реестрди электрондук түрдө жүргүзөт жана шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды Бирдиктүү реестрге өз учурунда киргизүүнү камсыз кылат;
б) Бирдиктүү реестрдин түзүмүн ага карата талаптардын өзгөрүшүнө ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте актуалдаштырууну ишке ашырат;
в) Бирдиктүү реестрдин резервдик көчүрмөсүн түзөт;
г) Бирдиктүү реестрге мыйзамсыз кирүүдөн коргоону ишке ашырат;
д) Бирдиктүү реестрге талдоо жүргүзөт, каттоочу орган тарабынан тартип бузуулар аныкталган учурда талдоонун жыйынтыктарын ушул Жобонун талаптарын бузган каттоочу органга жиберет. Эгерде каттоочу орган белгиленген мөөнөттөрдө тартип бузууларды жойбосо, анда маалымат Кыргыз аккредитациялоо борборуна же башка органдарга чара көрүү үчүн жиберилет;
е) колдонулушу токтотулган шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды Бирдиктүү реестрдин архивдик бөлүгүнө которот;
ж) Бирдиктүү реестрдин архивдик бөлүгүн сактоо мөөнөтү 5 жыл.
17. Каттоочу органдар:
а) шайкештик жөнүндө берилген сертификаттарынын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт;
б) Реестрди жүргүзгөн адамдар Реестрдин жүргүзүү жана шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарына жана катталган декларацияларга каттоо номерлерин берүүдө тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
в) ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар жана катталган декларациялар тууралуу, аракеттерди жандандыруу жөнүндө, белгиленген форма боюнча (1-тиркеме) шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаттарды берүүдөн баш тартуу учурлары тууралуу (ага карата факты бар болсо) маалыматтарды ТЖУОго берет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Каттоо эрежелери жана шайкештик сертификатын каттоо номерин түзүүнүн структурасы:
а) шайкештик сертификаттарына N 2 тиркемесине ылайык шайкештик сертификаты жана шайкештиги жөнүндө декларациянын каттоо номерин түзүүнүн структурасына ылайык каттоонун номерлери берилүүсү керек;
б) каттоочу органда шайкештик сертификатына берилген каттоо номерлеринин кайталанышына (бирдей эки номер берүүгө) жол берилбейт;
в) шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттардын жана катталган каттоо номери беш орундуу сандан турушу керек. Каттоо номерлерин берүү шайкештикти тастыктоочу орган тарабынан аккредитациялоо аттестатын алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого N 1 тиркеме |
Шайкештик жөнүндө берилген шайкештик сертификаттар тууралуу маалыматтарды каттоочу органдар тарабынан бирдиктүү реестрге берүүнүн ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайкештик жөнүндө шайкештик сертификатынын же декларациянын каттоо номери | Шайкештик жөнүндө шайкештик сертификатынын бланкасынын каттоо номери | Берилген күнү | Колдонуу мөөнөтү | каттоочу органдын коду | Арыз берүүчүнүн/ декларанттын аталышы, ОКПО коду | Арыз берүүчүнүн/ декларанттын дареги | Продукция- нын ТЭИ ТН боюнча коду | Продукциянын аталышы тиби, маркасы, сорту | Продукт өндүрүлгөн өлкө | Өндүрүүчү- фирма |
Шайкештикти сертификаттоо/ декларациялоо схемасы | Өндүрүштүн тиби | Продукциянын саны | Ченөө бирдиги | Товарды коштоочу документтер | Шайкештикти тастыктоонун формасы | Жүргүзүлгөн сыноолор жөнүндө маалымат | Нормативдик документтин аталышы | Шайкештик жөнүндө шайкештик сертификатынын/ декларациянын колдонулушунун токтото туруунун же токтотуунун күнү жана себеби | Шайкештик жөнүндө колдонулушу убактылуу токтотулган шайкештик сертификатын/ декларацияны жандандыруунун күнү жана себеби |
Шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаттарын жана/же декларацияларды берүүдөн/каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматтар | Аткаруучу (эксперт) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого N 2 тиркеме |
Шайкештик сертификатынын каттоо номерин түзүүнүн СТРУКТУРАСЫ
KG417/ | xxx. | xx. | xx. | xxxxx(*) |
|
|
|
| Шайкештик сертификатынын каттоо номери |
|
|
|
|
|
|
|
| Шайкештикти тастыктоонун формасы | |
|
|
|
| |
|
| ИСО 3166-1:1997 (4-тиркеме) боюнча сертификациялануучу продукцияны өндүрүүчү өлкөнүн коду | ||
|
|
| ||
| каттоочу органдын каттоо номери | |||
|
| |||
ИСО 3166-1:1997 боюнча Кыргызстандын коду | ||||
1-мисал: KG 417/019.DE.02.00325
мында:
KG 417 - ИСО 3166-1:1997 боюнча Кыргызстандын коду;
019 - каттоочу органдын шайкештикти тастыктоо боюнча аккредиттелген органдын реестриндеги каттоо номери;
DE - Германия - ИСО 3166-1:1997 боюнча сертификациялануучу продукцияны өндүрүүчү өлкөнүн коду;
02 - милдеттүү сертификациялоо;
00325 - шайкештик сертификатынын каттоо номери.
(*) - шайкештик сертификатын чакан партияга тариздөөдө шайкештик сертификатынын каттоо номеринен кийин "М" тамгасы коюлат.
Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын
|
| Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого N 3 тиркеме |
Шайкештик жөнүндө декларациянын каттоо номерин түзүүнүн СТРУКТУРАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы N 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ