Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 484 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 283 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин" администрациялоо жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 1.2. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебинде" топтолгон ыктыярдуу каражаттарды жана төгүмдөрдү адми- нистрациялоонун тартибин жөнгө салат. II. Ушул жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр 2.1. "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсе- би" (мындан ары - Эсеп) - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн ыктыярдуу каражаттарды жана төгүмдөрдү топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган улуттук жана чет өлкөлүк валю- тадагы атайын эсеби. 2.2. Байкоочу кењеш - коомдук негизде түзүлгөн "Кыргыз Республика- сынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебиндеги" каражаттарды пайдала- нуу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу координациялык орган. III. Эсептин каражаттарын түзүүнүн булактары 3.1. Эсепти түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат: - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместеринин, юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу каражаттары жана төгүмдөрү; - Эсептин максатына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөр. 3.2. Эсептин каражаты максаттуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республика- сынын тышкы карызын тындырууга гана багытталат. 3.3. Эсепке акча каражаттардын түшүүсү улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда накталай жана накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. IV. Эсепти башкаруу 4.1. Эсептин акча каражаттарын эсепке алуу жана контролдоо Байкоо- чу кењеш тарабынан жүргүзүлөт. 4.2. Байкоочу кењештин чечимдерин аткаруу жана Эсеп боюнча опера- цияларды, эсеп-кысапты жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча аткаруучу ор- ган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналат. 4.3. Байкоочу кењештин чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасы- нын Финансы министрлиги: - Эсептин каражатын которуу боюнча төлөм документтерин тариздейт; - Байкоочу кењештин чечимдерин аткаруу үчүн текшерүүлөрдү жана башка иш-чараларды жүргүзөт; - Эсептеги акча каражатынын эсеп-кысабын жүргүзөт жана Эсептин ка- ражатынын пайдаланылышы жөнүндө отчет түзөт. 4.4. Эсептеги каражаттардын пайдаланышынын ачык-айкындуулугун кам- сыздоо максатында алардын учурдагы абалы жөнүндө маалымат ачык болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интер- нет-сайтында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жыл сайын жарыяланууга тийиш. 4.5. Эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудит жүргүзүлөт. V. Байкоочу кењеш 5.1. Байкоочу кењеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын норматив- дик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 5.2. Байкоочу кењеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тара- бынан дайындалуучу 9 мүчөдөн турат. 5.3. Байкоочу кењештин курамына бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүк эмес, коммерция- лык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. 5.4. Байкоочу кењештин төрагасы жана анын орун басары Байкоочу кењештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен 1 жылдык мөөнөткө шайланат. 5.5. Байкоочу кењеш Эсептеги акча каражаттардын кыймылы жана кал- дыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин отчетун угуу үчүн кварталына 1 жолудан кем эмес жыйын өткөрөт. Эсептеги акча кара- жаттардын кыймылы, аларды которуу жөнүндө чечимдер протоколдор же че- чимдер түрүндө таризделет. 5.6. Байкоочу кењештин отуруму анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эме- си катышкан учурда укуктуу болот. Байкоочу кењештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин орун басары аткарат. 5.7. Маселелерди талкуулоо ачык формада жүргүзүлөт. Чечимдер Бай- коочу кењештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.