Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 19-июну № 320 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Борбордук Азиянын Региондук тоо борбору жөнүндө Субрегион өлкөлөрдүн окумуштууларынын жана адистеринин иштерин ко-ординациялоо, күчтөрүн бириктирүү, Борбордук Азиянын тоолуу экосистема-ларын өнүктүрүү тармагында маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн эл аралыкинвестицияларды тартуу максатында, Аралды сактоо эл аралык фондунунБорбордук Азия өлкөлөрүн туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралыккомиссиясынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 1 жана 2007-жылдын 21-июнун-дагы № 2 чечимдерин көњүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Эл аралык уюмдун статусун берүү менен Борбордук Азиянын Регион-дук тоо борбору (мындан ары - БА РТБ) түзүлсүн. 2. БА РТБнын ишин каржылоо эл аралык уюмдардын, донор-өлкөлөрдүнтартылган каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршыкелбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана то-кой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте БА РТБны Бишкекшаары, Токтогул көчөсү, 228, дареги боюнча жайгашкан имаратка коммунал-дык кызматтарга төлөө боюнча чыгымдарды БА РТБга жүктөө менен жайгаш-тырсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик: - БА РТБнын Уставын бекитсин; - БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Азия-Тынч оке-андык региондук офисинин финансылык колдоосу менен БА РТБнын офисиначууну уюштурууну камсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги БА РТБны Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттасын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов