Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 24-июну № 328 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын түшүмүн жыйноого даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылы жазгы-талаа иштери жанажазгы өсүмдүктөрдү себүү 2007-жылга салыштырмалуу уюшкандыкта жана оп-тималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө өткөрүлгөндүгүн белгилейт. "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товарөндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына ылайыкреспубликанын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жазгы-талаа иштеринжүргүзүүгө жана 2008-жылдын жазгы себүүсүн уюшкандыкта өткөрүүгө прак-тикалык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан350,0 млн. сом бөлүнгөн. Дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 20,0 млн. сомго, анын ичинде 325 тоннасуперэлита жана элита үрөнү, анын ичинен буудай - 285 тонна, арпа -40,0 тонна сатып алынган. Жазгы буудайдын 636 тонна үрөнү, анын ичиндебиринчи репродукциядагы - 248 тонна, экинчи репродукциядагы - 388 тоннажана 44 тонна жазгы арпа үрөнү, анын ичинен биринчи репродукциядагы -12 тонна, экинчи репродукциядагы - 10 тонна, үчүнчү репродукциядагы -22 тонна сатып алынган жана республиканын облустары боюнчабөлүштүрүлгөн. 30 млн. сомго 3685 тонна минералдык жер семирткичтер (аммиак се-литрасы) сатып алынган, алар 1 кг. үчүн түштүк региондо - 7,80 сом,түндүк региондо - 8,40 сом баасы боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргөтовардык кредит түрүндө берилген. Айылдык товар өндүрүүчүлөр менен Кы-зыл-Кыя, Жалал-Абад, Ош, Кара-Балта, Токмок шаарларынан ташып чыгарыл-ган минералдык жер семирткичтердин жогоруда аталган өлчөмүнө кредиттиккелишимдер таризделген. 200 млн. сомго "ЛТЗ-60 АБ" маркасындагы 306 трактор, сокосу жана102 трактордук чиркегичи менен кошо сатып алынган. Айылдык товар өндүрүүчүлөрү тарабынан дан өсүмдүктөрүнүн жазгыүрөнүн, КММ жана запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн 100,0 млн. сомөлчөмүндө жылдык 7 процент менен "Айыл Банк" ачык акционердик коомунабөлүп берилген жењилдетилген кредиттин каражаттары пайдаланылган. Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик материалдык резервденсактоого коюу баасы менен айыл өкмөттөрүнө разнарядкалар боюнча айылдыктовар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн 10 мињ куб. м дизель отуну брондон чы-гарылган. Үрөн, минералдык жер семирткичтерди сатып алуу жана күйүүчү майло-очу материалдарды мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгаруужазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн темптерине оњ таасирин тийгизген. Бирок мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарылган дизельотунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынанбелгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен жеткирүү жазгы-талаа иштеринөткөрүүдө кыйла артта калууга жана Ош, Талас, Чүй облустарында буудайдысебүүнүн агротехникалык оптималдуу мөөнөттөрүн кечиктирүүгө алып кел-ген. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматыбоюнча 2008-жылдын 1-июнуна карата 686,1 мињ га жазгы өсүмдүктөр себил-ген, бул 2007-жылдын бардык жазгы себүүлөрүнө карата 101,2 проценттитүзгөн. Баткен облусунда жазгы өсүмдүктөр 35,9 мињ га жерге (өткөн жыл-дын жазгы себүүсүнө карата 103,6%), Жалал-Абадда тиешелүү түрдө 98,5мињ га (94,4%), Ысык-Көлдө - 125,8 мињ га (100,7%), Нарында - 46,4 мињга (105,0%), Ошто - 99,4 мињ га (101,4%), Таласта - 71,6 мињ га (95,0%)жана Чүй облусунда - 206,5 мињ га (106,2%) жерге себилген. Жазгы дан жана дан-буурчак өсүмдүктөр 410,3 мињ га аянтка себил-ген, бул 2007-жылдын бардык жазгы себүүлөрүнө карата 110,8 проценттитүзгөн, анын ичинен буудай - 168,7 мињ га (127,3%), арпа - 121,5 мињ га(109,7%), дандык жүгөрү - 75,0 мињ га (98,5%). Май алынуучу өсүмдүктөр 65,8 мињ гектарга себилген же өткөн жылдынбардык себүүлөрүнө карата 90,0 процент. Кант кызылчасы 0,8 мињ гектарга себилген, бул 2007-жылдын себилгенаянттарына карата 9,2 процентти түзгөн, пахта - 32,7 мињ га (93,9%),тамеки - 5,9 мињ га (99,4%). Картошка 82,8 мињ га аянтка отургузулган же 2007-жылдын отургузул-ган аянттарына карата 95,7 процентти түзгөн, жашылчалар - 43,2 мињ га(102,7%). Ушул жылы жабуучу өсүмдүктөрдөн тышкары көп жылдык чөптөр 26,5 мињга, бир жылдык чөптөр 7,2 мињ гектарга себилген (2007-жылдын дењгээлинекарата тиешелүү түрдө 92,6 жана 48,2%). Айрым облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация баш-чылары жазгы-талаа иштерин өткөрүүгө, республиканын азык-түлүк коопсуз-дук маселесин чечүүгө жоопкерчиликсиз мамиле жасашкан. "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өзучурунда көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 66 токтому менен бекитилгенайыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянтынын түзүмү сакталган эмес.2008-жылдын түшүмүнө буудайды жетишсиз себүү 8,3 мињ гектарды түзгөн.Мында буудай түзүм боюнча аныкталгандан азыраак себилген: Жалал-Абадоблусу боюнча 9,2 мињ га; Чүй облусу боюнча - 1,9 мињ га, анын ичиндеЫсык-Ата районунда - 1 мињ га, Москва районунда - 0,9 мињ га; Талас об-лусу боюнча - 0,8 мињ га, анын ичинде Бакай-Ата районунда - 0,6 мињ га,Манас районунда - 0,2 мињ га. Техникалык өсүмдүктөрдүн аянттарын кењейтүүгө жетишсиз маанибөлүнгөн. Пахтаны себүү программасы 36,9 мињ гектардын ордуна 32,7 мињга себилип же 88,6 процент болуп аткарылган эмес, Жалал-Абад облусу бо-юнча артта калууга жол берилген: 24,4 мињ га түзүмүндө 21,3 мињ га же87,2 процент себилген. Өткөн жылга караганда пахта Сузак районунда 816гектарга, Базар-Коргондо - 759 гектарга жана Ноокенде - 719 гектаргаазыраак себилген. Ушул жылы республиканын көпчүлүк райондорунда кыртыштагы нымдуу-луктун запасынын төмөндөшү, табигый кырсыктар, Чүй жана Талас облуста-рында болуп өткөн апрелдеги үшүк айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жанаөнүктүрүүсүнө терс таасирин тийгизген. Ушуну менен бирге сугат суусунсарамжалдуу эмес пайдалануу учурлары да болгон. Пландаштырылган 437,4мињ гектардан ушул жылдын 1-июнуна карата 414,8 мињ гектары сугарылгаы,анын ичинде Ош облусунда пландаштырылган 152,2 мињ гектарынан 118,4 мињга (78%) сугарылган, Ысык-Көл облусунда пландаштырылган 73,0 мињ гекта-рынан 56,3 мињ га (77%), Нарын облусунда пландаштырылган 76,6 мињ гек-тарынан 55,1 мињ га (72%) сугарылган. Ушул жылдын июнь айынын башталышына карата республикада 3079данжыйноочу комбайн бар, алардын ичинен техникалык жактан жарактуу абалда- 1459, же машиналардын жалпы санынан 47 проценти. Дан өсүмдүктөрүнжыйноо мезгили келгендигине карабастан Жалал-Абад облусунун Токтогул,Ноокен, Ала-Бука, Базар-Коргон райондорунда комбайндарды оњдоо темпижай өтүүдө, аталган жерлерде комбайндардын даярдыгы 25тен 58 проценткечейинкини түзгөн. Баткен облусунун Лейлек районунда дан жыйноочу комбайндардын даяр-дыгы тийиштүү дењгээлде жүргүзүлбөй жатат: 62 комбайндан 34ү же 54 про-центи оњдолгон. Чүй облусунда болгон 961 комбайндан 610у же 64 проценти даярдалган(өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 процентке төмөн). Ош облусунда болгон 424 комбайндан 227си же 53 проценти оњдолгон.120 комбайн техникалык жараксыз абалда болгондуктан Алай районунда - 3,Араванда - 10, Кара-Кулжада - 9, Кара-Сууда - 45, Ноокатта - 26, Өзгөнрайонунда - 27 комбайн түшүм жыйноо жумуштарына тартылбайт. Өстүрүлгөн кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жана башка айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмүн максималдуу сактап калуу, оптималдуу агротехни-калык мөөнөттөрдө жоготууларсыз түшүм жыйноо жана республиканыназык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин жана облустардын мамлекеттик администрацияларынынжетекчилеринин 2008-жылы жазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн алдын ала жы-йынтыктары жөнүндө маалыматтары көњүлгө алынсын. 2. Буудайды себүү программасын аткарууну камсыз кылбаган Жа-лал-Абад, Чүй жана Талас облустарынын мамлекеттик администрацияларыныниши жетишсиз деп белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине мамлекеттик материал-дык резервден брондон чыгарылган дизель отунун Ош, Чүй жана Талас об-лустарына берүү мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча мамлекеттик агенттиктин директору П.П.Рахмановго жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттикматериалдык резервдер фондунун директору Э.Ю.Исматуллаевге карата тар-типтик жаза чараларын көрүү сунушталсын. 4. Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын мамлекеттик администрация-лары, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, аталган облустардын жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары: - жол берилген жетишсиз себүүнүн ордун толтуруу максатында кыйлажогору көлөмдө түшүм алуу үчүн буудайды жана пахтаны себүүгө агротехни-калык иш-чараларды өткөрүүнү уюштурушсун; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн стратегиялык жактан кыйла маанилүүсебүүлөрүн конкреттүү аянттарда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан аныкталган республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочукөлөмдө жайгаштыруу боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр менен түшүндүрүүиштерин максаттуу түрдө жүргүзүшсүн; 5. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары: - 2008-жылдын түшүмүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө жыйно-ого дан жыйноочу комбайндарды, транспорт каражаттарын, тараза чарбасындаярдоону камсыздашсын; - айыл өкмөтү, район жана облус боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүнтүшүмүн жыйноонун, жана кылкандуу дан өсүмдүктөр боюнча - дандын бышуумөөнөттөрүн жана региондордун вертикалдуу зоналуулугун эске алуу менендан жыйноочу комбайндарды айдап баруу маршруттарынын графигин бир жума-лык мөөнөттө иштеп чыгышсын; - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноо мезгилиндежыйноочу техниканы, дан тазалоочу машиналарды, транспорт каражаттарыноњдоо жана техникалык жактан кароо боюнча бардык сервистик кызматкөрсөтүүлөрдү иштетишсин; - кырмандардын жана өстүрүлгөн түшүмдү сактоо үчүн кампа жайлардынишке өз учурунда даярдыгын камсыздашсын; - кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн себүүлөрүнүн биологиялыктүшүмдүүлүгүн жана шор басып кетишин аныктоо боюнча комиссияны онкүндүк мөөнөттө түзүшсүн, анын ишине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүбоюнча маалыматтардын тууралыгын камсыздоо үчүн статистиканын аймактыкоргандарынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-тетүү өнөр жай министрлигинин түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин тар-тышсын; - үрөнчүлүк максаттарга кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн эњ жакшысорттук себүүлөрүн ар бир айыл өкмөтүнө бөлүп беришсин, алардын түшүмүнтийиштүү жеткире иштеп чыгуудан кийин 2009-жылдын түшүмү үчүн күздүкжана жазгы себүүлөргө пайдаланышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясы мененбирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн үзгүлтүксүз жый-ноо үчүн тиркемеге ылайык көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдардын топ-толушун камсыздасын. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - үрөнчүлүк себүүлөрдүн сорттук жана репродукциялык курамдарына арбир үрөнчүлүк чарба боюнча талдоо жүргүзсүн, күздүк жана жазгы буудай-дын суперэлита жана элита, арпанын күздүк жана жазгы үрөнүн, пахтаны,бедени жана эспарцетти көбөйтүү питомниктеринин бардык болгонсебүүлөрүн катуу эсепке алсын, өз учурунда талааларды апробациялоонужүргүзсүн; - үрөндүк себүүлөрдү өз учурунда жыйналышын, баштапкы иштетип чы-гарылышын жана жыйнап алынган түшүмдү себүү кондициясына жеткирилишин,үрөндүн маркировкаланышын жана тањгакталышын, сорттук жана себүү сапат-тарынын сакталышын катуу контролдоону камсыздасын; - 2008-жылдын III кварталынын ичинде республиканын үрөнчүлүк чар-баларын аттестациядан кайра өткөрсүн жана аларга үрөнчүлүк чарба стату-сун ыйгаруу үчүн чарбакер субъекттердин тизмесин Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө бекитүү үчүн киргизсин; - айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчүлөргө каршы күрөшүү бо-юнча профилактикалык ишти күчөтсүн; - чегирткелердин пайда болушунун очокторун өз учурунда аныктоо,дароо токтотуу жана аны кыруу боюнча химиялык иштетүүнү камсыздоо үчүнбайкоо жүргүзүүчү постторду уюштурсун. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ички ры-ноктогу кырдаалды изилдесин, жакынкы чет өлкөлөрдүн рынокторундагыабалды талдоого алсын жана 2008-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө мам-лекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды жоюунун эсебине айылдыктовар өндүрүүчүлөр тапшырган, "Буудай. Даярдоо жана берүүлөрдөгү талап-тар" 9353-90 ГОСТтун талаптарына жооп берүүчү аштык буудай данына баа-ларды белгилесин. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнчамамлекеттик агенттик менен бирдикте республиканын айылдык товарөндүрүүчүлөрүн колдоо максатында эки жумалык мөөнөттө мамлекеттик мате-риалдык резервге аштык буудай данын сатып алуунун көлөмү жана шарттарыбоюнча сунуштарды киргизсин. 10. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттукинститутуна эки жумалык мөөнөттө менчиктин бардык түрүндөгү чарбакерсубъекттерде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого тартылган тара-за чарбасын жана ченөө приборлорун өз учурунда текшерүүнү уюштурсун. 11. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомдоруна республиканын облустарынын жана ра-йондорунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте төмөнкүлөр үчүнэлектр энергияны үзгүлтүксүз берүү боюнча маселелерди чечүү сунуштал-сын: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин сугат системасы-на суу берүү боюнча насостук станцияларын жана скважиналарын иштетүү; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана аны кайра иштетүүмезгилинде ишке тартылган кырмандардын, механикалык мастерскойлордунжана башка көмөкчү кызматтарды иштетүү. 12. "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коо-муна жана башка сервистик кызматтарга төмөнкүлөр сунушталсын: - колдо болгон дан жыйноочу комбайндарды Нарын жана Ысык-Көл об-лустарына, Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүнө жана республиканын башка би-йик тоолуу региондоруна өз учурунда алып өтүү; - келишимдик негизде айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого, аны кайра иштетүү жана сактоо жайлары-на жеткирүү боюнча практикалык жардам көрсөтүү. 13. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги 2008-жылдын 1-августуна чейин "Кооперация жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүтууралуу мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин. 14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынБиринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы N 328 токтомуна тиркеме Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 2008-жылы түшүм жыйноо иштерин өткөрүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон МУКТАЖДЫКТАРЫ (тонна менен)-----------------------------------------------------------------------| Облустардын аталышы | Дизель отуну | Бензин | Дизель майы | Автол ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Баткен | 1760 | 528 | 62 | 20 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Жалал-Абад | 3560 | 1068 | 25 | 41 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Ысык-Көл | 7016 | 2105 | 246 | 82 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Нарын | 3700 | 1110 | 130 | 43 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Ош | 5176 | 1553 | 181 | 60 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Талас | 3572 | 1072 | 125 | 41 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Чүй | 13808 | 4143 | 484 | 160 ||----------------------|--------------|--------|-------------|--------||Республика боюнча | 38592 |11579 | 1353 | 447 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов