Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 310
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигине караштуу Жарандык авиация департаменти (мындан ары - Департа-мент) жарандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салуучу мамлекеттикбийлик органы болот жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайыкжарандык авиацияны башкарат. 2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин нормативдик укуктук акты-ларына, ошондой эле ушул Жобого таянат. 3. Департамент юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана рас-мий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында эсептериболот. 4. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынынжана жарандык авиациянын чарбакер субъекттеринин тийиштүү төлөмдөрүнүнкаражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук ак-тыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. 5. Департаменттин жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Департаменттин борбордук аппаратынынструктурасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ми-нистрлиги бекитилет. 6. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкекшаары, Ахунбаев көчөсү, 184. 7. Департаменттин толук аталышы: мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-никациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти"; расмий тилде - "Департамент гражданской авиации при Министерстветранспорта и коммуникаций Кыргызской Республики". Кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде - "Жарандык авиация департаменти"; расмий тилде - "Департамент гражданской авиации". 2. Департаменттин негизги милдеттери 8. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүдөй: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык авиациялык кызматтар-ды көрсөтүү жана авиациялык ташууларга муктаждыктарды канааттандыруурыногунун өнүгүшү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү; - жарандык авиация субъекттери көрсөтүүчү кызматтарды ке-ректөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо; - жарандык авиация тармагында бирдей эл аралык стандарттарды, нор-маларды жана эрежелерди киргизүү; - Кыргыз Республикасынын аба катнашы маселеси боюнча эл аралык ке-лишимдеринен жана жарандык авиациянын ишине тиешелүү башка эл аралыкмакулдашууларынан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча - өзгөчө кыр-даалдарда жарандык авиациянын пайдаланылышын камсыздоо, ошондой элекоргонуу мүнөзүндөгү атайын программаларды ишке ашыруу; - издөө-куткаруу жумуштарын уюштуруу. 3. Департаменттин функциялары 9. Департамент тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй иш-терди жүргүзөт: - жарандык авиация персоналын сертификаттоо жана күбөлүктөрдүберүү; - жарандык аба кемелерин жана авиациялык буюмдарды сертификаттоо; - Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорун жана биргелешкенбазалык аэродромдорду сертификаттоо; - жарандык авиация тармагында учууларды камсыздоого, аба кемелеринтехникалык тейлөөгө, оњдоого, аба кемелерин жана башка авиациялык буюм-дарды иштеп чыгууга же жасоого, авиациялык персоналды даярдоого, ошон-дой эле Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын коопсуздугу, турук-туулугу жана натыйжалуулугу үчүн зарыл башка кызматтарды көрсөтүүгөбайланыштуу иштерди сертификаттоо жана/же лицензиялоо; - Кыргыз Республикасынын аймагында болуучу авиациялык жумуштардынбардык түрлөрүнө лицензияларды берүү, жарандык авиациянын аба кемелеринкабыл алуу жана чыгаруу, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техни-калык тейлөө; - аба кемелерин эксплуатациялоочулардын жана аба мейкиндигин пай-далануучулардын иштерин инспекциялоо, аба кемелеринин учууга жарактуу-лугунун, учууларды камсыздоо жана аэродромдорду эксплуатациялоо систе-маларынын жана каражаттарынын, авиациялык жумуштарды жана ташуулардыаткаруунун стандарттары сакталышын контролдоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынынчегинде жарандык авиация субъекттерине инспекциялык текшерүүлөрдүжүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жанаинциденттерди териштирүүгө катышуу; - Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине кирги-зилген аба кемелеринде башка мамлекеттердин аймактарында болгон авиаци-ялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүгө катышуу; - Кыргыз Республикасынын жана Жарандык авиациянын эл аралык уюму-нун (ИКАО) нормативдик укуктук актыларынын аткарылышын жана шайкеш кел-тирилишин камсыздоо; - ИКАОдо жана жарандык авиация авиация тармагындагы башка эл ара-лык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу жана мамлекеттик кы-зыкчылыктарын коргоо; - жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актыларынын, тармактык стандарттардын, техника-лык шарттардын, авиациялык эрежелердин, нускамалардын, сертификаттыкталаптардын, ошондой эле башка укуктук жана техникалык актылардын дол-боорлорун иштеп чыгуу; - жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасы-нын эксплуатациялык нормативдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу, кабылалуу жана кайра кароо; - Жарандык авиация тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясынжана программаларын, анын аткарылышын камсыздоо боюнча илимий-техника-лык жана башка программаларды иштеп чыгуу; - эл аралык авиациялык ташууларды аткарууда тарифтик саясаттыжөнгө салуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынынчарбакер субъекттеринин тарифтик саясатын түзүү боюнча сунуштарды эларалык келишимдерге ылайык иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын уюштуруу-нун, пайдалануунун жана тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоочу бирдиктүүнормаларды жана эрежелерди Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарыменен макулдашуу боюнча иштеп чыгуу жана киргизүү; - Кыргыз Республикасынын жарандык авиация персоналына квалификаци-ялык талаптарды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын жарандык авиация субъекттеринин тарифтиксаясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - жарандык авиация тармагын өнүктүрүүнүн ведомстволор аралык фи-нансылык жана уюштуруу-техникалык планын түзүүгө катышуу; - абада ташуулардын жана жарандык авиация тармагында кызматкөрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана натый-жалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиаци-ясынын ишин жөнгө салуу; - жарандык аба кемелерин каттоо; - Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорун жана биргелешкенжайгашуу аэродромдорун каттоо; - Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба линияларынынтизмесин бекитүү; - Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагын чы-гаруу; - Кыргыз Республикасынын Аба кемелеринин эксплуатанттарынын реест-рин жүргүзүү; - Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин жана эл аралыкуюмдардын ортосунда жарандык авиация тармагындагы макулдашууларга Кыр-гыз Республикасынын атынан кол коюу жана/же кол коюуга катышуу; - Кыргыз Республикасынын атынан ИКАО, ошондой эле башка эл аралыкуюмдар менен өз компетенциясынын чегинде байланышта иштешүү; - Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдиктеКыргыз Республикасындагы аэронавигациялык жана аэропорттук тейлөө үчүналынчу тарифтерди жана жыйымдарды бекитүү; - Департаменттин компетенциясына кирген жарандык авиация объектте-ринин иштөөсү, куруу, оњдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери бо-юнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен өз ара байланышта иштешүү; - авиаташуучулардын, авиаэксплуатанттардын - авиациялык жумуштардыаткаруучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ишин белгиленген тартиптемамлекеттик жөнгө салуу; - аэродромдорду куруунун жана реконструкциялоонун, аэродромдордунжумушчу аянтында жайгашкан имараттарды жана курулуштарды жайгаштыруунундолбоорлорун эл аралык талаптардын жана Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актылары аткарылышын камсыздоо максатында макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка акы төлөнүүчүжана акысыз кызматтарды көрсөтүү; - литердик жана контролго алынчу учуулардын уюштурулушун жана ат-карылышын контролдоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, ошондой элеДепартаменттин максаттарынан келип чыгуучу башка функцияларды аткаруу. 4. Департаменттин укуктары 10. Департамент ага тапшырылган милдеттерди аткаруу максатындатөмөнкүдөй укуктарга ээ: - жарандык авиациянын абалы жана өнүктүрүү маселелерине тиешелүүКыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорунКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте кир-гизүүгө, нормативдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутунду-ларды берүүгө; - өз компетенциясынын чегинде приказдарды, нускамаларды чыгарууга; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынан жарандык авиацияга тиешелүү маселелербоюнча маалыматты суроого жана алууга; - абадагы ташууларды, авиациялык жумуштарды жана аба кемелеринпайдаланууга байланыштуу башка иштерди аткаруучу субъекттерден керектүүдокументтерди, маалыматты, ошондой эле Департаментке тапшырылган функ-цияларды аткаруу үчүн башка маалыматтарды суроого жана алууга; - авиаташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбакер субъек-ттерин абадагы ташуунун коопсуздугун жөнгө салуучу нормативдик укуктукдокументтерди аткаруусу боюнча текшерүүгө; - юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдүтүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле Де-партаменттин функцияларынан жана милдеттеринен келип чыгуучу башкаукуктарды ишке ашырууга. 5. Мүлк жана каражаттар 11. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар,ошондой эле операциялык башкаруу укугунда бекитип берилген, башка мате-риалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы баланста чагылдырылат: 12. Департамент ага бекитип берилген мүлктү мүлктүн менчик ээсининмакулдугу менен гана ажыратууга же башкача жол менен тескөөгө укуктуу. 13. Департамент мүлктү эксплуатациялоонун нормаларын жана эрежеле-рин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз-дайт. 14. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте бухгалтердик эсеп жана отчет, ошондой эле статистикалыкжүргүзөт. 6. Ишинин уюштурулушу 15. Департаменттин ишин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана ком-муникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу директор башкарат. 16. Департаменттин директорунун орун басары болот. Орун басар кыз-матка Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министри тарабынан дайындалат жана бошо-тулат, директорго түз баш ийет, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша Де-партаменттин ишин уюштурат. Директор жокто анын милдеттерин директордунорун басары аткарат. 17. Департаменттин директору: - ИКАОдо, Мамлекеттер аралык авиациялык кењеште (МАК) жана башкаэл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын атынанчыгат; - өз ишинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрине түз баш ийет; - Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке тапшырылганмилдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте бо-лот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттинмүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат,ишеним каттарды берет жана финансылык жана эмгектик тартиптин сакталы-шын камсыздайт; - орун басардын ыйгарым укуктарын белгилейт, ага өзүнүн операция-лык, уюштуруучу, кадрлык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Департа-менттин ишине тиешелүү башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктары-нын айрымдарын аткарууну тапшырат; - орун басардын жана структуралык подразделениелердин милдеттеринбөлүштүрөт; - И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин жетекчисинкызматка дайындайт жана бошотот; - Департаменттин структуралык подразделениелери (башкармалары,бөлүмдөрү) жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин кыз-маттык нускамаларын бекитет; - Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот,аларга сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот; - тийиштүү иштерди аткарууга эмгектик келишимдерди түзөт; - Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын бардык субъекттериүчүн аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү чыгарат, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык, мамлекеттик кызыкчылыкты сактоо, жарандык авиация-нын коопсуз ишин камсыздоо максатында алардын аткарылышына контролдууюштурат; - аба транспортунун субъекттеринде учуулардын коопсуздугунун бел-гиленген талаптарына шайкеш эместик аныкталган учурда күбөлүктөрүнүн(сертификатынын) жарактуулугун убактылуу токтотуу, узартуу жана токто-туу (жокко чыгаруу) жөнүндө буйруктарды чыгарат; - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-гине Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сый-лыктарга жана ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт; - Департаменттин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыгуучу,ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 18. Департаменттин кызматкерлери аба транспортунун субъекттерининаймагына алардын менчигинин формасына карабастан тоскоолдуксуз кирүүгөжана болууга укуктуу. 19. Департаменттин штатында инспекторлору болот, алардын милдетиДепартаментке анын сертификаттоо, лицензиялоо же көзөмөлдөө боюнча ор-гандын функцияларын жана ыйгарым укуктарын алмаштырбачу же кайталабачубашка жөнгө салуучу функцияларды аткаруусуна жардамдашууда болот. 20. Департаменттин учкучтук-инспектордук персоналы квалификациянынжана компетенциянын талап кылынган дењгээлин сактоо үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын жана башка Макулдашкан мамлекеттердин аба кемелерин эксплуа-тациялоочулардын учуучу экипаждарынын курамында учуучу экипаждын мүчөсүкатары да, текшерүүчүлөр катары да такай учууларды аткарып турушат. 21. Учуу ишин жөнгө салуучу документтердин талаптары аткарылышынинспекциялык текшерүү жана контролдоо же методикалык учууларды аткарууүчүн Департаменттин учкучтук-инспектордук персоналы Кыргыз Республика-сынын жарандык аба кемелерин эксплуатациялоочулардын экипаждарынын ку-рамына учуунун бардык түрлөрүн аткарууда кирүүгө укуктуу. 22. Учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген орчундуу негиздерболгон учурда Департаменттин учкучтук курамы аба кеменин учуп чыгышынкармоого укуктуу. 23. Департаментте: Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынынмамлекеттик квалификациялык комиссиясы (мындан ары - КР ЖА МКК) турук-туу иштейт, ал Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынаылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация персоналын сертификаттоожана күбөлүктөрдү берүү боюнча иштейт; ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын Аба транспортун эксплуатациялоочуларды сертификаттоо боюнча комис-сия (КР АТЭСК) иштейт. КР ЖА МКК жана КР АТЭСК жөнүндө жоболорду Депар-таменттин директору бекитет. 24. Кыргыз Республикасынын бардык авиациялык чарбакер субъекттерижүргүнчүлөрдү ташуунун бардык этаптарында авиабелетти саткан учурдантартып Кыргыз Республикасынын аэропортторуна учуп келип аэровокзалданчыкканга чейин авиаташууларды уюштуруунун жол-жоболорун аткаруу сапатын(аба кемелеринин жүргүнчүлүк салондорунун абалы, бортту коштоочулардынтейлөө дењгээли, тамактануунун сапаты, аэропорттук транспорт, ташуукызматынын уюштурулушу, аэропорттордун бөлмө-жайларынын санитардык аба-лы ж.б.) текшерүү үчүн Департаменттин директорунун чечими менен Депар-таменттин жердеги компетенттүү адистеринен да, инспекторлордун учуучукурамынан да тийиштүү тапшырмаларды берүү менен инспекциялачу адам да-йындалышы мүмкүн. 25. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргооКыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Мыйзамы жана башканормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 26. Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын ишке алуунун, кызматөтөөсүнүн жана бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттиккызмат жөнүндө"
Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын
Эмгек кодекси жана ушулЖобо менен жөнгө салынат. 7. Департаментти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу 27. Департаментти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими мененишке ашырылат. 28. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык пайдаланылат. 29. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Рес-публикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.