Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-июну № 345 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мүлктү Ош пахта иштетүүчү өндүрүштүк бирикмесинин балансынан Ош шаарындагы № 16 кесиптик лицейдин балансына өткөрүп берүү жөнүндө PESAC программасынын алкагында Ош пахта иштетүүчү өндүрүштүк би-рикмесин жоюу аяктаганына байланыштуу, кесиптик-техникалык билим берүүсистемасынын материалдык-техникалык базасын чыњдоо жана өнүктүрүү, тек-стиль өнөр жайы үчүн кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги тиркемеге ылайык акысыз негизде мүлктү Ош пахта иштетүүчүөндүрүштүк бирикмесинин балансынан Ош шаарындагы № 16 кесиптик лицейдинбалансына өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети менен бирдикте ушул токтомго тиркемеде көрсөтүлгөнимараттарды кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалыкбилим берүү боюнча мамлекеттик агенттик өткөрүп берилген имараттар ме-нен курулмаларды билим берүү максатына гана колдонсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 345 токтомуна тиркеме Ош пахта иштетүүчү өндүрүштүк бирикмесинин балансынан Ош шаарындагы № 16 кесиптик лицейдин балансына өткөрүлүп берүүчү мүлктүн ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|Катар| Мүлктүн аталышы |Баланстык наркы| Эскертүүлөр || № | | (сом) | ||-----|--------------------------|---------------|--------------------||1. |Имараттар, анын ичинде: | 2877817-52 |1964-жылы курулган || |- № 1 окуу корпусу, | |"П" түспөлүндөгү || | 1980-жылы курулган; | |үч кабат имараттын || |- № 2 окуу корпусу, | |чыгыш тарабындагы || | 1964-жылы курулган; | |канатынын аянты || |- № 1 жатакана, | |388,2 кв. м болгон || | 1982-жылы курулган; | |1-кабатынан жана || |- № 2 жатакана, 1982-жылы | |аянты 190 кв.м || | курулган; | |болгон жер || |- ашкана, 1983-жылы | |төлөөсүнөн тышкары || | курулган. | | ||-----|--------------------------|---------------|--------------------||2 |Ашкананын негизги | 208599-00 | || |каражаттары | | ||-----|--------------------------|---------------|--------------------||3 |№ 2 жатакананын негизги | 44640-00 | || |каражаттары | | ||-----|--------------------------|---------------|--------------------||4 |Окуу процесси үчүн карата | 1000829-00 | || |башка негизги фонддор | | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов