Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-июлу № 357 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууда рынок конъ-юнктурасын эске алуу менен аларды калыс баалоо наркын аныктоо максатын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча мето-дикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттикменчикте турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуутартиби жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 7-пункттун экинчи абзацында "13 жана 14-пункттар" деген сөздөржана сандар "13-пункт" деген сөз жана сан менен алмаштырылсын; - 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "9. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карапчыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды)баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт."; - 10-пунктта: биринчи абзацтагы "Актыны бекиткенден кийин" деген сөздөр "Прото-кол түзгөндөн кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толук-талсын: "Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин он күнмурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жарыяланган старттык баа боюнча транспорт каражатын сатып алуугакызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттыкбааны 25тен ашпаган процентке төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүм-күн. Кайтадан өткөн аукционго катышууга билдирүүлөр түшпөсө мамлекеттикюридикалык жак транспорт каражатын баасын белгилебестен аукционго коюу-га укуктуу."; - үчүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин; - 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "13. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо прото-колунда комиссия аны баалаган учурдагы рынок конъюнктурасын эске алууменен транспорт каражаттарынын (номердик агрегаттардын) рыноктук наркынкөрсөтөт. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) баалоо наркынаныктоо үчүн комиссия эксперттердин корутундусун, маалымкаттарды, маа-лыматтык, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонууга укуктуу."; - 14-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - 15-пункттун экинчи абзацындагы "13 жана 14-пункттар" дегенсөздөр жана сандар "13-пункт" деген сөзгө жана санга алмаштырылсын; көрсөтүлгөн Жобого N 4 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов