КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-июлу № 358 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысын Кыргыз Респуб-ликасынын Салык
кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруучаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мар-тындагы № 142
токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарданбюджетке пайдага салыкты эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө
нускамада 31-пункттун экинчи абзацындагы "баалуу кагаздарга" деген сөздөрдөнкийин ", ошондой эле лизинг берүүчү-резиденттер алган проценттерге ка-рата" деген сөздөр менен толукталсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык алынуучу берүүлөрбоюнча кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө
нускама-да: 28-пунктунун "д)" пунктчасынын онунчу абзацы алып салынсын; 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "у)" пунктчасы менен толукталсын: "у) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттардыөткөрүп берүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү төмөнкү шарттардын бири сактал-ган учурда лизинг берүүчү алууга тийиш болгон проценттердин суммасы жа-гында бошотулган берүү болуп саналат: - эгерде өткөрүп берилген негизги каражаттардын импорту КыргызРеспубликасынын Салык
кодексинин 148-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык ко-шумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулса; - эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды Кыргыз Рес-публикасынын Салык
кодексинин 127-статьясына ылайык салык алынуучусубъект болуп саналбаган сатуучудан сатып алса."; 28-1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- айыл чарба өндүрүүчүлөрү түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максатта-ры үчүн жана/же чарба жүргүзүүчү субъекттер финансылык ижара (лизинг)келишими боюнча жүргүзгөн негизги каражаттарды ташып келүүдө ошол чарбажүргүзүүчү субъекттин КНС төлөөчү катары катталгандыгынын фактысына ка-рабастан КНС төлөөдөн бошотулат."; төмөнкүдөй мазмундагы 28-3-пункт менен толукталсын: "28-3. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 140-1-статьясынколдонуу максатында финансылык ижара (лизинг) - негизги каражаттардыөткөрүп берүү жагындагы ижаралык мамилелердин "Финансылык ижара (ли-зинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган бир же ан-дан ашык белгилерди камтуучу финансылык ижара (лизинг) келишиминин не-гизинде ишке ашырылуучу өзгөчө түрү.". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов