Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-июну № 344 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671
токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жети-шүү, жаштардын башталгыч кесиптик билим алуусуна бирдей шарттарды түзүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден каржылануучу кесип-тик-техникалык билим берүүчү окуу жайлар жана региондор аралык башкар-малыктар 2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттикаркылуу каржыланууга которулсун. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671
токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мам-лекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пункттун жүзөгө ашыруу боюнча чара-ларды көрүшсүн. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671
токтомунун редакциясына ылайык) 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов