Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-июлу № 363 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдүжүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык,ишкердик субъекттеринин ишмердигине ыйгарым укуктуу органдардын негиз-сиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү жана ыйгарым укуктуу органдартарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташ-тырылган маалыматтар базасы болуп "Контр-Про" программасы (мындан ары -"Контр-Про" программасы) аныкталсын. 2. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарымукуктуу органдар: - ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө"Контр-Про" мониторингинин электрондук системасын өркүндөтүү" GTZ дол-боору менен бирдикте "Контр-Про" программасын орнотушсун; - "Контр-Про" программасына текшерүүлөр жөнүндө маалыматты дайымажайгаштырышсын; - "Контр-Про" программасын пландуу текшерүүлөрдү макулдашуу үчүнколдонушсун; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлиги бекиткен Нускамага ылайык электрондук формада ишкердик субъектте-ринин ишмердигине жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине квартал сайын, от-четтук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө маалымат бериптурушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги: - ишкердик субъекттерин текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарды ыйгарымукуктуу органдар тарабынан сактоого "Контр-Про" программасы аркылуу мо-ниторингди ишке ашырсын; - ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-рым укуктуу органдардын жасаган иштери тууралуу квартал сайын, отчеттукмезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратына жыйынтык отчет берсин. 4. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-рым укуктуу органдардын жетекчилери ушул токтомду аткарбагандыгы үчүнжеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов