Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 30-декабрындагы N 767 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

2008-жылдын 10-июлу N 371

           

"Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик

комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана

аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил

автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча

чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтомуна толуктоо

киргизүү тууралуу

 

Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, жеке секторлордун өкүлдөрүнүн өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кабардар болушун жана укуктук активдүүлүгүн жогорулатуу жана ыйгарым укуктуу органдарда коррупцияны кыскартуу максатында:

1. "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомго N 2 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине ушул Тиркемеде көрсөтүлгөн лимиттен тышкары ишкердик субъектилерин негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде эки дежур (жеңил) автомашинага ээ болууга жол берилет.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри И.Чудинов