Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 15-июлу № 378 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргонайылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социал-дык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунунже бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартибижөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2008-жылдын 22-январындагы N 19 токтомуна ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Араван районунун Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Тепе-Коргон айылдык округунун айма-гында жайгашкан 22,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуужөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинен төмөнкүлөрдүн аймактарынкењейтүү үчүн: - Интернационал айылын - 14 га"; - Уйгур-Абад айылын - 4,0 га; - Жањы-Абад айылын - 4,0 га. 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуунукаржылоо маселесин чечсин; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргонайылдык округунун аймагында жайгашкан Интернационал Уйгур-Абад жанаЖањы-Абад калктуу конуштарынын айылдарынын чегараларын белгиленген тар-типте бекитүүнү. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов