КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 15-июлу № 380 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товарөндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Бул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүнбелгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулукнегиздерин жөнгө салат. 1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр 1) Агент - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүнбөлүнгөн каражаттарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан аныктала турган, мамлекеттин жүз пайыздагы катышуусундагы юри-дикалык жак; 2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - баалоо ишмердигин ишке ашы-рууга лицензиясы бар юридикалык же жеке жак; 3) эгилген жердин толук зыянга учурашы - жагымсыз табигый кубулуш-тардын айдоолорго тийгизген терс таасиринен эгилген өсүмдүктөрдүөстүрүүгө жана оруп-жыйноого кете турган чыгымдын түшүмдөн түшө турганболжолдуу кирешеден ашып кетиши; 4) түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - өсүмдүктөрдү өстүрүүтармагында ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикага ылайык комиссияаныктаган киреше; 5) жагымсыз табигый кубулуш - эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүнжок болушуна же зыянга учурашына алып келген табигый кубулуштар (сууташкыны, сел, мөндүр уруу, нөшөрлөгөн жаан, үшүк); 6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк - юридикалык же жеке жак тарабынан өсүмдүкөстүрүүнү өзүнө камтыган айыл чарбасынын негизги тармагынын бири; 7) өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыз-дандыруу келишими) - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Граждандыккодекси аныктаган шарттарда камсыздандыруучу менен камсыздалуучунун ор-тосунда түзүлгөн келишим; 8) өсүмдүк продукциялары - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алын-ган продукция (кылкандуу дан эгин, дан жүгөрүсү, төө бурчак, кант кы-зылчасы, пахта, тамеки); 9) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган - өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгөсалуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган; 10) камсыздандыруу учуру - камсыздандыруу келишиминде каралганкамсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу учуру; 11) камсыздандыруу наркы - камсыздалуучу менен камсыздандыруучунунортосунда түзүлүүчү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсызданды-рылган мүлктүн наркы; 12) камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруу келишиминин шартта-рына ылайык камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгилименен төлөнүүчү камсыздандыруу акысы; 13) камсыздандыруу чыгымынын ордун толтуруу - камсыздандыруу учурукелгенде зыянды жабууга камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучутөлөп бере турган сумма; 14) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү укугу-на лицензия алган, камсыздандыруу учуру келгенде келишимде көрсөтүлгөнсумманын чегинде (камсыздандыруу суммасы) камсыздандыруу төлөмүн кам-сыздалуучуга же келишимдеги бөлөк жактын (пайда алуучунун) пайдасынамилдеттүү төлөй турган юридикалык жак; 15) камсыздалуучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келиши-мин түзгөн жана жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүишин жүргүзүүчү жак; 16) чыгымдардын нормативи - өндүрүүдө өзүнчө технологиялык про-цесстер, жумуштун түрлөрү жана чыгымдардын статьялары боюнча өсүмдүкпродукцияларын өндүрүүдө бир гектарга сом менен эсептелген чыгымдар; 17) франшиза - аныкталган көлөмдөн ашпаган зыяндын ордун толтуруу-дан камсыздандыруучуну бошотуу. 2-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, "Кыр-гыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын бөлөкукуктук-ченемдик актыларынан турат. 2. Бул Мыйзамдын күчү айыл чарба багытына кирбеген жердеөстүрүлгөн өсүмдүк азыктарына жайылтылбайт. 3-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси Камсыздандыруу учуру келгенде, ушул Мыйзамга ылайык белгиленгенөлчөмдө камсыздалуучунун зыянын айрым же толук ордун толтурууга байла-ныштуу камсыздалуучунун материалдык-акчалай кызыкчылыгы өсүмдүкөстүрүүчүлүктө камсыздандыруу объектиси болуп эсептелет. 4-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун максаты төмөнкүлөр болупсаналат: 1) табигый кубулуштун залакасынан жабыр тарткан өсүмдүктөрдү кам-сыздандыруу учурунда ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн көлөмдө жана тартиптекамсыздандыруу төлөмүн төлөө аркылуу азык өндүрүүчүлөрдүн материал-дык-акчалай кызыкчылыгын коргоону камсыз кылуу; 2) өсүмдүк өстүрүүчүлүктү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугунжогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн эсебинен өндүрүүчүнүн кирешесинин чукултөмөндөшүнө жол бербөө. 5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: 1) жыл сайын өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик програм-маны иштеп чыгат жана бекитет, анын негизинде камсыздандырууга бюджет-тик каражат каралат; 2) төмөнкүдөй келишимдердин типтүү формаларын бекитет: өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жөнүндө; камсыздандыруу взносунун жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордунайрым толтуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө; 3) камсыздандырууга тийиш болгон бир гектар эгилген жерге өсүмдүкпродукцияларынын түрлөрүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын нормативин беки-тет; 4) Республикалык айыл чарба камсыздандыруу фондусу жөнүндөгү жобо-ну бекитет; 5) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөнкаражаттарды пайдалануу тартибин жана агенттин кызматына төлөө өлчөмүнбекитет; 6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-ганды аныктайт; 7) гидрометеорология кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын жана өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын сунушу боюнча жагымсыз табигый кубулуштардын критерийлерин жанамүнөздөмөлөрүн, ошондой эле гидрометеорология кызмат органынын жана(же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жа-гымсыз табигый кубулуштун болуу фактысын тастыктаган маалымкатынынтиптүү формасын бекитет; 8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары тарабынан жагымсыз табигый кубулуштун таасириненжабыр тарткан эгилген аянттын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссиялардытүзүү жана алардын иштерин уюштуруу тартибин, жагымсыз табигый кубулуш-тун фактысы боюнча текшерүү актыларынын формасын бекитет; 6-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну уюштуруу 1. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарбаөсүмдүктөрүн камсыздандыруу мамлекеттин катышуусу менен ыктыярдуу болупсаналат. Эгерде айылдык товар өндүрүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башкатүрүн камсыздандырууну көздөсө, анда ал камсыздандыруучу менен мамилени"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөгү" КыргызРеспубликасынын мыйзамына ылайык ишке ашырууга укуктуу. Камсыздандыруу-чу уюмдар ушул Мыйзамга ылайык өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында камсыз-дандыруу келишимин түзөт. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган жана анын аймактык органдары жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялар менен биргеликте өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүнарасында камсыздандыруу акысын айрым төлөө жана зыяндын ордуна толтуру-уга катышуу жөнүндө мамлекеттик колдоону түшүндүрүү боюнча практикалыкиштерди жүргүзөт. 2. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган: 1) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашы-рат; 2) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында программаларды иштеп чыгат жанаишке ашырууга катышат; 3) өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт; 4) өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалыкшарттарды иштеп чыгат жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет; 5) республикада өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагынын абалын иликтейт; 6) агенттин ишмердигин координациялоону, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-магын камсыздандыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын агенттарабынан сакталышын ишке ашырат; 7) өзүнүн контролдук функцияларын аткарууга керек маалыматты жанадокументтерди камсыздандыруучудан, камсыздалуучудан, агенттен белгилен-ген тартипте сурайт жана алат; 8) ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга керектүү болгон документ-терди жана маалыматтарды камсыздандыруучунун, камсыздалуучунун жанаагенттин берүү формасын, мөөнөтүн белгилейт; 9) зыянга учураган эгүү аянтын аныктоо методикасын иштеп чыгат жа-на бекитет. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары: 1) чарбалык субъектилер менен өсүмдүк продукцияларын камсызданды-рууну уюштурат; 2) өзүнүн функцияларын аткарууга керек маалыматты жана документ-терди камсыздандыруучудан, камсыздалуучудан, агенттен белгиленген тар-типте сурайт жана алат; 3) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууга тийиш болгон өсүмдүкпродукцияларынын табигый-климаттык зоналарга карата тиешелүү аймактардасебүү иштерин баштоонун жана аяктоонун оптималдуу мөөнөтүн аныктайт; 4) Ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык комиссия түзөт. 4. Камсыздандыруучу уюмдардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык финансылык рынокту жана финансылыкуюмдарды көзөмөлдөөнү жөнгө салууну ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган жүргүзөт. 7-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу тармагына мамлекеттик органдардын катышуу тартиби Мамлекеттик контроль жүргүзүү максатында өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-магындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы: 1) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырылган өсүмдүк продукциялары-нын түрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздалуучу-лардын тизмесин аймактар боюнча агенттен белгиленген тартипте сурайт; 2) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишимин түзүүнү уюшту-рууга мамлекеттик жардам өндүрүүчүлөр арасында жылына бир жолутүшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мөөнөтү жыйып-терүү иштери бүткөндөнжазгы талаачылык жумуштары башталганга чейин календардык 30 күндүтүзөт. Мында камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн айылчарба өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлөт. 8-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү камсыздандыруудагы камсыздандыруу учурунун түрлөрү Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу учурларына жагымсыз табигыйкубулуштун же алардын бирге болгонунун себебинен өсүмдүк продукциялары-нын кыйрашынан же зыянга учурашынан камсыздалуучунун зыян тартышы ки-рет. 9-статья. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн жана чыгымдардын нормативдеринин түрүн аныктоо 1. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү өсүмдүк продукциясынын ар биртүрү боюнча өзүнчө чыгашаларды камсыздалуучу ишке ашыра турган бардыкаянтка көбөйтүлгөн бир гектар жерге эсептелген чыгымдын нормативинеылайык ушул Мыйзамда аныкталган камсыздандыруу өзгөчөлүктөрүн эске алууменен түзүлгөн келишимде белгиленет. 2. Камсыздандыруу суммасын эсептөө төмөндөгү түрлөрдүн бири боюнчачыгымдардын нормативинен жүргүзүлөт: 1) илимий негизделген агротехнология; 2) жөнөкөйлөтүлгөн агротехнология; 3) илимий негизделген же жөнөкөйлөтүлгөн агротехнологиянын чыгым-дарынын беш түрү боюнча: күйүүчү-майлоочу материалдар; үрөн; минералдык жер семирткичтер; сырттан келген механизациялаштырылган жумуштун кызмат акысынтөлөө; жалданып иштегендерге эмгек акы. 10-статья. Камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоо жана аны төлөөнүн тартиби 1. Өсүмдүк продукцияларынын ар бир түрү боюнча камсыздандыруу акы-сынын өлчөмү камсыздандыруу келишими менен аныкталат, бирок ушул Мый-замда белгиленген жана тиешелүү камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөнкамсыздандыруу тарифинин өлчөмүнөн көп болбоого тийиш. Камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекеттик субсидиялоону эсепке алууменен камсыздандыруу келишиминде белгиленген өсүмдүк продукцияларынынтүрү боюнча камсыздандыруу суммасынан процент менен эсептелген камсыз-дандыруу тарифтеринин төмөнкү максималдуу өлчөмдөрү аныкталат:-----------------------------------------------------------------------| Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Камсыздандыруу суммасынан || | процент менен ||------------------------------------|--------------------------------||Кылкандуу дан эгин | 2,0 ||Дандык жүгөрү | 1,0 ||Төө буурчак | 1,3 ||Кант кызылчасы | 0,8 ||Пахта | 0,5 ||Тамеки | 1,5 |----------------------------------------------------------------------- 2. Айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандырганда айылдык товарөндүрүүчүлөр өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу акысынын 50%,калган 50% - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт. Кам-сыздандыруу акысы камсыздандырылган өсүмдүк продукцияларынын түрүнүнчыгымына (өздүк наркына) киргизилет. 3. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу акысын камсыздалуучу кам-сыздандыруучуга бир жолу же камсыздандыруу келишими менен аныкталганмөөнөттө жана тартипте узартып төлөйт. Бир жолу төлөө шартында түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнчакамсыздалуучу камсыздандыруу акысын убагында төлөбөгөн учурда камсыз-дандыруу келишими түзүлбөгөн болуп саналат. Камсыздандыруу келишиминде узартып төлөө шарттарында белгиленгенкамсыздандыруу акысын убагында төлөбөсө камсыздандыруучу Кыргыз Респуб-ликасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө кам-сыздалуучу үстөк айып төлөөгө милдеттүү. Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги камсыздандыруу акысын төлөйэлекте келсе же төлөө мөөнөтүнөн өтүп кетсе, камсыздандыруучу төлөбөйкалган камсыздандыруу акысынын суммасына чегерип, аны азайтып коюгаакылуу. 11-статья. Камсыздандыруу төлөм ченемин жана аны ишке ашыруу тартибин аныктоо 1. Камсыздандыруу төлөмү франшизди колдонбостон камсыздалуучутарткан зыяндын өлчөмүндө берилет. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууда (шарттуу же шартсыз) фран-шизди белгилөөгө камсыздалуучуга жол берилбейт, аны белгилеген учурдаал жараксыз деп эсептелет. 2. Зыяндын өлчөмү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан мезгилин-де аныкталган өсүмдүк продукциясынын түрүн өндүрүү бир гектарга кеткенчыгымдын нормативинин өлчөмү менен жагымсыз табигый кубулуштун таасири-не дуушар болгон өсүмдүк продукциясын өндүргөн бир гектардан алына тур-ган кирешенин ортосундагы оњ айырма катары аныкталат. Жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттын өлчөмүн, камсызда-луучунун арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз ал-дынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө камсыздалуучу арыз бергенкүндөн тартып беш күндүн ичинде түзүлгөн комиссия аныкташы керек. Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тар-магындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, статистика боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрометеорологиялык кызмат орга-нынын жана/же өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын, агенттин, камсыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрүкиришет. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча комиссия текшерүү жүргөн күнүыњгайсыз табигый кубулуштардын же алардын жыйындысынын ар бир фактысыжана ыњгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан же кором-жулукка, зыянга дуушар болгон өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча 3нускада тиешелүү акты түзөт (мындан ары - текшерүү актысы). Текшерүүактысына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюп, андан соњ агенттин, кам-сыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрүнө берилет. Эгерде ко-миссия мүчөлөрүнүн бири кабыл алынган чечимге макул болбосо жана тек-шерүү актысына кол койбосо ал өзүнүн баш тартуу себептерин жазуужүзүндө комиссияга берет жана ал текшерүү актысына тиркелет. Ыњгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан, себүүаянттарынын айрым бөлүгү зыянга учураган аянттардан жыйналып алынганпродукциянын көлөмү түшүм жыйноодо сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Себүүаянттары толук зыянга учураганда тарткан зыян өсүмдүк өстүрүүчүдө кам-сыздандыруу келишимин түзгөн учурга белгиленген өсүмдүк продукциялары-нын түрүн 1 гектарга өндүрүү чыгымдарынын ыњгайсыз табигый кубулуштар-дын таасирине чалдыккан продукциянын ошол түрү өндүрүлгөн аянткакөбөйтүлгөн чыгымдарынын нормативинин өлчөмү катары аныкталат. 3. Киреше ыњгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүкпродукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн саткандан кийин эсептелүүчү ишжүзүндөгү болушу мүмкүн. 4. Киреше түшүмдү жыйнап алгандан кийин эсептелүүчү жана ыњгайсызтабигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүнбардык көлөмүн сатканга чейин бааланышы мүмкүн. Камсыздалуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча баалануучу кирешеникамсыздандыруучу аныктайт. Макул болбогон учурда баалануучу киреше баа-лоочу (көз карандысыз эксперт) тарабынан аныкталат. Баалоонун натыйжа-ларына макул болбогондо тараптар башкача далилдөөгө укуктуу. Себүү аянттары толук зыянга учураганда баалоо кирешесин аныктоокамсыздалуучу тарабынан жүргүзүлбөйт. 5. Өсүмдүк продукцияларынын түшүмү жарым-жартылай коромжулуккаучураса камсыздандыруу төлөмү бир айдан кийин, бирок түшүм жыйнообүткөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт. Мында киреше төмөнкүдөй тартипте эсептелет: 1) эгерде алынган түшүм сатылса ушул статьянын 3-пунктуна ылайык; 2) эгерде алынган түшүм сатылбаса ушул статьянын 4-пунктуна ыла-йык; 3) эгерде алынган түшүмдүн айрым бөлүгү сатылса ушул статьянын3-пунктуна ылайык, ал эми түшүмдүн сатылбаган бөлүгүнө киреше ушулстатьянын 4-пунктуна ылайык эсептелет. 6. Себилген үрөн толук зыянга учураса камсыздандыруучу комиссиянынкорутундусунан кийин он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздалуучуга камсыз-дандыруу төлөмдөрүн толук көлөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү. Себүү аянты толук зыянга учураганын комиссия тиешелүү текшерүү ак-тысын милдеттүү түрдө түзүү менен белгилейт. 12-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруунун жалпы шарттары 1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап камсыз-дандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө мененкамсыздалуучу тарабынан жазуу жүзүндө берилет. 2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтертиркелет: - камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү; - талаанын жайгашуу картасынын (схемасынын) көчүрмөсү; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын болуу фактысын тастыктаган гидро-метеорологиялык кызмат органынын жана (же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ый-гарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардыбелгилөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрацияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына камсыздалуучу-нун арызынын көчүрмөсү, арызды кабыл алуу жөнүндө белги болушу керек; - тизмеси камсыздандыруу келишиминде белгилене турган иш жүзүндөалынган кирешени тастыктоочу документтер, алар жок болсо - себүү аянты-нын айрым зыянга учурашы менен алынган кирешени баалоо жөнүндө баалоо-чунун (көз карандысыз эксперттин) отчету. Камсыздалуучудан башка документтерди камсыздандыруучунун кошумчаталап кылышына жол берилбейт. 3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу камсыздалуучуга до-кументтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күндү көрсөтүү ме-нен маалымкат берүүгө милдеттүү. 13-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан камсыздандыруучуну бошотуунун негиздери 1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн уламболсо, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүнөн толук же айрым баш тар-тууга укуктуу: - өтө зарылдыктан улам жасалган иш-аракеттерди кошпогондо камсыз-дандыруу учурунун келип чыгышына багытталса же болбосо ал учурдун кели-шине көмөктөшүүчү камсыздалуучунун атайылап жасаган иш-аракетинен; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кам-сыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же администра-циялык укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш-аракетинен. 2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырууда камсыздандыруучунун баштартышы үчүн төмөнкүлөр да негиз болушу мүмкүн: - камсыздандыруу объекти, камсыздандыруу тобокелдиги, камсызданды-руу учуру жана анын кесепеттери жөнүндө камсыздандыруучуга камсыздалуу-чунун атайын жалган маалыматтарды билдириши; - камсыздандыруу учуру келген жагдайларды териштирүүдө жана агакелтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучуга камсыздалуучу-нун жолтоо кылышы; - камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу камсыздандыруучугакабар кылбоо, эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгенди-ги жөнүндө камсыздандыруучунун өз убагында билгени далилденбесе же бол-босо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу камсыздандыруутөлөмүн ишке ашыруу боюнча анын милдетине таасир этпесе; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардынөлчөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына арыздарушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунун алтынчы абзацында белгиленгенмөөнөттөрдү бузуу менен берилсе; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган башкаучурлар. 3. Камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди камсыздан-дыруучу кабыл алат жана ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда ка-ралган бардык документтерди берген күндөн тартып жети календардыккүндүн ичинде баш тартуу себептерин негиздөө менен камсыздалуучуга жа-зуу жүзүндө билдирилет. 4. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартышыкамсыздалуучу тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн. 14-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо 1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдооыњгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыздандыруу-чулар боюнча камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 50 процентининордун толтуруу, ошондой эле камсыздандыруучуга түзүлгөн келишим боюнчакамсыздандыруу акысынын 50,0 процентин төлөө үчүн ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органга тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндөмыйзамда аныкталган бюджеттик каражаттарды бөлүү аркылуу ишке ашырылат. 2. Республикалык айыл чарбалык камсыздандыруу фонду айыл чарбаөсүмдүктөрүн камсыздандыруу келишими боюнча түшкөн камсыздандыруу акы-ларынын жалпы суммасынын 5,0 процент өлчөмүндө камсыздалуучулардын че-герүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. Бул каражаттардын эсебинен өсүмдүкөстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган агенттин кыз-мат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү жүргүзөт. Агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө каралган каражатөсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мененагенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык коммерциялык банктагыагенттин учурдагы эсебине которулушу мүмкүн. 3. Агентке өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган менен агенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизиндеөсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тара-бынан берилүүчү каражаттарды башкарууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык системасында белгиленгентартипте учурдагы эсеп ачылат. Убактылуу бош каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-гиндеги Казыначылык системасындагы учурдагы эсептен Борбордук казыначы-лыктын макулдугу менен республиканын банк мекемелериндеги депозиттердебелгиленген тартипте жайгаштырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-масындагы учурдагы эсептин киреше бөлүгү келишимдин негизинде өсүмдүкөстүрүлүүчү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген бюджет-тик каражаттардын жана убактылуу бош каражаттарды депозиттерге жайгаш-тыруудан түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-масындагы учурдагы эсептин чыгаша бөлүгү депозиттерде жайгаштыруу сум-масын, камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн жанатүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын жарымы-нын ордун толтурууга чыгымдарды камтыйт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги Казыначылык систе-масындагы учурдагы эсепте финансылык жылдын аягындагы каражаттардынкалдыгы Борбордук казыначылыктын алыш-бериш эсебинде эске алынат жанафинансылык жыл аяктаганда бюджетке кайтарылууга тийиш. 15-статья. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби 1. Агентке карата камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруужөнүндө талап камсыздандыруу акысын төлөө үчүн зарыл документтердитиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилет. 2. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө арызгатөмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш: - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу акысынын жарымынтөлөгөндүгүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы - түп нускасы,камсыздандыруучудан камсыздандыруу акысынын жарымын алгандыгы жөнүндөкамсыздалуучунун күбөлөндүргөн мөөрү менен кириш ордеринин дубликаты). Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген талаптарга дал келбегендиги аныкталса, кемчиликтердичеттетүү үчүн документтер камсыздандыруучуга кайтарылып берилет, мындаордун толтуруу мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсепте-лет, бирок ал 10 жумушчу күнүнөн ашпашы керек. 3. Агент камсыздандыруучу тарабынан атайылап жалган маалымат бе-рилсе, камсыздандыруу акысынын бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартуугаукуктуу. 4. Камсыздандыруучу берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп-туу. 16-статья. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби 1. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толту-руу жөнүндө агентке камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарылдокументтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндөарыз берүү менен талап коюлат. 2. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толту-руу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш: - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүн тастыктоочу документтер(төлөм тапшырмасы - түп нускасы, камсыздандыруучунун мөөрү мененкүбөлөндүрүлгөн, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүн бергендигижөнүндө чыгаша ордеринин дубликаты); - соттун чечими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн учурдасоттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү тиркелет; - себилген аянттын айрым бөлүгү зыянга учураганда кирешени баалоожөнүндө документтин камсыздандыруучу тастыктаган көчүрмөсү. Ушул статьянын 2-пунктунун биринчи бөлүгүндө каралган документтерКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбешианыкталган учурда документтер кемчиликтерди четтетүү үчүн камсызданды-руучуга кайтарылып берилет. Мында жүргүзүлгөн камсыздандыруутөлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун камсыздандыруучуга толтуруп берүү мөөнөтүдокументтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок жети жумушчукүнүнөн ашпоого тийиш. 3. Агент камсыздандыруучу ага атайылап жалган маалыматтарды бил-дирген жана (же) берген учурда камсыздандыруучуга жүргүзүлгөн камсыз-дандыруу төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу. 4. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоонунтууралыгы үчүн жооптуу. 17-статья. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери 1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу: - камсыздандыруу учуру келгенде камсыздалуучу жана баалоочу (көзкарандысыз эксперт) менен бирдикте ыњгайсыз табигый кубулуштардын таа-сирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын иш жүзүндөгү жана (же) баалоокирешесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө; - камсыздандыруу учуру келишинин фактысын тастыктоочу документтер-ди компетенттүү уюмдардан белгиленген тартипте суроого; - камсыздандыруу учуру келишинин натыйжасында камсыздандыруутөлөмүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн баалоочуну (көз карандысыз экспертти)ишке тартса, анын отчетун колдонууга; - бюджеттик каражаттардын эсебинен агенттен камсыздандыруутөлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуртууга; - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуш-тарды иштеп чыгууга жана аларды агентке киргизүүгө; - өз алдынча же баалоочуну (көз карандысыз экспертти) тартуу мененбаалоо кирешесин аныктоого. 2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - камсыздалуучунун зыян тартышынан улам камсыздандыруу учуру кел-генде ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде белгиленгенөлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздалуучу өндүргөн өсүмдүк продук-циясынын түрү боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыз-дандыруу учуру боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун тол-туртуп алуу үчүн агент менен камсыздандыруу төлөмдөрүнүн айрымбөлүгүнүн ордун толтуруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндөкелишим түзүүгө; - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жүргүзүү боюнча статистикажүргүзүүгө жана топтоого жана агенттин талабы боюнча ага берүүгө; - финансылык рынокту жана финансылык уюмдарды жөнгө салууну жанакөзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган менен алар иштеп чык-кан өсүмдүк өстүрүүдөгү камсыздандыруу эрежесин макулдашууга; - камсыздандыруучу менен агенттин ортосунда түзүлгөн типтүү кели-шимде каралган тартипте камсыздандыруу келишими түзүлгөн айдан кийинкиайдын 5инен кечиктирбестен камсыздандыруунун күчүнө кирген келишимдерижөнүндө агентке маалымат берүүгө; - камсыздалуучуну өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу эрежелерименен тааныштырууга; - камсыздандыруунун сырын камсыздоого; - ишке тартылган баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) кызматкөрсөтүүлөрүнө төлөөгө; - жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана анын өлчөмүнө тие-шелүү бардык соттук чечимдер жана/же аныктамалар жөнүндө алар чыкканкүндөн тартып үч күндүк мөөнөттө агентке маалымат берүүгө; - ыњгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда камсыздалуучунун арызыбоюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамында өз өкүлүныњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды текшерүүжүргүзүү үчүн жиберүүгө. 3. Камсыздандыруучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехно-логиясын сактоо боюнча талаптарды коюуга укугу жок. 4. Камсыздандыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам ак-тыларында жана камсыздандыруу келишиминде каралган башка укуктарга жанамилдеттерге ээ. 18-статья. Камсыздалуучунун укуктары жана милдеттери 1. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө укуктуу: - камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө камсыздандыруутөлөмдөрүн алууга; камсыздандыруу келишими боюнча камсыздалуучудан камсыздандыруушарттарын, өзүнүн укуктары менен милдеттерин түшүндүрүүнү талап кылуу-га; - келтирилген зыяндар жөнүндө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжаларыменен таанышууга; - камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан баш тартуу же анынөлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздалуучунун чечимин Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында жана камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте талашу-уга; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан себүү аянтын-да өстүрүлгөн өсүмдүк продукциясынын ар бир түрүнөн алынган ишжүзүндөгү же баалоо кирешесине баа берүүнүн натыйжаларына макул болбо-гон учурда сотко кайрылууга; - камсыздандыруу келишимин түзгөн учурда камсыздандыруу суммасынэсептөө үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн чыгымдардын нор-мативдеринин түрлөрүнүн бирин тандоого. 2. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттөкамсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө; - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тар-типте жана мөөнөттө камсыздандыруу акысын төлөөгө; - камсыздандыруу учурунун пайда болушуна алып келиши мүмкүн болгоныњгайсыз табигый кубулуштардын фактысы жөнүндө ага белгилүү болгондотоктоосуз, бирок 5 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бул тууралуу камсыз-дандыруучуга жеткиликтүү ыкмада (оозеки, жазуу түрүндө) кабарлоого. Оо-зеки түрдө кабарлоо кийин (жетимиш эки сааттын ичинде) жазуу жүзүндөтастыкталууга тийиш. Эгерде камсыздалуучу жүйөлүү себептер боюнчакөрсөтүлгөн аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал муну доку-менттик түрдө ырастоого тийиш; - агенттин, камсыздандыруучунун жана баалоочунун (көз карандысызэксперттин) өкүлдөрүнө ыњгайсыз жаратылыш кубулушу болгон аймакты карооүчүн шарттарды камсыздоого, жыйым-терим иштери аяктаганга чейин себүүаянтынын абалына байкоо жүргүзүү үчүн аларга тоскоолдук кылбоого; - ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардыаныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик админист-рациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гидрометеорологи-ялык кызмат органынын жана/же өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын мындай кырсыктын фактысын тастыктоочу маалымкатта-ры болгондо себүү аянттарына терс таасир аныкталгандан кийин үч жумушчукүнүнүн ичинде арыз берүүгө; - айдап-себүүнүн ар бир өзүнчө талаасына өзүнүн материалдык-акча-лай кызыкчылыгын камсыздандырууга; - камсыздандыруу учурларынан зыяндарды азайтууга чаралардыкөрүүгө; - камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн ушул Мыйзамдын 12-статьясы-нын 2-пунктунда саналган документтерди камсыздалуучуга берүүгө. 3. Камсыздалуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана камсыз-дандыруу келишиминде каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ. 19-статья. Агенттин укуктары жана милдеттери 1. Агент төмөнкүлөргө укуктуу: - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуш-тарды иштеп чыгууга; - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү тажрыйбасынжалпылоого; - өздөрүнүн укуктарын жана ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууүчүн камсыздандыруунун катышуучуларынан зарыл маалыматты, анын ичиндекамсыздандыруунун жашыруун сырын камтуучу маалыматтарды сурап алууга. 2. Агент төмөнкүлөргө милдеттүү: - өсүмдүк продукциясынын белгилүү бир түрүн өндүрүүгө чыгымдардынбекитилген нормативдери жөнүндө камсыздандыруучуларга жана камсыздалуу-чуларга маалымат жеткирүүгө; - ыњгайсыз табигый кубулуш келип чыкканда камсыздалуучунун арызыбоюнча ыњгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан өсүмдүк про-дукциясын өндүрүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча жергиликтүү мамлекет-тик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабы-нан түзүлгөн комиссиянын курамында иш жүргүзүүгө; - ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдө бул Мыйзамдын 16-статьясы-нын 2-пунктуна ылайык документтерди алган күндөн тартып жети жумушчукүнүнүн ичинде жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүн камсыз-дандыруучуга ордун толтурууга; - ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документ-терди алган учурдан тартып он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздандыруучугакамсыздандыруу акысынын жарымын төлөөгө; - ыњгайсыз жаратылыш кубулушунун кесепетинен келип чыккан камсыз-дандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордунтолтуруу үчүн келишимдердин бекитилген типтүү формаларынын негизиндекамсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун айрым толтуруунун тартиби жана шарт-тары жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө; - түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу акысы-нын жарымын төлөө жөнүндө камсыздандыруучу менен келишим түзүүгө. 3. Агенттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөнбашка милдеттери болот. 4. Камсыздандыруучуга акча агент менен келишимдин шарттарын кам-сыздандыруучу милдеттүү түрдө сактаганда камсыздандыруу төлөмү боюнчакамсыздандыруучу өз милдеттерин толук аткаргандан кийин гана ушулстатьянын 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө бөлүнөт. 5. Агенттин ишмердигин контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт. 20-статья. Гидрометеорологиялык кызмат органынын жана (же) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери 1. Гидрометеорологиялык кызмат органы жана (же) өзгөчө кырдаалдарбоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талаш маселелери келип чыкканучурда ыњгайсыз табигый кубулуштун фактысын тастыктоочу маалымкат даяр-доого, ыњгайсыз табигый кубулушка болжолдуу чалдыккан жерге баруу менентекшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 2. Гидрометеорологиялык кызмат органы жана (же) өзгөчө кырдаалдарбоюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыњгайсыз табигый кубулуштунфактысын тастыктоочу маалымкатты белгиленген тартипте төмөнкүлөргөберүүгө милдеттүү: 1) камсыздалуучуга - акысыз, беш календардык күндүн ичинде экинускада; 2) башка кызыкдар жактарга - белгиленген тартипте расмий жазуужүзүндөгү суроо-талап боюнча. 21-статья. Камсыздандыруу келишими 1. Камсыздандыруу келишимин түзүү өсүмдүк продукцияларынөндүрүүчүлөр (камсыздалуучулар) жана камсыздандыруучулар үчүн ыктыярдууболуп саналат. 2. Камсыздандыруу келишими календардык жылдын 10 айлык мөөнөтүнөкеминде эки нускада жазуу жүзүндө түзүлөт. 3. Өсүмдүк продукцияларынын түрлөрү боюнча камсыздандыруу келиши-мин түзүү мөөнөтү - айдап-себүү бүткөндөн кийин он беш календардыккүндөн кечиктирбестен. 4. Камсыздандыруу келишими колдонулушун төмөнкү учурларда токто-тот: 1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө; 2) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде орун алган бардык камсыз-дандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөндө. 5. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык ко-дексинде белгиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн. 6. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишими боюнча пайдаалуучу камсыздалуучу же пайдасына келишим түзүлгөн башка жак болуп са-налат. 22-статья. Талаш-тартыштарды кароо тартиби Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу боюнча мамилелерден келипчыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген тартипте каралат. 23-статья. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 24-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби Бул Мыйзам баалоочуларды (көз карандысыз эксперттерди) лицензияло-ого тиешелүү жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 3ай өткөндө күчүнө кирет, ал жоболор "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоолор киргизилген учурдан тартыпкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти