Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 18-июлу № 384 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясынын негизиндеКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштыкмүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу(мындан ары - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу) системасынынукуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин жана системанын ка-тышуучуларынын өз ара мамилелерин аныктайт. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасы 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасынын максаты жа-ратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын таасиринин кесепетинен бузул-ган турак жайлардын менчик ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын жана туракжайларды пайдалануучулардын турак жайга укуктарын коргоо болуп саналат. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасы Кыргыз Респуб-ликасынын бардык аймагына жайылтылат. 3. Турак жайлардын менчик ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын жанатурак жайларды пайдалануучулардын турак жайга укуктарын камсыздандыруу-ну коргоо системасын жүзөгө ашырууну камсыз кыла турган ыйгарым укуккаээ уюм болуп Турак жайлардын ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунунадистештирилген кепилдик фонду саналат. 4. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасынын катышуучу-лары болуп төмөнкүлөр саналат: - камсыздалуучулар; - камсыздандыруучулар; - Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун адис-тештирилген кепилдик фонду; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. 2-статья. Негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланы-лат: турак жай - белгиленген техникалык, санитардык жана башка мил-деттүү талаптарга жооп берген, туруктуу жашоо үчүн арналган жана пайда-ланыла турган өзүнчө турак жай бирдиги (жеке турак үй, квартира, жата-канадагы же коммуналдык квартирадагы бөлмө); турак жайды пайдалануу - турак жайды колдонуу (жашап туруу, ижара-га берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаганбашка максаттарга пайдалануу); турак жай ээси - менчиктин ээси, ошондой эле чарба жүргүзүү жеоперативдүү башкаруу же башка мыйзамдык негиздеги (ижаралоо укугуна,ишеним кат боюнча башкаруу укугуна, ушул адамга өткөрүп берүү жөнүндөтиешелүү органдын буйругунун күчүндө) укукка ээ адам; турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыяр-дуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) (мын-дан ары - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими) - ал боюнчакамсыздандыруучу келишимде аныкталган өлчөмдүн (камсыздандыруу өлчөмү)чегинде ушул окуянын кесепетинен турак жайга келтирилген зыянды (кам-сыздандыруу кайтарымын төлөп берүү) камсыздалуучуга же анын мыйзамдууөкүлүнө келишимде каралган окуя болгон учурда (камсыздандыруу учуру)келишимде шартталган төлөмдү (камсыздандыруу сый акыны төлөө) төлөпберүүгө милдеттене турган камсыздандыруу келишими. Ыктыярдуу жењилде-тилген камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамда каралган тартипте жанашартта түзүлөт жана ачык-айкын болуп саналат; - камсыздалуучу - турак жайдын менчик ээси, ага мыйзамдык негиздеээ болгон, пайдаланган же тескеген жана ыктыярдуу жењилдетилген камсыз-дандыруу келишимин камсыздандыруучу менен түзгөн юридикалык же жекежак; камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген тартипте камсыздандыруу ишмердигине көзөмөл боюнча аткаруу бийлиги-нин органы тарабынан берилген уруксатка (лицензияга) ылайык жаратылыш-тык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды ыктыярдуу жењилдетил-ген камсыздандырууну ишке ашыруу укугуна ээ болгон камсыздандыруу уюму; камсыздандыруу суммасы - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруукелишими боюнча камсыздандыруу кайтарымын төлөөгө камсыздандыруучу мил-деттенген сумма; камсыздандыруу кайтарымы - камсыздандыруу учуру болгондо чыгымдыжабууга ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыз-дандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма; камсыздандыруу учуру - жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын(жер титирөө, сел, жер көчкү, жер кыртышынын чөгүшү, таш кулоо, жердинчөгүп кетиши, суу ташкыны, катуу шамал, ак жаан, катуу жамгыр, калыњкар, катуу бороон, мөндүр, токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагыөрт, чагылгандын түшүшү, ошондой эле газ менен камсыз кылуу системасын-дагы газдан келип чыккан өрт, газдын жарылышы, жылытуу, суу түтүгү, ка-нализация, электр өткөрүү жана электр азыктануу, ички суу түшүү систе-маларындагы, анын ичинде жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардынкесепетинен келип чыккан камсыздандырылган турак жайдан тышкары болгонавариялар) болушу менен камсыздандыруучунун камсыздалуучуга камсыздан-дыруу кайтарымын төлөп берүү милдеттенмеси келип чыккан окуя (туракжайдын бузулушу же талкаланышы); зыян - камсыздандыруу учуру болгондугунун натыйжасында турак жайгакелтирилген чыгым же жоготуу; камсыздандыруу наркы - камсыздандырылган турак жайдын камсыздалуу-чу жана камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн ыктыярдуу жењилдетилгенкамсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн наркы; камсыздандыруу сый акы - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруукелишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө камсыздалуучу камсыздан-дыруучуга төлөөгө милдеттүү болгон, ыктыярдуу жењилдетилген камсыздан-дыруу келишими менен шартталган төлөм; камсыздандыруу чегерүүлөрү - ыктыярдуу жењилдетилген камсызданды-руу келишиминин шартына ылайык камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу-чуга мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу сый акысы; камсыздандыруу тарифтери - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруукелишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгын аныктоо учурунда камсыздандыру-учу тарабынан колдонуучу жана базалык ставкалардан жана коэффициенттер-ден турган ушул Мыйзамга ылайык белгиленген баа ставкалары; камсыздандыруу резервдери - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруубоюнча алынган төлөмдөрдөн камсыздандыруучулар тарабынан кабыл алынганкамсыздандыруу милдеттерин алар тарабынан аткарууну камсыз кылуу макса-тында түзүлүүчү атайын акча фонддору; камсыздандыруу субсидиялары - бузулган турак жайды калыбына кел-тирүү же талкалангандын ордуна башка турак жайды куруу үчүн зарыл мате-риалдардын жана жумуштардын наркын төлөө үчүн арналган камсыздандырууучурлары боюнча камсыздандыруу кайтарымы төлөмдөрүнүн Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тара-бынан кепилдик берилген үлүшү. Камсыздандыруучу тарабынан камсызданды-руу субсидияларын максатсыз пайдалануу кийин камсыздандыруу субсидияла-рын алуу укугунан ажыратат; компенсациялык төлөмдөр - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруубоюнча камсыздандыруу кайтарым төлөмүн жүргүзүүгө камсыздандыруучугакудуретсиздик жол-жобосун колдонуунун натыйжасында мүмкүн болбогонучурда зыяндын ордун толтуруу эсебине ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүүчүтөлөмдөр; жоопкерчилик өлчөмү - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу тар-тибинде камсыздандырылган турак жайларга карата келип чыккан камсыздан-дыруу учурлары боюнча камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөгү Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры тарабынан кепилдик берилген үлүшү; камсыздандыруу сый акыларын (чегерүүлөрүн) тењ каржылоо - түзүлгөныктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсызданды-руу сый акыларын (чегерүүлөрүн) төлөө боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан кепилдик берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүлүшү; камсыздандыруучунун өкүлү - камсыздандыруучунун обочолонгон бөлүм-чөлөрү (филиал же өкүлчүлүк) же тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ жекеадам; зыян тартуучу - табигый кырсыктардын кесепетинен келип чыкканмүлктүк зыян (турак жайлардын бузулушу же талкаланышы) тарткан жаран. 3-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун негизги принциптери Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун негизги принциптери бо-луп төмөнкүлөр саналат: - камсыздандыруу сыйлыгын (чегерүүлөрүн) төлөө боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги; - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу тартибинде камсызданды-рылган турак жайларга келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүдө КыргызРеспубликасынын Өкмөтү белгилеген жоопкерчилик өлчөмүнүн чегинде кайта-рып берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги; - өзгөчө кырдаалдарда турак жайдын ээлери тарабынан камсыздандыру-унун ыктыярдуулугу жана жењилдиги. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу тартибинде камсыздандырыл-баган жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулганже талкаланган турак жайлар жыл сайын бул Мыйзамды жүзөгө ашырууну кам-сыз кылуу үчүн бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсеби-нен калыбына келтирүү чыгымдарынын ордун толтурууга же калыбына келти-рилүүгө жатпайт. 4-статья. Табигый кырсыктардан турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 1. Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык ко-дексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларынан турат. 2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаганэл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер карал-ган болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. 5-статья. Турак жай ээлеринин ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандырууга укуктары 1. Турак жай ээлери ушул Мыйзамда каралган шарттарда жана тартиптеөздөрүнө тиешелүү турак жайларын табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкамсыздалуучу катары камсыздандыра алышат. Турак жайларды камсызданды-руу укуктары менчиктеринин түрүнө карабастан турак жайлардын бардык ээ-лерине жайылтылат. 2. Өздөрүнүн турак жайларын ушул Мыйзамга ылайык ыктыярдуу жењил-детилген камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелчилигине кирбегенокуялардын болуп калуу учурунан камсыздандырууну каалаганда "КыргызРеспубликасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына ылайык өздөрүнүн турак жайларын кошумча ыктыярдуу камсыз-дандыруу укугуна ээ. Эгер камсыздалуучулардын мүлкү нарктын камсыздандыруу бөлүгүндөгана камсыздандырылса, камсыздалуучу (пайда табуучу) камсыздандыруунунбардык келишимдери боюнча жалпы камсыздандыруу суммасы камсыздандыруунаркынан ашпагандай кылып кошумча камсыздандырууну жүргүзүүгө укуктуу.Мында, мүлктү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруусуммасы камсыздандыруу наркынан ашкан учурда, келишим камсыздандыруунаркынан ашкан камсыздандыруу суммасы жагында жокко чыгарылат. II глава Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандырууну жүргүзүүнүн шарты жана тартиби 6-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу камсыздалуучу менен кам-сыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн ыктыярдуу жењилдетилген камсыздан-дыруу келишимдин негизинде жүргүзүлөт. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими ыктыярдуужењилдетилген камсыздандыруу боюнча ишмердикти жүргүзүү укугуна лицен-зиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлүүгө тийиш. Камсыздалуучукамсыздандыруучуну тандоодо эркин болот. Камсыздандыруучу ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминтүзүүдө камсыздалуучудан баш тартууга укуктуу эмес. 3. Камсыздандыруучулардын ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруукелишимдеринин шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ыктыяр-дуу жењилдетилген камсыздандыруунун типтүү келишиминин шарттарына жанаКыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш келүүсү тийиш. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча, камсызда-луучу камсыздандыруу сыйлыгын төлөөгө, ал эми камсыздандыруучу камсыз-дандыруу учуру болгондо, ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө, тартиптежана мөөнөттө камсыздалуучуга же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө камсызданды-руу кайтарымдын төлөмүн аткарууга милдеттенет. Ыктыярдуу жењилдетилгенкамсыздандыруу келишиминде камсыздалуучунун турак жайынын рынок наркын-да аныкталган баасынын негизинде камсыздандыруу өлчөмү көрсөтүлөт. 4. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими камсыздандыруу-чу камсыздалуучуга камсыздануу полисин берүү жолу менен жазуу түрүндөтүзүлөт. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негизболуп камсыздалуучунун арызы эсептелет. 5. Камсыздандыруу полисинде камсыздандыруучунун жана анын КыргызРеспубликасынын аймагындагы өкүлдөрүнүн турган орду жана почталык даре-ги, алар менен байланыштуу каражатынын жана алардын иштөө убактысыжөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек. 7-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу объекттери 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу объекттери болуп туракжайлар, анын ичинде түзүүчү элементтери, жасалгалоо элементтери, инже-нердик жабдуулар жана анын ички коммуникацияларынын элементтери эсепте-лет. 2. Төмөнкүдөй турак жайлар ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу-га жатпайт: а) авариялык абалда турган же авариялык абалдагы үйдө (курулушта)жайгашкан; в) милдеттенмелер боюнча төлөтүп алуу коюлган; г) жер участогун алууга байланыштуу ажыратууга тийиш үйдө (куру-лушта) жайгашкан; д) конфискацияга тийиш; е) компетенттүү органдар тарабынан коркунучтуу жайлардан көчүрүүгөэскертүү берилген турак үйлөр, турак жай объекттери; ж) уруксат берүүчү документтери жана каттоосу жок тургундардын ту-рак үйлөрү, турак жай объекттери. 8-статья. Камсыздандыруу учурлары 1. Камсыздандыруу учурлары болуп жаратылыш мүнөзүндөгү өзгөчө кыр-даалдардан улам болгон окуялардын натыйжасында, Кыргыз Республикасында-гы өзгөчө кырдаалдардын классификациясына жана аларды баалоо критерий-лерине ылайык ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу шарттарында кам-сыздандырылган турак жайдын бузулушу же талкаланышы таанылат. 2. 1-пунктта аталган окуяларга төмөнкүлөр кирет: - жер титирөөдөн улам кыйроолор; - атмосфералык жаан-чачындардын, суу ташкындарынын, бийик тоолуутабигый көлдөрдүн тосмолорунун жырылышынын, жер алдындагы суулардындењгээлинин көтөрүлүшүнүн, дарыялардын нугунун өзгөрүшүнүн ж.б. натый-жасындагы суу каптоолор; - ылай таштуу көчкүнүн басып калышы; - пайдалуу кендердин таасири; - таш кулоо; - токойлуу жана ылай кыртыштарда жердин чөгүп кетүүсүнүн натыйжа-сында кыйроо; - кар же муз көчкүлөрүнүн басып калышы; - катуу шамалдан, бороондон, куюндан, эњ катуу шамалдан улам кый-роо; - чагылгандан улам бузулуулар; - жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келипчыккан өрт (өрттөгү жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын тааси-ри), анын ичинде камсыздандырылган турак жайдан сырткары чыккан; - жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келипчыккан жылытуу, суу түтүгү, канализация, электр өткөрүү жана электразыктандыруу, ички суу чыгаруу түтүктөрү системаларындагы, анын ичиндекамсыздандырылган турак жайдан сырткары чыккан авариялар. 9-статья. Камсыздалуучунун укуктары жана милдеттери 1. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө укуктуу: а) ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминин аракеттенүүмезгилинде камсыздандыруучу менен макулдашуу боюнча камсыздандыруу сум-масын же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин көлөмүн көбөйтүүгө/азай-тууга; б) ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимин (камсызданды-руу полисинин) жоготуп алган учурда анын көчүрмөсүн алууга; в) турак жайга келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каран-дысыз эксперттин кызматын пайдаланууга; г) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынанжүргүзүлгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандыруукайтарымынын өлчөмүнүн эсебинин жыйынтыктары менен таанышууга; д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте камсыз-дандыруучунун камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөн баш тартуу же анынөлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин талашууга. 2. Камсыздалуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: а) ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүнзарыл болгон маалыматты камсыздандыруучуга берүүгө; б) камсыздандыруу сый акыларын ыктыярдуу жењилдетилген камсыздан-дыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө төлөөгө; в) камсыздандыруучуга камсыздандыруу учуру болгондугу жөнүндө үчжумушчу күндүн ичинде билдирүүгө; г) камсыздандыруу учурунда түзүлгөн кырдаалда зыянды болтурбоо жа-на өлчөмүн азайтуу боюнча акыл-эстүүлүк жана жеткиликтүү чаралардыкөрүүгө; д) камсыздандыруу учуру болгондон кийин камсыздандыруучунунөкүлүнө турак жайды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; е) камсыздандыруучуга камсыздандыруу учурунун болуу себептери,жүрүшү жана кесепеттери жөнүндө, ошондой эле келтирилген зыяндын мүнөзүжана өлчөмү жөнүндө талдоого мүмкүнчүлүк берүүчү бардык маалыматтарды(зарыл болгон учурда - жазуу түрүндө) жана документтерди берүүгө. 3. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына каршы келбеген камсыздалуучунун башка укукта-ры жана милдеттери каралышы мүмкүн. 10-статья. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери 1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу: а) тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан алардын компе-тенциясына ылайык, камсыздандыруу учуру болгон фактыны жана турак жайгакелтирилген зыяндын өлчөмүн далилдеген документтерди суроого; б) зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча компетенттүү органдардын комис-сиясынын ишине катышууга; в) камсыздандыруу учуру болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баа-лоо жана камсыздандыруу кайтарымынын өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды-сыз эксперттин кызматынан пайдаланууга; 2. Камсыздандыруучу милдеттүү: а) ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыз-далуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө; б) камсыздандыруу учурунун белгилери бар окуя пайда болгон учурдакамсыздандыруу кайтарымынын өлчөмүн көрсөтүү менен камсыздандыруу акты-сын түзүүгө жана аны таанышуу үчүн камсыздалуучуга берүүгө; в) камсыздандыруу учурун тааныганда турак жайды ыктыярдуу жењилде-тилген камсыздандыруунун Адистештирилген кепилдик фонду менен бирдиктеаны төлөп берүү жөнүндө арызды жана камсыздандыруу учуру болгондугунырастоочу бардык зарыл документтерди алган күндөн тартып отуз күндүничинде камсыздандыруу кайтарымын төлөөгө; г) камсыздандыруу учурунда аларга чыгымдардын алдын алуу же зыяндыазайтуу максатында келтирилген чыгымдарды камсыздалуучуга төлөпберүүгө; д) камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөн баш тартуу үчүн негиздерболгон учурда бул жөнүндө камсыздалуучуга баш тартуунун себептерин не-гиздөө менен отуз күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого; е) камсыздандыруунун жашырын сырын камсыз кылууга. 3. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына каршы келбеген камсыздандыруучунун башкаукуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн. 11-статья. Камсыздандыруу өлчөмү 1. Камсыздандыруучу ар бир камсыздандыруу учуру болгон шартта(камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде алардын санынакарабастан) жабырлануучуга келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттен-ген камсыздандыруу суммасы ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу кели-шиминде көрсөтүлгөн турак жайдын наркын эске алуу менен аныкталат. 2. Камсыздандыруучу турак жай жарым-жартылай бузулган учурда кам-сыздандыруу кайтарымын төлөп берүүнү тараптардын макулдашуусунда анык-талган турак жайдын камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнө карата пропорци-ялуу катышта жүргүзөт. 12-статья. Камсыздандыруу тарифтери 1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамгаылайык камсыздандыруу тарифтерин же алардын чектик дењгээлдерин, ошон-дой эле камсыздандыруу тарифтеринин түзүмүн жана аларды колдонуу тарти-бин орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылат. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу боюнча камсыздандыруутарифтери (алардын чектик дењгээлдери), ыктыярдуу жењилдетилген камсыз-дандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акыларын аныктоодо камсыз-дандыруу тарифтеринин түзүмү жана аларды камсыздандыруучулар тарабынанколдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 3. Белгиленген камсыздандыруу тарифтеринин колдонуу мөөнөтү алтыайдан кем болбоого тийиш. Камсыздандыруу тарифтеринин өлчөмүнүнөзгөрүшү ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыз-далуучу төлөгөн учурда колдонууда болгон камсыздандыруу тарифтерине жа-раша анын колдонуу мөөнөтүндө камсыздандыруу сый акысынын өзгөрүшүнөтаасирин тийгизбейт. 4. Камсыздалуучулардын башка категориялары үчүн камсыздандыруу сыйакыларынын өлчөмүн жогорулатуунун эсебинен камсыздалуучулардын айрымкатегориялары төлөгөн камсыздандыруу сый акыларына толук же жарым-жар-тылай компенсацияларга жол берилбейт. 5. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө ар жылдагы ста-тистикалык маалыматтар камсыздандыруу ишмердиги үчүн көзөмөл боюнча ый-гарым укуктуу орган тарабынан расмий жарыяланууга тийиш. 6. Камсыздандыруу тарифтери базалык ставкалардан жана коэффициент-терден турат. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнчакамсыздандыруу сый акылары камсыздандыруу тарифтеринин базалык ставка-ларынын жана коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары эсептелет. 7. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирген коэффициенттертөмөнкүлөргө жараша белгиленет: - турак жайдын жайгашкан жерине; - турак жайдын түзүүчү элементтеринин жана жабдууларынын типтеринежана материалдарына; - камсыздандыруу тобокелчилигинин чоњдугуна олуттуу таасир этүүчүбашка жагдайларга. 8. Ушул Мыйзамга ылайык белгиленген камсыздандыруу тарифтери кам-сыздандыруучулар тарабынан милдеттүү колдонууга жатат. Камсыздандыруу-чулар белгиленген камсыздандыруу тарифтеринен башка ставкаларды жана(же) коэффициенттерди колдонууга укугу жок. 13-статья. Камсыздандырууну жүргүзүү тартиби 1. Камсыздандыруу турак жайдын ээси тарабынан камсыздандыруучу ме-нен ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуужүргүзүлөт. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимин түзүүдө кам-сыздандыруучу камсыздалуучуга камсыздандыруу полисин тапшырат. Ыктыяр-дуу жењилдетилген камсыздандыруу жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган документиболуп камсыздандыруу полиси эсептелет. 3. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими токтотулгандакамсыздандыруучу келип түшкөн камсыздандыруу учурларынын саны жанамүнөзү, жүргүзүлгөн жана алдыда турган камсыздандыруу төлөмдөрүнтөлөөлөр, камсыздандыруунун узактыгы жөнүндө, ошондой эле ушул келишим-дин колдонуу мезгилиндеги ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруужөнүндөгү башка маалыматтарды (мындан ары - камсыздандыруу жөнүндө маа-лыматтар) камсыздалуучуга берет. Камсыздандыруу жөнүндө маалыматтаркамсыздандыруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жана акысыз берилет. 4. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун камсыздандыруу поли-синин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 14-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтү 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминин колдонуумөөнөтү ушул статья менен мындай келишимдердин колдонууларына башкамөөнөттөр каралган убактардан башка учурларда бир жылды түзөт. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими, эгер анда баш-ка тартиптер каралбаган болсо, камсыздандыруу сый акысынын же биринчикамсыздандыруу төлөмүнүн бардык өлчөмү төлөнгөн күндөн тартып күчүнөкирет жана камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн убакыттын ичинде кол-донулат. 3. Эгерде камсыздалуучу бул келишимдин аракеттенүү мөөнөтүбүтөөрүнө эки ай калганча камсыздандыруучуга аны узартуудан баш тартуужөнүндө кабарлабаса, анда ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу кели-шиминин аракеттенүүсү кийинки жылга узартылат. Узартылган ыктыярдуужењилдетилген камсыздандыруу келишиминин аракеттенүүсү камсыздандыруучукелерки жыл үчүн камсыздандыруу сыйлыгын төлөөнү 30 күндөн ашык эмесубакытка узарткан учурда токтотулбайт. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыз-дандыруу келишимин узартууда камсыздандыруу келишиминин аракет-тенүүсүнүн жањы мөөнөткө камсыздандыруу сыйлыгы ошол төлөнгөн күнгө ка-рата аракеттенип жаткан камсыздандыруу тарифтерине ылайык төлөнөт. 15-статья. Камсыздандыруучулар 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу кайрууларын төлөө талап-тарын кароого жана камсыздандыруу кайрууларын төлөөнү жүргүзүүгө укук-туу өзүнүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда кармооготийиш. 2. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандырууну жүргүзүүгө лицензияалуу үчүн кайрылган камсыздандыруу уюмуна карата зарыл талап болуп андамүлктөргө камсыздандыруу жүргүзүүнүн үч жылдан кем эмес тажрыйбасынынбар экендиги эсептелет. 3. Камсыздандыруучуларга атайын талаптарды Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекитет. 16-статья. Камсыздандыруучулардын камсыздандыруу боюнча операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөрү 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан жайларда жана аймактардатурак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдеринтүзүүнү уюштурууга жана такталган камсыздандыруучулардын жарнак кызмат-тарын жайгаштырууга тыюу салынбайт. 2. Камсыздандыруучулар ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруужүргүзүүдө аларга карата кудуретсиздик тартибин колдонууда өздөрүнүнмилдеттенмелерин аткаруунун эсебинен камсыздалуучуларга жүргүзүлүүчүкомпенсациялык төлөөлөрдү финансылык камсыз кылуу үчүн резерв (кепилдикрезерви) түзүшөт. 3. Камсыздандыруучулар ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруужүргүзүүдө камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүнүн 3 процентинин ыктыярдуужењилдетилген камсыздандыруунун Адистештирилген кепилдик фондуна чеге-ришет. 17-статья. Камсыздандыруучуну алмаштыруу 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыз-дандыруучуну алмаштыруу бул камсыздандыруучу менен тиешелүү лицензиясыбар башка камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизиндежүргүзүлүшү мүмкүн. 2. Камсыздандыруучуну алмаштырууга ыктыярдуу жењилдетилген камсыз-дандыруу келишимдери боюнча камсыздалуучулардын жана камсыздандыруу иш-мердигине көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдуктары мененжол берилет. Мындан тышкары, милдеттенмелери башка камсыздандыруучулар-га өтө турган ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдери боюнчакамсыздандыруу кайрымдарын төлөөнү жүргүзүүнү талап кылуучу камсыздалу-учулардын макулдугу зарыл. 3. Камсыздандыруучуну алмаштырууга камсыздалуучунун макулдугу ык-тыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелер-ди кабыл ала турган камсыздандыруучу тарабынан кат түрүндө суралат. Камсыздалуучу камсыздандыруучуну алмаштырууга макул болууга, жеандан баш тартууга укуктуу. Камсыздалуучу өзүнүн чечими жөнүндө ыктыяр-дуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелердиберүүчү же аларды кабыл алуучу камсыздандыруучуга кат түрүндө кабар-лайт. Камсыздандыруучуну алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө сунуштакамсыздалуучуга анын камсыздандыруучуну алмаштыруудан баш тартышыжөнүндө укугу түшүндүрүлүүгө тийиш. 4. Камсыздандыруу ишмердигине көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органтөмөнкү учурларда камсыздандыруучуларды алмаштырууга макулдук бербөөгөукуктуу, эгерде: - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдери боюнча агаберилип жаткан милдеттенмелердин камсыздандыруучу тарабынан кабыл алы-нышы камсыздандыруучулардын төлөө жөндөмдүүлүктөрүнүн кепилдиктеринекарата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген талаптар-ды бузууга алып келе турган болсо; - ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишимдери боюнча мил-деттенмелерди кабыл алып жаткан камсыздандыруучунун Кыргыз Республика-сында жаратылыш кырсыктары мүнөзүндөгү өзгөчө кырдаалдардан турак жай-ларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандырууну жүргүзүүгө лицензиясыжок болсо; - камсыздандыруучуну алмаштыруунун шарттары жана тартиби КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе. III глава Мамлекеттин ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасына катышуусу 18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу системасына катышуу тартиби 1. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу тартибинде камсызданды-рылган турак жай бузулганда же талкаланганда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыздандыруучу-лар менен бирдикте камсыздандыруу субсидияларын төлөө түрүндө зыяндынордун толтурушат. 2. Камсыздандыруу учурунун натыйжасында турак жайлар бузулган жеталкаланганда төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу субсидияларынынөлчөмү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен белгиленген зыяндынөлчөмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигинин өлчөмүнө жараша эсептелет. 3. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бе-киткен методика боюнча камсыздандыруу наркына жараша эсептелет. 4. Зыяндын ордун толтуруу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү белгилейт. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органынын жоопкерчилигинин өлчөмү жыл сайын Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 6. Камсыздандыруу сыйлыктарын (төлөмдөрүн) тењ каржылоонун өлчөмүКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тењ каржылоо боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн үлүшү түрүндө ар жылдык негизде белгиленет. 7. Камсыздандыруу сыйлыктарын (төлөмдөрүн) биргелешип каржылоогожыл сайын бөлүнүүчү акча каражаттарынын суммасы Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан белгиленет жана кийинки финансы жылына республикалыкбюджетте каралат. 8. Бир жылдын ичинде түзүлгөн ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдерибоюнча келишим түзүлгөн учурга карата белгиленген жоопкерчилик өлчөмүколдонулат. Келишимдин мөөнөтү узартылганда жањы мөөнөттүн башталышын-дагы мөөнөткө карата белгиленген жоопкерчилик өлчөмү колдонулат. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органынын кепилдиги ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу ке-лишимдерин түзүүдө бир жылдык мөөнөткө белгиленет. Камсыздандыруу кели-шими (камсыздандыруу полиси) тиешелүү кепилдиктер менен коштолууга ти-йиш. 19-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү 1. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана камсыздандыруучулардынкамсыздандыруу кайрууларын төлөө боюнча өз ара аракеттенүүлөрү тиешелүүтүрдө ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун Адистештирилген кепил-дик фондуна жана камсыздандыруучулардын эсептерине тиешелүү акча кара-жаттарын которуу аркылуу жүзөгө ашырылат. 2. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын жана камсыздандыруучулардын өз ара аракеттенүүлөрүнүнтартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт жана Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењеши бекитет. 20-статья. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын компенсациялары 1. Компенсациялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартиптереспубликалык бюджетте социалдык жардам жана өзгөчө кырдаалдардан жабыртарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү максаттарынакаралган каражаттардын эсебинен төлөнөт. 2. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чек-теринде жарандардын айрым топторуна ыктыярдуу жењилдетилген камсыздан-дыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын толук же жарым-жар-тылай компенсациялоону белгилөөгө укуктуу. Көрсөтүлгөн компенсациялардыкаржылоо булактары жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын норматив-дик укуктук актыларына ылайык аныкталат. 21-статья. Компенсациялык төлөөлөрдү алууга укук 1. Зыянды калыбына келтирүүнүн эсебинен компенсациялык төлөө,эгерде камсыздандыруучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган кудуретсиздик жол-жоболору колдонулгандын натыйжасында ыктыяр-дуу жењилдетилген камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу кайруу-сун төлөп берүү мүмкүн болбогондо жүргүзүлөт. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда компенсациялыктөлөөлөрдү алуу укугуна турак жайга мыйзамдуу негизде ээлик кылуучу,пайдалануучу же аны тескөөчү менчик ээси болуп эсептелген жана камсыз-дандыруучу менен ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу келишиминтүзгөн юридикалык же жеке жактар ээ болот. 3. Компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү белгилейт. Камсыздалуучулардын талаптары боюнча компен-сациялык төлөөлөр жөнүндө доо алар тарабынан эки жылдын ичинде берилишимүмкүн. 22-статья. Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун Адистештирилген кепилдик фонду 1. Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу система-сын киргизүү жана өнүктүрүү, анын ичинде компенсациялык төлөөлөрдүжүзөгө ашыруу Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунунАдистештирилген кепилдик фондуна жүктөлөт. 2. Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун Адис-тештирилген кепилдик фондунун статусун, уюштуруу-укуктук түрүн, ыйгарымукуктарынын жана милдеттеринин чөйрөсүн, менчигинин түрүн, аталышын жа-на башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши бекитет. 3. Турак жайларды ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун Адис-тештирилген кепилдик фондунун ишмердигин камсыз кылуу жана агажүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүаны уставдык капитал менен камсыз кылат жана ар жыл сайын ыктыярдуужењилдетилген камсыздандыруу системасына катышкан камсыздалуучулардынкамсыздандыруу сыйлыктарынын үлүшүн төлөөнү тењ каржылоого каражатбөлүп турат. Уставдык капиталдын өлчөмүн жана камсыздандыруу сыйлыкта-рын төлөөнү тењ каржылоого каражаттардын көлөмүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бекитет. IV глава Корутунду жоболор 23-статья. Маалыматтык өз ара аракеттенүү 1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана башка уюмдарыжана жарандары камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу учурлары менен бай-ланышкан же зыян тарткандардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралгандан башка учурларда компенсациялык төлөөлөр жөнүндө талаптарынанегиз катары кызмат кылуучу камсыздандыруучулардын жана алардын ке-сипкөй бирикмелеринин суроолору боюнча өздөрүндө бар маалыматтарды акы-сыз берүүгө милдеттүү. Камсыздандыруучулар жана алардын кесипкөй бирик-мелери алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген коргоо, иштетүү режимин жана аларды пайдалануу тартибин сакто-ого милдеттүү, ал эми аларды бузушса, алар Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат. 2. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу ишмердигине көзөмөл боюнчаыйгарым укуктуу органга түзүлгөн, узартылган, жараксыз жана өз аракет-терин токтоткон камсыздандыруу келишимдери жөнүндө маалымат берүүгөмилдеттүү. Бул пунктта каралган маалыматтарды берүүнүн тартиби камсыз-дандыруу ишмердигине көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынанбелгиленет. 3. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу жөнүндө маалыматтардыалмашууну уюштуруу жана аларды көзөмөлдөө максатында ыктыярдуу жењилде-тилген камсыздандыруу келишимдери, камсыздандыруу учурлары, камсыздан-дыруу боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды камтыган автомат-таштырылган маалыматтык система түзүлөт. Ушул көрсөтүлгөн автоматташты-рылган маалыматтык системанын чектеринде түзүлгөн маалыматтар маалымат-тык ресурстарга кирет. Автоматташтырылган маалыматтык системанын маалы-маттык ресурстарынан пайдалануу коммерциялык жашыруун сырды түзгөн маа-лыматтардан башка учурларда эркин жана жалпыга жетиштүү болуп саналат.Жогоруда көрсөтүлгөн чектелген кирүүдөгү маалыматтарды мамлекеттик бий-ликтин органдары, камсыздандыруучулар жана алардын кесипкөй бирикмеле-ри, башка органдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген ыйгарым укуктарга ылайык жана каралган тартипте пайдаланаалышат. Автоматташтырылган маалыматтык системанын маалыматтык ресурста-рын түзүү үчүн мамлекеттик бийликтин органдары, камсыздандыруучулар,башка тараптар милдеттүү түрдө бере турган маалыматтардын тизмеси, пай-далануучуларга аларда камтылган маалыматтарды берүүнүн тартиби, ошондойэле жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтык ресурстарды чогултуу жана иштетүүүчүн жооптуу органдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан бекитилет. 24-статья. Турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруу тармагындагы мамлекеттик көзөмөл жана мониторинг 1. Турак жай ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын жана турак жайлардыпайдалануучулардын турган жайга болгон укуктарын камсыздандыруучулуккоргоо системасын ишке ашырууну камсыз кылуу Турак жайларды ыктыярдуужењилдетилген камсыздандыруу Адистештирилген кепилдик фонду тарабынанжүзөгө ашырылат. Ыктыярдуу жењилдетилген камсыздандыруунун Адистештирилген кепилдикфондунун иштешине көзөмөл мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабы-нан жүргүзүлөт. 2. Камсыздандыруу ишмердигине мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республи-касынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы та-рабынан жүзөгө ашырылат. 25-статья. Бул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдан кийинкүчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл бол-гон чараларды көрсүн; - өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-тирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти