Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-июну № 389 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо боюнча чаралар жөнүндө Маалыматтык коомчулукта тарыхый баалуулуктардын, уникалдуу маалы-маттын булактары катары аудиовизуалдык документтердин өсүп келе жатканмаанисинин эске алуу менен, мамлекеттик сактоодогу аудиовизуалдык доку-менттерди сактоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынУлуттук архив фондун аудиовизуалдык документтер менен толуктоо макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Менчигинин түрүнө карабастан аудиовизуалдык продукцияны чыгару-учу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери: - аудиовизуалдык документтердин милдеттүү нускасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыкмамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү камсыздашсын; - аудиовизуалдык документтерди Кыргыз Республикасынын Маданият жа-на маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги орга-нынын өкүлүнүн уруксатысыз жок кылууга тыюу салышсын; - аудиовизуалдык документтердин ведомстволук архивдерде алардымамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө чейин толуктугун жана сакталышынкамсыз кылышсын. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигининалдындагы Мамлекеттик архив агенттиги: - аудиовизуалдык продукцияны чыгаруучу мекемелердин, уюмдардын жа-на ишканалардын ведомстволук архивдеринде аудиовизуалдык документтердинсакталышын контролдоону камсыз кылсын; - мамлекеттик эмес уюмдардын, жеке коллекциялардын жана архивдер-дин эсебинен архив фонддорун толуктоо боюнча иштерди активдештирсин; - заманбап технологиялардын базасында аудиовизуалдык документтердиреставрациялоонун алдынкы методдорун ишке киргизсин; - Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык сактоо боюнча чараларды аткаруу үчүн бюд-жеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча иш жүргүзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архивагенттигине Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо бо-юнча иш-чараларды каржылоого жыл сайын каражат бөлүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кинофотодо-кументтер борбордук мамлекеттик архивин жайгаштыруу үчүн 1500 квадратметрден кем эмес аянты бар имаратты бөлүп берүүгө байланыштуу маселе-лерди чечсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов