КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-июлу № 390 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө Эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рын сактоого мамлекеттик натыйжалуу көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-гинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-гинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкаруу схемасы. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын маселелери" жө-нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-мартындагы № 149токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр-дү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 257 токтому. Премьер-министри И.Чудинов