Загрузка документа…
2011-жылдын 30-декабрындагы N 767 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 22-июлу N 393
"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 618 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын автотранспорт боюнча жалпы лимит белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 618 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтомго "Кызматтык автотранспорттун санынын лимити" деген N 1 тиркемеде:
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (бардыгы)" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «
┌──────────────────────────────────┬──────────┬───────────┬───────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ 919 │ │ 919 │
│ Саламаттык сактоо │ │ │ │
│ министрлиги (бардыгы) │ │ │ │
└──────────────────────────────────┴──────────┴───────────┴───────────┘ »;
төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн кызматтык автотранспорттун жана дежур автомашиналардын санынын лимити "Кыргыз Республикасынын министрликтериндеги, мамлекеттик комитеттериндеги, администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтому менен жөнгө салына тургандыгы белгиленсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз Республикасынын министрликтериндеги, мамлекеттик комитеттериндеги, администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги N 137 токтомунун 3-пунктунун төртүнчү абзацын аткаруу боюнча салыштыруу жана иште колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү маалыматтарды берүү менен ведомстволук уюмдар боюнча атайын машиналарды убактылуу бөлүштүрүүнү ишке ашырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов