КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-июлу № 377 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-кеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооружактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорункараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-йындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалыкөнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоо жана программалары системасынын мак-сатын жана мазмунун аныктайт, көрсөтүлгөн болжолдоолорду жана програм-маларды иштеп чыгуунун жалпы тартибин жөнгө салат. Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана социал-дык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларын иштеп чыгуунун негизги мак-саты туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү, экономикалык коопсуздуктукамсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо дењгээлин жого-рулатуу болуп эсептелет. 1-статья. Бул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр 1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божо-молу - бул алдыда боло турган мезгилге негизги болжолдоочукөрсөткүчтөрдү жана максаттуу багыттарды көрсөтүү менен Кыргыз Респуб-ликасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары, критерийлери,принциптери, максаттары жана артыкчылыктары тууралуу илимий негизделгенкөз караштардын системасы. 2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-кеттик болжолдоо - бул кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткөөлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык болжолдоолорун уставдык ка-питалында мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашыгын түзгөн, мамлекеттик баш-каруунун органдары, илимий-билим берүү уюмдары жана мекемелери, мамле-кеттик ишканалары, чарбакер субъектери иштеп чыккан процесс. 3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-кеттик программалаштыруу - бул мамлекеттик башкаруу органдары тарабынанкыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттардытүзүүчү, ага жетишүүнүн тартибин жана анын аткарылышына жооптуу орган-дарды аныктоочу, ошондой эле каржылоонун булактарын аныктоочу процесс. 4. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү концепци-ясы - бул узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалыкөнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарынын жана милдеттеринин көрүнүшү. 5. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратеги-ясы - мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын стратегиялык мак-саттары жана артыкчылыктары, эњ маанилүү багыттары жана орто мөөнөткөкөрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруунун каражаттары тууралуу көз караш-тар системасы. 6. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прог-раммасы - өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүү чараларынын комплекстүүсистемасы жана кыска мөөнөттүү мезгилге коюлган максаттарга жетишүүнүнмамлекет тарабынан пландаштырылган натыйжалуу жолдору жана каражаттары. 2-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экоиомикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолорунун системасы 1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-лекеттик болжолдоолорунун системасы төмөндөгүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн он жа-на андан көп жылга узак мөөнөттүү болжолдоосу; - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үчжылдан беш жылга чейин орто мөөнөттүү болжолдоосу; - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кийин-ки жылга кыска мөөнөттүү болжолдоосу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социал-дык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүүжана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социал-дык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор) иштеп чыгуунун тартибин анык-тайт. 2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бол-жолдоосу тиешелүү мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети-нин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет. 3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор Кыргыз Республика-сынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-ку-батын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык түзүмүн, тышкы абалын, жа-ратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүнкелечегин комплекстүү талдоо менен иштелип чыгат. 4. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор жалпы республика,экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасыньш регион-дору боюнча иштелип чыгат. Экономиканын стратегиялык маанилүү секторло-рунун өнүгүүсүнүн болжолдоолору өзүнчө иштелип чыгышы мүмкүн. 5. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору демографиялык,экологиялык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык, социалдык, ошондойэле тармактык, региондук жана иштин башка айрым коомдук маанилүүчөйрөлөрүн болжолдоолорго негизделет. 6. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор ички жана тышкысаясый, экономикалык, социалдык жана башка факторлордун таасир этүүмүмкүндүгүн эске алуу менен бир нече вариантта иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономика-лык кырдаалдын, экономикалык түзүмдөрдүн, илимий-техникалык өнүгүүнүн,тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жа-шоо дењгээлин жана сапатын, экологиялык кырдаалдын, социалдык түзүмдүн,ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактанкоргоону камсыз кылуу системаларынын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапат-тык мүнөздөмөлөрүн камтыйт. 7. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-лекеттик болжолдоолору кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узакмөөнөттүү мезгилдерде ишке ашырылышы мүмкүн. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөткө болжолдоолору бешжылда бир жолу он жана андан көп жылга иштелип чыгат. Беш жылда бир жо-лу оњдолот. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөткө болжолдоолору үчжылдан беш жылга чейинки мезгилге иштелип чыгат жана жыл сайын оњдолот. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узакмөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоолорунда КыргызРеспубликасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн варианттары такта-лат, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүнболгон максаттары, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн жолдору жана кара-жаттары аныкталат. 8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынынсоциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багытта-ры болуп эсептелет. 9. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бол-жолдоолору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору 1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-лекеттик болжолдоолору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координацияла-ган учурда ишке ашырылат. 2. Мамлекеттик болжолдоолордун катышуучулары болуп аткаруу бийли-гинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-би-лим берүүчү уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик ишканалар, уставдык ка-питалында мамлекеттин үлүшү 30%дан ашыгын түзгөн чарбакер субъекттерэсептелет. 3. Кыргыз Республикасьшын социалдык - экономикалык өнүгүүсүн бол-жолдоонун натыйжалары социалдык - экономикалык концепцияларды, страте-гияларды жана программаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин органдары жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштеп чыгууда жана кабылалууда колдонулат. 4-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун мазмуну 1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыскамөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорундатөмөндөгүлөр чагылдырылышы керек: - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өткөнмезгилдеги жыйынтыктарын баалоо жана Кыргыз Республикасынын азыркыучурдагы экономикасынын абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканынөнүгүшү үчүн тоскоол болуучу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана корку-нучтарды талдоо; - макроэкономикалык саясаттын, анын ичинде Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана келечек мезгилгеэкономиканын өсүшүн көбөйтүү боюнча аракеттерин чагылдыруучу бюджет-тик-салыктык, акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттарыжана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпыстратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү негизги багыттары; - экономиканын стратегиялык тармактарында структуралык реформалар-дын келечеги жана багыттары; - тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары; - инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги; - экономиканын реалдуу секторун, анын ичинде өнөр жайын, айыл чар-басын, курулушту жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн мүнөздүүбагыттары жана келечеги; - алдыдагы мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары; - Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн саясаты; - инвестициялык саясат; - ишкердикти өнүктүрүү саясаты; - экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор болжолдонуучу негизгисоциалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кы-луунун параметрлерди, максаттуу багыттарды жана чараларды камтышы ке-рек. 5-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоолорун берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу мам-лекеттик орган өлкөлүк, тармактык жана региондук болжолдоолордун неги-зинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бирик-тирилген болжолдоолорун түзөт. 2. Бириктирилген болжолдоо белгиленген тартипте Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн кароосуна берилет. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен социалдык-экономикалыкөнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тара-бынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын министрликте-рине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна, об-лустук мамлекеттик администрацияларга жиберилет. 6-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалыматтарды так жана өз убагында берүүгө жоопкерчилик Аткаруу бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнмамлекеттик болжолдоолору үчүн маалымат берүүчү жетекчилери Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты так жана аны өз убагындаберүү үчүн жоопкерчилик тартышат. 7-статья. Корутунду жоболор 1. Бул Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө төмөндөгүлөрдү: - ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук акты-ларды иштеп чыксын жана кабыл алсын; - өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев