Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 22-июлу № 397 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин ишке ашыруунуннатыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жер учас-токторун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын27-январындагы № 44
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кирги-зилсин: - төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2 жана 3-3-пункттар менен толуктал-сын: "3-1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна айылчарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байла-ныштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынжоюуну 5 жылдын ичинде, биринчи жылы 2000000 (эки миллион) сом, кийинкижылдары - тењ бөлүктөр менен төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин. 3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөболгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун3-1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун биринчи бөлүгү "Манас" эларалык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан төлөнгөндөн кийинага берилген жер участокторго укук ырастоочу документтерди берсин. 3-3. Инвестор ("Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоогоинвестициялык конкурстун жењүүчүсү) "Манас" эл аралык аэропорту" ачыкакционердик коомуна ушул токтомдун алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн жо-готууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга байланыштуутарткан чыгымдарга компенсациялоо жүргүзөөрү белгиленсин."; - 4-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министри И.Чудинов