Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 22-июлу № 397 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин ишке ашыруунуннатыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жер учас-токторун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын27-январындагы № 44
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кирги-зилсин: - төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2 жана 3-3-пункттар менен толуктал-сын: "3-1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна айылчарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байла-ныштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынжоюуну 5 жылдын ичинде, биринчи жылы 2000000 (эки миллион) сом, кийинкижылдары - тењ бөлүктөр менен төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин. 3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөболгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун3-1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун биринчи бөлүгү "Манас" эларалык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан төлөнгөндөн кийинага берилген жер участокторго укук ырастоочу документтерди берсин. 3-3. Инвестор ("Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоогоинвестициялык конкурстун жењүүчүсү) "Манас" эл аралык аэропорту" ачыкакционердик коомуна ушул токтомдун алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн жо-готууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга байланыштуутарткан чыгымдарга компенсациялоо жүргүзөөрү белгиленсин."; - 4-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын. 2. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестиция-лык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы №478
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пункттагы "2008-жылдын 1-майына чейинки" деген сөздөр жанацифралар "2008-жылдын 1-октябрына чейинки" деген сөздөргө жана цифра-ларга алмаштырылсын; - аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунреконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ведомстволораралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Маматалиев Абдырахман Мадакимович, Кыргыз Республикасынын транс-порт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрага-сынын орун басары катары; Карагулов Канат Жапарбекович, Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкар-малыгынын оперуполномоченныйы; Сазбаков Алмаз Замирбекович, Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигинин жардам берүү стратегиясын башкаруу-нун инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы; - ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Э.А.Исаков,С.М.Ахматов жана М.К.Ибраимов чыгарылсын; - комиссиянын мүчөсү М.Ж.Исаковдун кызмат орду төмөнкүдөй редакци-яда берилсин: "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Долбоорлорбоюнча башкармалыгынын уюштуруу-техникалык бөлүмүнүн начальниги (макул-дашуу боюнча);"; комиссиянын мүчөсү А.М.Абарбекованын кызмат орду төмөнкүдөй редак-цияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Реалдуу сектордукаржылоо саясаты башкармалыгынын инфраструктураны каржылоо бөлүмүнүнбашчысы;". Премьер-министри И.Чудинов