Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 22-июлу № 397                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине           өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  айрым чечимдерин ишке ашыруунуннатыйжалуулугун жогорулатуу максатында  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүтоктом кылат:     1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жер учас-токторун  берүү  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын27-январындагы № 44 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо  кирги-зилсин:     - төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2 жана 3-3-пункттар менен толуктал-сын:     "3-1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик  коомуна  айылчарбалык  эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байла-ныштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун  толтуруунун  наркынжоюуну 5 жылдын ичинде, биринчи жылы 2000000 (эки миллион) сом, кийинкижылдары - тењ бөлүктөр менен төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин.     3-2. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Кыймылсыз мүлккөболгон  укукту  каттоо  боюнча  мамлекеттик  агенттик  ушул   токтомдун3-1-пунктунда  көрсөтүлгөн  айыл  чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун  биринчи  бөлүгү  "Манас"  эларалык  аэропорту"  ачык  акционердик коому тарабынан төлөнгөндөн кийинага берилген жер участокторго укук ырастоочу документтерди берсин.     3-3. Инвестор  ("Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоогоинвестициялык конкурстун жењүүчүсү) "Манас" эл аралык  аэропорту"  ачыкакционердик коомуна ушул токтомдун алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн жо-готууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга  байланыштуутарткан чыгымдарга компенсациялоо жүргүзөөрү белгиленсин.";     - 4-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын.     2. "Ысык-Көл"  эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестиция-лык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү ту-уралуу"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы №478 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     - 2-пункттагы  "2008-жылдын  1-майына  чейинки"  деген сөздөр жанацифралар "2008-жылдын 1-октябрына чейинки" деген сөздөргө  жана  цифра-ларга алмаштырылсын;     - аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" эл аралык  аэропортунреконструкциялоого  инвестициялык  конкурс  өткөрүү боюнча ведомстволораралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:     Маматалиев Абдырахман  Мадакимович,  Кыргыз Республикасынын транс-порт жана коммуникациялар министринин орун басары,  комиссиянын төрага-сынын орун басары катары;     Карагулов Канат Жапарбекович,  Кыргыз Республикасынын  Ички  иштерминистрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкар-малыгынын оперуполномоченныйы;     Сазбаков Алмаз  Замирбекович,  Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигинин жардам берүү стратегиясын башкаруу-нун инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы;     - ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Э.А.Исаков,С.М.Ахматов жана М.К.Ибраимов чыгарылсын;     - комиссиянын мүчөсү М.Ж.Исаковдун кызмат орду төмөнкүдөй редакци-яда берилсин:     "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун  Долбоорлорбоюнча башкармалыгынын уюштуруу-техникалык бөлүмүнүн начальниги (макул-дашуу боюнча);";     комиссиянын мүчөсү А.М.Абарбекованын кызмат орду төмөнкүдөй редак-цияда берилсин:     "Кыргыз Республикасынын  Финансы  министрлигинин  Реалдуу сектордукаржылоо саясаты башкармалыгынын  инфраструктураны  каржылоо  бөлүмүнүнбашчысы;".       Премьер-министри                                 И.Чудинов