Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-июлу № 414 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 576 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 194 жана 307-статьяларынаылайык убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча иштеген жарандардын соци-алдык абалдарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бой-луулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк кою-уга) дайындоо жана төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 14-августундагы № 576 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-гизилсин: - бардык текст боюнча тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республика-сынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүүжөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү ми-нистрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; - 1-пункттун экинчи абзацындагы "убактылуу эмгекке жарамсыздыгыбоюнча пособиелер, пособиелер менен камсыздоо" деген сөздөр "убактылууэмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, пособиелерди дайындоо жана тө-лөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-пункттун экинчи абзацындагы "убактылуу эмгекке жарамсыздыгыбоюнча пособиелер, пособиелер менен камсыздоо" деген сөздөр "убактылууэмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, пособиелерди дайындоо жана тө-лөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыз-дыгы боюнча пособиелер, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелер ме-нен камсыздоонун тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайыкредакцияда берилсин; - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Расымдык пособиелерди (сөөккоюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жободо бардык текст боюнча аркандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык кор-гоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республика-сынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөргө алмаш-тырылсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 3. Бул токтом 2008-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 576 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди чектөө жана төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо иштеген жарандарды убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кошбойлуулук жана төрөт боюнча пособиелер менен камсыздоо максатында иште-лип чыккан аларды чектөө жана төлөө тартибин карайт. 2. Ушул Жобонун 1-пунктунда каралган пособиелер салыктарды төлө-гөн, иш берүүчү менен эмгек келишиминин негизинде иштеген адамдарга,жеке ишкерлик кылган адамдарга, дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрүнө(салык төлөгөндөргө) дайындалат. Миграция жана жумуштуулук боюнча ыйгарым укуктуу органдарда кат-тоодо турган, жумушсуздун расмий статусун алган жарандарга кош бойлуу-лук жана төрөт боюнча пособие дайындалат. Миграция жана жумуштуулук боюнча ыйгарым укуктуу органдарда кат-тоодо турбаган жана иштебеген адамдарга пособие дайындалбайт. 3. Иш берүүчү менен эмгек келишиминде турган адамдардын убактылууэмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие (мынданары - пособие) алууга укугу эмгек келишими түзүлгөн күндөн башталат. 4. Эгерде, эмгекке жарамдуулугу калыбына келген, майыптуулугу бел-гиленген, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү аяктаган күндөн тар-тып 6 ай убакыт өтө электе кайрылса пособие чектелет. 5. Пособиелер иш берүүчүнүн эмгек акы (киреше) төлөө фондунан жанареспубликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөтбоюнча (он биринчи жумушчу күндөн тартып) пособиелерди төлөө боюнча чы-гымдардын ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социал-дык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына менчиктин бардык тү-рүндөгү уюмдар, ишканалар жана мекемелер, чарбакер субъекттер, коммер-циялык эмес уюмдар жана жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар, дыйкан (фер-мер) чарбалары, миграция жана жумуштуулук боюнча ыйгарым укуктуу орган-дарда каттоодо турган расмий статусу бар жумушсуз жарандар пособиелердитөлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө отчет беришет. 6. Эмгек акысына райондук коэффициент белгиленген райондордо жанажер-жерлерде жашаган адамдар үчүн пособиенин өлчөмү ошол коэффициент-терди колдонуу менен аныкталат. 7. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнчапособиелерди дайындоонун, эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын контрол-доону Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигижана анын аймактык органдары ишке ашырат. 8. Пособиелерди туура дайындоо жана төлөөгө каражаттарды туура чы-гымдоо үчүн жоопкерчилик иш берүүчүгө, ал эми коомдук көзөмөл - профсо-юздарга же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына жүктөлөт(мындан ары - кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары). II. Пособиелерди дайындоо жана төлөө шарттары 9. Пособие дайындоого негиз болуп белгиленген тартипте берилгенэмгекке жарамсыздык баракчасы саналат. Башка документтер пособие төлөө-гө негиз боло албайт. Эгерде, эмгекке жарамсыздык баракчасы жоголуп кетсе, пособие анынкөчүрмөсүнүн негизинде берилиши мүмкүн. 10. Пособие төмөнкү учурларда берилет: - эмгекке жарамдуулугун жоготууга байланышкан ооруда (мертинүүдө); - санаториялык-курорттук дарыланууда; - үй-бүлө мүчөсү ооруганда, аны багуу керек болгондо; - карантинде; - кургак учук же кесиптик ооруга байланыштуу башка жумушка убакты-луу которулганда; - протездик-ортопедия ишканасынын стационарына протездөө үчүн жай-гаштырганда; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча; - жашы 3 айга чейинки эркек баланы (кыз баланы) багып алууда. 11. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособие берилет: - ооруганда же мертингенде Медициналык-социалдык экспертизалоо ко-миссиясынын (мындан ары - МСЭК) рекомендациясы боюнча айыкканга чейин,ал эми оору күчөп кеткенде - календарлык жыл ичинде катары менен 4 айгаже 5 айга (тыныгуу менен) чейин; - кургак учук менен ооруганда -12 айга чейин. 12. Иш берүүчү оорулуу үй-бүлө мүчөсүн багуу үчүн эмгекке жарам-сыздыгы боюнча пособиени иштегендерге бардык жумуш күндөрү үчүн өзүнүнкаражаттарынын эсебинен (эмгек акы төлөө фондунун) төмөндөгү учурда тө-лөшөт: а) 14 жашка чейинки оорулуу баласын багуу боюнча стационардык да-рылаганда - толук дарылоо мөөнөтүнө, ал эми амбулатордук дарылагандажумуштан бошотулгандан баштап 14 календарлык күнгө чейин; б) 14 жаштан жогору оорулуу баланы жана чоњ адамдарды багуу боюнчастационардык дарылаганда - берилбейт, ал эми амбулатордук дарылагандажумуштан бошотулгандан баштап 7 календарлык күнгө чейин; в) иштеген адамдарга, эгерде алар 3 жашка чейинки баласын же 18жашка чейинки майып баласын багуу менен алектенсе, пособие энеси ооруп,ал баласын бага албаган учурда берилет. Энеси стационарда дарылангандапособие стационарда жаткан күндөрүнө, амбулатордук дарыланганда - жу-муштан бошотулгандан баштап 14 календарлык күнгө чейин берилет. 13. Негизги же кошумча өргүүдө, бала багуу боюнча же төлөнбөгөнөргүүдө болгон кызматкерге оорулуу үй-бүлө мүчөсүн багууга пособие бе-рилбейт. 14. Сезондук жана убактылуу жумуштарда иштегендерге жумуштан майыпболуунун же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке убактылуу жарамсыздыкбоюнча пособие жалпы негизде берилет, ал эми башка себептерден алынганэмгекке жарамсыздык боюнча пособие эки айдан ашпаган убакытка берилет.Жогоруда белгиленген мөөнөткө пособие иш күндөрү үчүн берилет. 15. Стационардык дарылануучу мекемелерден миокарддын курч инфарктыменен ооруган, аортокоронардык шунтирования боюнча тез кийлигишүү жанажүрөктүн аневризми боюнча санаторийге дарыланууга жиберилген иштегенадамдарга пособие санаторийде баардык дарыланган убагына берилет. 16. Карантин учурунда, анын айланасындагы ошол уюмдун, мекеменинже ишкананын кызматкерлери болгондо жугуштуу оору менен ооруганына бай-ланыштуу жумуштан кызматкер санитардык-эпидемиологиялык кызмат органда-ры тарабынан четтетилгенде пособие берилет. 17. Протездик-ортопедиялык ишкананын стационарына жатканда, посо-бие стационарда дарыланган жана стационарга барып келген бардык учурунаберилет. 18. Эгерде кызматкер кургак учук оорусунун натыйжасында же кесип-тик оорудан өзүнүн ишине убактылуу жарамсыз болсо, бирок дарылануу учу-рунда башка ишти аткара алса, врачтык-консультациялык комиссиянын жедарылоочу мекеменин башкы врачы бекиткен дарылоочу врачтын корутундусуменен ал ушул ишке которулушу мүмкүн. Которуу иш берүүчү кызматкерлер-дин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен ишке ашырылат. Эгерде жањыиштин айлык акысы мурунку ишинен төмөн болсо, анда эмгекке жарамсыздыгыбаракчасы боюнча пособие которуунун баардык мөөнөтүнө, бирок эки айданашпаган убакытка берилет. Пособие жалпы эреже менен эсептелет, бироканын өлчөмү азыркы иштеп жаткандагы эмгек акысы менен бириктиргенде ко-торулганга чейинки толук эмгек акысынан ашпаш керек. Бардык учурлардапособиелердин өлчөмү иштеген адамдын мурунку ишинде берилүүчү пособие-нин өлчөмүнөн ашпашы керек. 19. Эгерде, иштеген майып адамдын убактылуу эмгекке жарамсыздыгыжумуштан майып болуудан же кесиптик оорудан болсо, пособие айыккангачейин же майыптыгынын тобун кайра караганга чейин берилет. Иштеген майып адамдардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы кургакучук менен ооруганда же ал оорунун күчөгөн учурунда пособие айыккангачейин же майыптыгынын тобун кайра караганга чейин, бирок эки календар-лык жылдын ичинде 12 айдан ашпаган убакытка берилет. Майып адам МСЭК кайра күбөлөндүрүүгө белгилеген мөөнөткө келбегенучурда, пособие ушул Жобонун 11-пунктунда жана ушул пунктунда көрсөтүл-гөн мөөнөттө төлөнүп берилет. 20. Иштеген адамдарды мезгил-мезгили менен медициналык кароодонөткөрүүдө, анын ичинде аларды стационардык дарылоочу мекемелерге жат-кызган учурларда, ошондой эле аскердик кызматка чакырылган учурлардапособие берилбейт. Мындай учурларда кызматкердин орточо эмгек акысысакталат. 21. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие 126 календарлык күнгө,ал эми төрөтү татаалдашкан учурда жана эки же андан көп бала төрөлгөндө- 140 календарлык күнгө берилет. Бийик тоолуу шарттарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөтбоюнча пособие төмөнкүчө берилет: бала жакшы төрөлгөндө 140 календарлыккүнгө, төрөтү татаалдашкан учурда 156 календарлык күнгө, эки же анданкөп бала төрөлгөндө 180 календарлык күнгө. Үч айга чейинки бала (кыз) багып алганда, 30 жумалык боюнда болуптөрөгөндө жана ушул төрөттө бала чарчап калган учурда пособие 70 кален-дарлык күнгө берилет. Үч айга чейинки эки же андан көп баланы (кызды) бир убакытта багыпалган учурда - пособие алардын төрөлгөнүнөн баштап 110 календарлык күн-гө берилет. 22. Оорунун (мертинүүнүн) натыйжасында убактылуу эмгекке жарамсыз-дык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жыл сайын берилүүчү өргүүнүн (не-гизги жана кошумча) убагында пособие ушул Жобонун 27 жана 28-пункттары-на ылайык жана эмгекке жарамсыздык баракчасы бар болгондо берилет. Эмгек акысы сакталбаган өргүүнүн же баланы багуу боюнча өргүүнүнубагында убактылуу эмгекке жарамсыздык болсо пособие берилбейт. Эгердеэмгекке жарамсыздык төлөнбөөчү өргүүнүн жана баланы багуу боюнча өргүү-нүн убагы бүткөндөн кийин да уланса анда пособие кызматкер ишке киретурган күндөн баштап берилет. 23. Аялдар бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн, эмгек акысы сакталба-ган өргүүдө жүргөн учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берүүдөкош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие эмгекке жарамсыздык баракчасы-нын негизинде иш берүүчүнүн демилгеси менен өргүүнүн бардык жумуш күн-дөрүнө берилет. 24. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөтаскердик, окуу жана текшерүү жыйындарына байланыштуу иштин убактылуутоктогон учурларында же окуу жайларда өндүрүштөн ажырабастан окугангабайланыштуу кошумча өргүү учурунда болсо, анда пособие иштеген адамдыништи баштай турган күнүнөн тартып берилет. 25. Кызматкерге айлык акы төлөө токтотулуп, иштен (кызматтан) чет-тетилгендин натыйжасында иштебеген учурда пособие берилбейт. Эгердеубактылуу эмгекке жарамсыздыгы ишке уруксат берилгенден кийин дагыуланса, анда пособие кызматкер ишке кире турган күндөн тартып берилет. 26. Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт уба-гында жумуштан бошотуунун тууралыгы жөнүндө талаш болуп калса пособиежумушка кайра калыбына келтирүү боюнча соттун чечими чыккандан кийин жесот жумуштан бошотууну мыйзамсыз деп тапканда берилет. III. Пособиелердин өлчөмдөрү 27. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособие төлөө бардык жу-муш күндөрү үчүн жумуш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен (эмгекакы төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен) төмөнкү тартипте жүргүзү-лөт: а) иштеген адамдарга эмгек акысынын (кирешесинин) 100 пайыз өлчө-мүндө төмөнкүлөргө: - эмгек акысы (кирешеси) эсептик көрсөткүчтөн 20 ашпагандарга; - эмгектеги майыптыгынын же кесиптик оорунун натыйжасында ооруган-дарга (анын ичинде бул оорулар күчөп же өтүшүп кеткенде); - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда дайыма жашаган жана иштеген-дерге; - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; - согуш жүрүп жаткан мамлекеттерде аскердик кызматтын милдеттеринаткаруунун натыйжасында майып болуп калгандарга жана башка мамлекеттер-дин аймагындагы согуш аракеттерине катышкандарга; - 1986-1989-жылдардагы Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттеринжоюу иштерине же ажыратуу зонасынын чегинде ушул кыйроонун башка жумуш-тарына катышкандарга; - нур оорусу менен ооругандарга; - дайыма акысыз кан жана анын компоненттерин тапшырган донорлорго(эркектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар - жылына кеминде үч жолу)кан жана анын компоненттерин акыркы бергенден кийинки он эки айдын ара-лыгында; б) иштеген адамдарга башка учурларда биринчи он жумуш күнү үчүнтөмөнкүдөй өлчөмдө берилет: - жалпы эмгек стажы 5 жылга чейинки кызматкерлерге орточо эмгекакынын 60 пайызы; - жалпы эмгек стажы 5 жылдан 8 жылга чейинки кызматкерлерге орточоэмгек акынын 80 пайызы; - жалпы эмгек стажы 8 жыл жана андан көп кызматкерлерге орточо эм-гек акынын 100 пайызы; Он биринчи жумушчу күндөн тартып 20 эсе эсептик көрсөткүч эсебин-де. 28. Кош бойлуулук жана төрөт, ошондой эле үч айга чыга элек бала(кыз) багып алганда пособие төмөндөгүдөй тартипте берилет: - биринчи он жумуш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызөлчөмүндө жумуш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (эмгек акы төлөөфондунун эсебинен), он биринчи жумуш күндөн тартып эсептешүү көрсөткү-чүнүн 10 эсе өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен; - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда дайыма жашаган жана иштеген-дерге, эмгек акысынын (кирешесинин) 100 пайыз өлчөмүндө биринчи он жу-муш күнү үчүн жумуш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (эмгек акытөлөө фондунун эсебинен), он биринчи жумуш күндөн тартып республикалыкбюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт; - миграция жана жумуштуулук боюнча ыйгарым укуктуу органдарда кат-тоодо турган расмий статусу бар жумушсуз жарандарга бардык жумуш күндө-рү үчүн жумушсуздук боюнча пособиенин өлчөмүндө, ал эми пособиеге укугужокторго - жумушсуздук боюнча пособиенин базалык өлчөмүндө республика-лык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 29. Эгерде пособиелердин өлчөмү иш берүүчү кабыл алган локалдуученемдик актыларда же иш берүүчү менен кызматкерлердин жамаатынын орто-сунда түзүлгөн жамааттык келишимде каралган болсо көбөйүшү мүмкүн. 30. Пособие төмөнкү учурларда төлөнбөйт: а) иштен жана башка милдеттерден качуу максатында кызматкер өзүнүнден-соолугуна атайын зыян келтирген учурда. Мурда төлөнгөн пособиенинсуммасы кайтарылып берилиши керек; б) кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы алкоголдун, нарко-тикалык же токсикалык мас болуудан болгон учурда; в) кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы кылмыш кылган учур-да алган мертинүүдөн убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда; г) соттун аныктамасы менен кызматкер мажбурлап дарыланган учурда(психикалык оорулуулардан тышкары). 31. Иштегендер убактылуу эмгекке жарамсыз болоордун алдында себеп-сиз ишке чыкпай калган учурда, врачтын аныктаган режимин бузган учурдаже врачтын кароосуна белгиленген убагында жана МСЭКтин күбөлөндүрүүсүнөсебепсиз келбеген учурда, тартип бузулган күндөн тартып иш берүүчү жанакызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы белгилеген мөөнөткө пособиенин бе-рилиши токтотулат. IV. Пособиелерди эсептөө 32. Пособие кызматкердин негизги иш ордундагы чыныгы эмгек акысы-нан (кирешесинен) эсептелет. Пособие эсептеле турган чыныгы эмгек акынын суммасына колдонуудагыэрежеге ылайык жеке киреше салыгы алына турган эмгек акынын бардык түрүкирет, буларга эмгек акыга кирбеген бир жолку мүнөздөгү төлөмдөр кир-бейт. 33. Пособиени эсептегенде эмгек акынын бардык түрлөрү эсепке кир-гизилгенде, анын ичинде ошол айда айлык акы менен чогуу төлөнгөн ай са-йын берилүүчү сыйлык мөөнөтү боюнча кайсы айга эсептелсе ошол мөөнөттүнайлык акысына киргизилет. Эсептеген учурда, иштеген адам убактылуу эм-гекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт, баланы багуу боюнчаөргүүдө, аскердик, окуу же текшерүү жыйындарында болгондо жана башкаишканада иштеген учурлардагы айлар алынып салынат. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы же кош бойлуулук жана төрөт боюнчаөргүү убагында айлык акыда өзгөртүүлөр болгон учурда, эгерде локалдуученемдик актыларда же жамааттык келишимде башкача каралбаса, пособиениэсептегенде эске алынбайт. 34. Тартип бузганы үчүн төмөнкү айлык акы алган ишке которулганкызматкерлерге эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособие которулган күндөнтартып ушул ишинин кызматтык маянасынан (тарифтик ставкасынан) эсепте-лет. 35. Эгерде эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнчаөргүүсү иште кызматтык маянасы (ставкасы) жогору болгон убактылуу иште-беген кызматкердин ордуна иштеп жаткан учурда болсо, анда пособие ушулмаянадан (ставкадан) ордуна иштеген бардык убакытка эсептелет. 36. Иштеген күнүнө жараша эмгек акы алган (айлык маяна, күндүк жесааттык ставка) жана иштегенине жараша акы алуучу (же жумуш күнүн эсеп-ке алууга мүмкүн эмес учурда) иштегендерге пособиени эсептөө үчүн эм-гекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт болоор күнүнө чейин алы-нуучу үч айлык маянасы туруктуу кошумчалары жана үстөктөрү менен эсеп-телет. Эгерде кызматкер толук эмес кызматтык маяна алса, анда пособие ишжүзүндө алган эмгек акысынан эсептелет. 37. Пособиени эсептеш үчүн орточо бир күндүк айлык акы төмөнкүчөаныкталат, ушул Жобонун 36-пунктундагы көрсөтүлгөн айлык акыны иштегенүч айдын жумуш күнүнүн санына бөлүү менен эсептелет. Пособиенин жалпы суммасы бир күндүк пособиени эмгекке жарамсыздыкже кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү убагындагы жумуш күндөрүнүнсанына көбөйтүү менен аныкталат, мында ушул Жобонун 27 жана 28-пунктта-рынын нормалары колдонулат. 38. Эмгек акы, анын ичинде кызматтык маяна (ставка) төлөнгөн кыз-маткерлердин айрым категорияларына убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жекош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие эмгекке жарамсыз болуп калганкүндүн же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагыакыркы үч ай ичиндеги иш жүзүндөгү накта эмгек акыдан жеке киреше салы-гы алына турган кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен эсептелет: а) билим берүү системасынын кызматкерлеринин пособиеси алардын та-рификация (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы же кош бойлуулук жана төрөтбоюнча өргүүсү башталган күндөн тартып) менен бекитилген педагогикалыкиштеринин сааттарына акыны кошуу менен иш жүзүндөгү эмгек акысынан,ошондой эле педагогикалык иштери үчүн кошумча акы төлөөдөн, эгерде албир нече жерде иштеген деп эсептелбесе (класс жетекчинин милдетин атка-руу, окуучулардын жазуу иштерин текшерүү, кабинеттерди, лабораториялар-ды жана бөлүмдөрдү башкаруу, өндүрүштүк окууну жана практиканы жетектөөж.б.), белгиленген тартипте бекитилген сааттык иштерди төлөп берүүдөнэсептелет. Мектепке чейинки, мектептен тышкары жана башка балдар мекемесиндеиштеген педагогикалык кызматкерлерге пособие эсептөө үчүн бир мекемедеиштин бардык түрү боюнча иш жүзүндөгү педагогикалык иштери үчүн алганэмгек акысынын өлчөмү алынат. Ушул пунктчада көрсөтүлгөн окуу жайларда, мектепке чейинки, мек-тептен тышкары жана башка балдар мекемелеринде жетекчи жана башка кыз-маткерлер бир маалда мугалимдик жана башка педагогикалык иштерди ошолэле окуу жайда (мекемеде) аткарса, пособие сааттарын (мугалимдик, педа-гогикалык иштерге) кошуу менен эмгек акысынын өлчөмүнөн эсептелет. б) ректорлорго, проректорлорго, кафедра башчыларына, окуу бөлүмдө-рүнүн башчыларына, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук ку-рамына жана башка кызматкерлерине жана кошумча окутуучу персоналдарынапособие иш жүзүндөгү эмгек акысынан эсептелет. в) саламаттык сактоонун алдын алуучу-дарылоочу жана санитар-дык-эпидемиологиялык мекемелеринин жана дарыканалардын, социалдык кам-сыздандыруу мекемелеринин, балдар үйлөрүнүн, жетим балдар, акыл-эси жа-на дене-түзүлүшүндө кемчилиги бар балдар үчүн мектеп-интернатынын, мек-тепке чейинки балдар үйүнүн, МСЭКтин, соттук-медициналык экспертизанынмедициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерине, мындан тышкары КызылКрест менен Кызыл Жарым ай кайрымдуулук коомдорунун медициналык айымда-рына иштин бардык түрү боюнча бир мекемедеги иш жүзүндөгү иштери үчүналган эмгек акысынан эсептелет. г) жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, газета жана журналдардын редакци-яларынын, басмаканалардын, радио жана телевидениенин, башка ишканалар-дын, уюмдардын жана мекемелердин чыгармачыл кызматкерлеринин эмгек акы-сына кошулуучу автордук (оюн коюучу) сыйлык же автордук (оюн коюучу)сыйлыктын ставкасы (баасы) боюнча берилүүчү эмгек акыга убактылуу эм-гекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелер иш жү-зүндөгү эмгек акысына автордук (оюн коюучулук) сыйлыгынан жеке кирешесалыгы алынган суммадан эсептелет. д) белгилүү бир норманы аткарганда (артисттер ж.б.) кызматтык мая-на (ставка) алуучу кызматкерлерге убактылуу эмгекке жарамсыздык, кошбойлуулук жана төрөт болоордун алдындагы айдын биринчи күнүнө каратаакыркы үч календарлык айдын эмгек акысынан эсептелет. 39. 38-пунктта көрсөтүлгөн кызматкерлерге пособие чектөө үчүн биркүндүк орточо эмгек акынын жана пособиенин жалпы суммасы бул Жобонун37-пунктуна ылайык эсептелет. 40. 3 жашка чейинки бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкергекош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие алгачкы он жумуш күнгө пособиемурунку баласын багуу боюнча өргүүгө чыкканга чейинки эмгек акысынан(кирешеден) эсептелет, он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсе эсептиккөрсөткүчтөн төлөө жүргүзүлөт. Эгерде бала багуу боюнча өргүүдөн, же эмгек акысы сакталбаганөргүүдөн эмгек милдеттерин аткарууга чыккан кызматкерлердин иштөө мез-гили 3 айдан кем болсо, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиеалгачкы он жумуш күнгө мурунку өргүүгө чыкканга чейинки эмгек акысынан(кирешесинен) эсептелет, он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсе эсептиккөрсөткүчтөн төлөө жүргүзүлөт. 41. Жеке ишкердик кылган адамдардын бир күндүк эмгек акысы төмөн-күчө аныкталат. Орточо эмгек акы убактылуу эмгекке жарамсыздык болоор-дун алдындагы жеке киреше салыгы кармалуучу патенттин баасынын акыркыэки айдагы суммасын 2ге бөлүү менен эсептелет. Ооруган айдагы орточобир айлык эмгек акыны жумуш күндөрүнүн санына бөлүү менен пособиениэсептегенге бир күндүк эмгек акы аныкталат. Пособиенин жалпы суммасы орточо бир күндүк эмгек акыны убактылууэмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү мез-гилди иш жүзүндө иштеген күндөрдүн санына көбөйтүү менен аныкталат. 42. Эгерде, пособиени эсептеш үчүн эмгек акысы алына турган уба-кытта кызматкер башка ишке которулса же ставканын өлчөмү, эмгек акы тө-лөөнүн системасы (убакытка жараша акы алгандан иштегенине жараша акыалганга которгондун натыйжасында) өзгөргөндө, анда пособиени эсептеген-ге анын которулган күнүнөн кийинки ишиндеги, ставканын, эмгек акы тө-лөөнүн системасынын өзгөргөндөгү эмгек акы алынат. 43. Эгерде, жылдын белгилүү бир мезгилинин (сезондун) ичинде жу-муштун шартына жараша ар кандай эмгек акы каралса, анда пособие айлыкакысынын суммасы жогору болгон башка сезондо иштеген мезгили үчүн кыз-маткерге эсептелген айлык акыдан эсептелет. 44. Негизги иштеген жумушунан айлык акысын убактылуу сактоо мененкызматкер башка ишканага жумуш аткаруу үчүн жиберилген учурда, пособиеушул мөөнөткө негизги иштеген ишинин айлыгынан жалпы негизде эсептелет. 45. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособие жалпы негиздетөмөнкүлөргө эсептелет: - мектептердин, семинарлардын, курстардын окуучуларына жана угуу-чуларына (квалификациясын жогорулатуу боюнча курстун-окутуу комбинатта-рынын, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, өндүрүштөн сырткары квали-фикациясын жогорулатуу факультеттеринин жана институттарынын), эгердеишкана тараптан окуу учурунда эмгек акысын толук же бөлүгүн сактоо ме-нен жиберилсе (стипендияны эске албаганда); - жогорку окуу жайдын студенттери, орто жана баштапкы кесиптик би-лим берүү системасынын окуучулары өндүрүштүк практика учурунда эмгекакы төлөнүүчү орундарда же кызматтарда иштешсе, практика бүткөнгө чей-инки убакытка; - студенттик отряддардын мүчөлөрүнө пособие отряддагы эмгек акысы-нан эсептелет жана иштеген жеринен ушул Жобонун 24-пунктунда каралганубакытта берилет; - мекемелерде, уюмдарда альтернативдик аскердик кызмат өтөгөндөр-гө. 46. Айыл чарба ишканаларында иштегендерге убактылуу эмгекке жарам-сыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие эмгек келишими түзүл-гөн кызматчыларга төлөнөт. Мындай учурда пособие эсептеш үчүн бир күндүк орточо айлык эмгекакысы ушул Жобонун 36 жана 37-пункттарына ылайык аныкталат. Эгерде, эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өр-гүүсү айыл чарба жумуштарынын ар кандай мөөнөтүнө туура келип калса,анда пособие ушул Жобонун 43-пунктуна ылайык эсептелет. Эгерде айыл чарба жумуштарынын кээ бир мөөнөттөрүндө кызматкер иш-тебесе бул мөөнөткө пособие төлөп берүү каралбайт. 47. Юридикалык жак түзүү менен иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарба-лардын жумушчуларынын орточо бир күндүк эмгек акысы, ошондой эле посо-биенин суммасы ушул Жобонун 36-37-пункттарына ылайык эсептелет. Юридикалык жак түзбөй иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалардын мү-чөлөрүнүн орточо бир күндүк эмгек акысы алар төлөшө турган жер салыгы-нын бир жылдык суммасынын өлчөмүнөн аныкталат. Чарбанын эмгек акысынынжалпы бир жылдык фонду жер салыгынын төлөнгөн бир жылдык суммасынын өл-чөмүнө барабар. Дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсүнүн орточо бир айлык эм-гек акысынын өлчөмүн аныкташ үчүн, чарбанын эмгек акысынын жалпы биржылдык фондун (жер салыгынын бир жылдык суммасын) чарбанын эмгекке жа-рамдуу мүчөлөрүнүн санына жана 12 айга бөлүү менен эсептешет. Дыйкан(фермер) чарбанын мүчөсүнүн орточо бир айлык эмгек акысын ооруган айдынжумуш күндөрүнө бөлүү менен орточо бир күндүк эмгек акысын аныктап, агаушул Жобонун 37-пунктуна ылайык пособие эсептелет. Мында пособие эсеп-төө үчүн эмгек акынын минималдык өлчөмү республикада белгиленген экиэсептешүү көрсөткүчүнөн төмөн болбошу керек жана ушул Жобонун 27 жана28-пункттарында каралган чектөөдөн ашпашы керек. 48. Түзөтүү жумуштарына кесилген адамдарга пособие жалпы негиздеберилет. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга пособие соттун өкүмү менен эмгекакысынан кармалчу сумманы алып салуу менен эсептелет. V. Пособиелерди дайындоо тартиби 49. Пособие негизги иштеген жерден (эмгек китепчеси сакталган жер-ден) дайындалат жана жумуш берүүчү төлөп берет. Пособиени дайындоодо жана төлөөдө келип чыккан талаштар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет. 50. Кызматкер ишке чыккан күнү эмгекке жарамсыздык баракчасынкөрсөтөт. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздыгы дагы уланып жатса, эм-гекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилиши мүмкүн. Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасына төлөөгө кабыл алган кү-нүн белгилейт, төлөнө турган күндөрдүн санын, дем алыш күндөрдү, ушулишканада ишинин башталышын (которулуусун эске алып) жана эмгекке жарам-сыздык баракчасын төлөө боюнча жењилдиктерди берүүчү башка маалыматтар-ды киргизет, колу жана ишкананын, уюмдун мөөрү менен тастыктайт. 51. Эмгекке жарамсыздык баракчасы (төлөнүп берилгендери жана төлө-гөнгө болбогондору) жана пособие төлөш үчүн берилген бардык башка доку-менттер (маалымкаттар, актылар, жолдомолорго берилүүчү кайтаруу талон-дору ж.б.) ишкананын, уюмдун бухгалтериясында башка чыгым документтери-нен бөлөк сакталат. 52. Эмгектик майыптыктан (мертинүү, күйүк, үшүк ж.б.) пайда болгонубактылуу эмгекке жарамсыздыкка пособие өндүрүштө бөөдө кырсык жөнүндөактынын (форма Н-1) негизинде дайындалат. Эгерде, кырсык кызматкер менен башка жагдайларда болсо (тиричилик-те, жумушка баратканда же келе жатканда, мамлекеттик жана коомдук мил-деттерди аткарууда ж.б.) пособие кызматкерлердин өкүлү менен иш берүү-чүнүн өкүлү биргелешип кырсыкты изилдешип, акты түзгөндөн кийин ганадайындалат. Кесиптик оорунун натыйжасында убактылуу эмгекке жарамсыздык болсо,пособие кесиптик ооруну изилдөө актысынын (форма N 362/9) негизинде га-на чектелет. 53. Эмгектик мертинүүнүн натыйжасында убактылуу эмгекке жарамсыз-дыктын учурларына төмөнкү кокустан болгон кырсыктар кирет: мертинүүлөр,курч кесиптик оорулар (* эскертүүнү карањыз) жана уулануулар, ысыкуруу, күйүктөр, үшүккө алдыруудан, чөгүп кетүүдөн, чагылган тийүүдөн,курт-кумурскалардан жана жаныбарлардан жабыркоодон, мындан тышкары аркандай табигый кырсыктан (жер титирөө, жер көчкү, суу ташкыны, бороонж.б.) кызматкердин ден соолугуна зыян болгондо. Өндүрүшкө байланыштуу эмгектик майыптыктын кесепетинен кызматкер-дин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы төмөнкү учурларда аныкталат: а) эмгектик милдеттерди аткарууда (анын ичинде, командировка уба-гында), ошондой эле иш берүүчүнүн тапшырмасыз эле ишкананын кызыкчылы-гында кандайдыр бир ишти аткарган учурда; б) иш сапарына бара жаткан же кайтып келе жаткан учурда; в) жумуш берүүчү берген транспортто жумушка бара жатканда же жу-муштан келе жатканда; г) ишкананын аймагында же ишкананын аймагынан тышкары жумуш күнаралыгында (белгиленген тыныгуу убакытын кошкондо), ошондой эле жумушкачейин же жумуштан кийин өндүрүш куралын, кийимди ж.б. иретке келтирүү,ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүндө белгиленген мөөнөттөн ашыкиштөө убактысында, анын ичинде ишканаларга шефтик жардамдардын, ишемби-ликтин, жекшембиликтин өткөргөн ордуна карабастан; д) жумушчу белгиленген тартипте жаратылыш жана техногендикмүнөздөгү (катастрофа, кыйроо ж.б.) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринжоюуга катышууга, мамлекеттик жана коомдук милдеттерди аткарууга байла-нышкан башка жумуштарга жиберилгенде же тартылганда; е) кезмекчи катары кезмек арасындагы дем алыш учурунда транспорт-тук каражатта бара жаткан учурда (автомобилдеги айдоочу-кезмекчи, поез-ддеги рефрижератордук секциянын жолшериги же механиги), утурумдук ыкма-дагы жумуштардагы кезмектер ортосундагы дем алуу, ошондой эле утурумдукжана кеме жумуштарынан бош убакта кемеде болгон учурда; ж) жумуш убактысында тейлөөчү мекемелер аралыгында кыдырып иштөөчүжумушчу менен же иш берүүчүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жолдо баратканучурда; з) өзүнүн бардык түрдөгү (суу, жүк ташуучу, араба) менчик транс-порт каражатында, аны өндүрүштүк максаттарда пайдалануу укугу боюнча ишберүүчүнүн жазуу же оозеки түрүндөгү буйругу болгон учурда же иш берүү-чүнүн тапшырмасы менен бара жаткан жумуш убактысында. Төмөнкү учурларда комиссиянын чечими боюнча өндүрүшкө байланышпа-ган убактылуу ишке жарамсыздык деп табылышы мүмкүн, эгерде: а) жапа чегүүчү тарабынан, укук коргоо органдарынын корутундусубоюнча кылмыш жазасына тартуу белгилери бар кылмыш атайылап жасалганболсо; б) жапа чегүүчү тарабынан алкоголду, бањгилик, уулуу жана ушул сы-яктуу заттарды пайдалануу; иш берүүчүнүн уруксатысыз жеке максаттардауюмга тиешелүү транспорттук каражаттарды, жабдууларды, механизмдерди,шаймандарды өз алдынча пайдалануу, кандайдыр бир буюмдарды жеке максат-тар үчүн даярдоо; материалдык байлыктарды уурдоо себебинен болсо. Донордук функцияны аткарганда, адам өмүрүн сактоодо жарандык мил-детти аткарганда, мамлекеттик, жамааттык жана башка менчикти коргогон-до, ошондой эле тартипти сактоодо жана табигый кырсык менен өрттөгүаракеттерге байланыштуу эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуп алса, бул анынишине байланышпаган болсо, анда булар жумушка тиешелүү болгон кырсыктанэмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготконго тењештирилет. (*) Курч кесиптик оору - зыяндуу өндүрүштүк факторлордун (бир жу-муш сменанын убагынан ашпаганда) бир жолу таасир беришинен пайда болгоноору. 54. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча пособие дайындоодо кесип-тик ооруларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизме-деги кесиптик оорулар эсептелет. 55. Пособиелер эмгек акы менен бир убакытта жана ошол мөөнөттө бе-рилет. Ушул эле тартипте кургак учук санаторийинде дарылануу үчүн жибе-рилгенде пособие төлөнөт. 56. Алуучу тараптан эсептик катанын же кыянаттык менен колдонуунуннатыйжасында (документтерди оњдоо, кырып тазалоо ж.б.) ашыкча төлөнгөнпособиенин суммалары кармалат. Кармоо кийинки төлөнө турган пособиеден же эмгек акыдан төлөнүүчүсуммадан 20 пайыздан ашпаган өлчөмдө ишкананын эсептөө бөлүмү тарабынанкызматкердин өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде кармалат. Эсеп-тик катадан ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу жөнүндө чечим пособиечектелген күндөн 3 айдан ашпаган убакта чыгышы керек, ал эми кыянаттыкменен колдонгондо - мөөнөт чектелбейт. Эгерде кызматкер бул ишканада иштебей калган болсо, анда ашыкчатөлөнгөн пособиелердин суммасы соттук тартипте өндүрүлөт. Кыянаттыкты колдонуп пособие алган күнөөлүүлөрдүн (документтердиоњдоо, кырып тазалоо ж.б.) материалдары кылмыш жоопкерчилигине тартууүчүн жиберилет. 57. Иштеген адамдын каза болгон күнүнө карата алынбай калган посо-биелер, аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле эмгеккежарамсыздыгы боюнча каза болгон адамдын багуусунда болгон адамга, эгербул мамилени ырастоочу документтер берилгенде төлөнөт. 58. Пособиелер ишеним каттын негизинде төлөнүшү же кызматкердинарызы боюнча банкка которулушу же почта аркылуу жиберилиши мүмкүн (аныничинде убактылуу жашаган жерине). Пособиени жиберүүдө салганга кеткенчыгымдар пособиенин суммасынын эсебинен жүргүзүлөт. 59. Эгерде пособиени чектөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынбузулушуна жол берилген болсо же төлөөгө берилген документтер туураэмес толтурулса иш берүүчү кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары мененбирдикте чечим кабыл алат жана ал протокол жүзүндө таризделет. Эгерде иш берүүчүнүн пикири менен кызматкерлердин өкүлчүлүктүү ор-гандары макул болбосо, бул талашты чечүүгө Кыргыз Республикасынын Эмгекжана социалдык өнүктүрүү министрлигине же кызматкерлердин жогорку өкүл-чүлүктүү органына кайрылат жана анын чечими милдеттүү болот. 60. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лигинин жана анын аймактык органдарынын талап кылуусунун негизинде ишберүүчүлөр пособиелерди төлөө документтерин текшерүүгө берет: - убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча - пособиенин туура эмес да-йындалганы жана төлөнгөнү жөнүндө иштеген жарандар макул болбосо; - учурдагы жана өткөн жылдар үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча.Башка мезгил үчүн документтерди текшерүү пособиелерди төлөөгө каражат-тарды чыгымдоодо кыянаттык менен колдонуу аныкталган учурда жүргүзүлөт. 61. Колдонуудагы эрежелерди бузуп төлөнгөн жана республикалык бюд-жетке зыян келтирген чыгымдар эсепке алынбайт жана иш берүүчүнүн эсеби-не кирет. Пособиелерди төлөөгө берилүүчү каражаттарды негизсиз коромжу кыл-ган жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрация-лык жана материалдык жоопкерчилик чаралары көрүлөт. Эмгекке жарамсыздык баракчалары негизсиз же белгиленген тартиптибузуу менен берилген учурда, пособиелерди төлөө боюнча чыгымдардын ор-дун толтуруу күнөөлүү адамдардын эсебинен жүргүзүлөт. 62. Дайындалган пособиелер иш берүүчү тарабынан туура эмес төлөн-гөн же төлөө кечиктирилген учурда даттануу Кыргыз Республикасынын Эмгекжана социалдык өнүктүрүү министрлигине же кызматкерлердин өкүлчүлүктүүорганына берилет.".