Редакцияот 31.07.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-июлу № 417                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы"                 ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 3-июлундагы № 150буйругуна ылайык,  азык-түлүк  коопсуздугун камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы "Соода жана маркетинг борбору" мамлекеттикишканасы "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердиккоомуна өзгөртүп кайра түзүлсүн.     2. "Кыргыз  агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердиккоомунун негизги   максаты   товар   өндүрүүчүлөрдүн  кызыкчылыктарындаазык-түлүк рыногунун  туруктуу иштешин жана калктын азык-түлүккө болгонсуроо-талабын канааттандырууну камсыздоо болуп санала тургандыгы белги-ленсин.     3. "Кыргыз  агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердиккоомуна төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу жүктөлсүн:     - өлкөнүн  рыногунда  аны  турукташтыруу,  республиканын  чарбакерсубъекттеринин арасында айыл чарба продукциясына заказдарды жайгаштыруумаксатында азык-түлүк интервенцияларын жүргүзүү үчүн товардык операция-ларды ишке ашыруу;     - фьючердик контракттарды түзүүнү жана товар өндүрүүчүлөрдү  аван-сылоону  кошо  алганда  продукция өндүрүүдө жана өндүрүлгөн продукциянысатууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо;     - Кыргыз  Республикасынын  аймагында  дан  эгини,  техникалык, данбуурчак, жашылча-бакча жана тоют өсүмдүктөрүн себүү аянттарын кењейтүү;     - Кыргыз  Республикасынын  үрөнчүлүк  жана асыл-тукум чарбаларынынишмердигин стимулдоо жана колдоо;     - фермердик  чарбаларды  ирилештирүүгө, айыл чарба кооперативдеринжана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүүгөкөмөктөшүү;     - Айыл  чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжа-луу пайдаланууга көмөктөшүү;     - айыл  чарба  өндүрүшүн жана кайра иштетүүчү өнөр жайды механика-лаштырууну өнүктүрүү;     - рынок  инфраструктураларын  өнүктүрүү,  азык-түлүк рыногун жөнгөсалуунун методологиялык жана уюштуруу биримдүүлүгүн камсыздоо;     - айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана кайра иштетүүчү ишканалардысистемалуу колдоо үчүн финансылык жана кредиттик каражаттарды мобилиза-циялоо, топтоштуруу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;     - азык-түлүк рыногунда экспорттук-импорттук операцияларды уюштуруужана жүзөгө ашыруу.     4. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети:     Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлиги жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бир-дикте "Кыргыз  агроөнөр  жай  азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердиккоомуна кеминде  10 (он) млн. сом өлчөмүндө уставдык капиталды жана ке-минде 800  (сегиз жүз) млн. сом өлчөмүндө жүгүртүү капиталын бөлүү үчүнакча каражатын издеп тапсын;     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен бир-дикте "Кыргыз  агроөнөр  жай  азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердиккоомунун иштеши үчүн зарыл болгон жайды жана башка мүлктү издеп тапсын.     5. Кыргыз  Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин катышуусуменен он  күндүк мөөнөттө "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы"ачык акционердик  коомунун Уставынын долбоорун иштеп чыксын жана КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-тинин бекитүүсүнө киргизсин.     6. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети  "Кыргыз  агроөнөр  жай азык-түлүк корпорациясы" ачыкакционердик коомунун  Уставы  бекитилгенден  кийин белгиленген тартиптеаталган акционердик  коомдун Директорлор кењешин жана аткаруучу органынтүзүп, анын уюштуруу документтерин юстиция органдарына каттоого берсин.     7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жа-на агроөнөр  жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөл-сүн.      Премьер-министри                                    И.Чудинов