КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 1-августу № 418 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги"Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруумаселелери жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасында магистралдык те-мир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 203, "Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралыкавтомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"2008-жылдын 2-майындагы № 204, "Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспек-циясынын маселелери жөнүндө" 2008-жылдын 18-июнундагы № 312 токтомдору-на ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жыл-дын 10-майындагы № 157 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоокиргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасында: "Кыргызтемиржолкурулуш" магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жа-на куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы" деген позиция алып салынсын; "Кыргыз транспорт инспекциясы (бюджет)" деген позиция "Мамлекеттиктранспорт инспекциясы (бюджет)" деген позицияга алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо: 12-пунктта: - "Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча мамле-кеттик дирекциянын башкы директору" деген сөздөр алып салынсын; - "Жарандык авиация департаментинин директору," деген сөздөрдөнкийин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар башкармалыгынындиректору" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министри И.Чудинов