Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-августу № 419 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын мыйзам дол-боорлоо иштерин уюштуруу жана координациялоону андан ары өркүндөтүү,ошондой эле иштелип чыга турган мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорула-туу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Мыйзам долбоорлооиштеринин регламенти бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары: - ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын; - борбордук аппараттарда жана түзүмдүк подразделениелерде ушулРегламенттин жоболорун окутуп-үйрөтүү боюнча иштерди уюштурушсун. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын I жарым жылдыгыичиндеги Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышынын жүрүшү жанаКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин министрликтердин, мамле-кеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттиккомиссиялардын норма чыгаруу ишин координациялоо боюнча жүргүзүп жатканиши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрын-дагы № 639
токтомунун 3-пункту, 4-пунктунун экинчи абзацы жана 6-пунк-ту; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын биринчи жарым жыл-дыгында мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу жана министрликтер-дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жанамамлекеттик комиссиялардын нормативдерди чыгаруу иштерин координациялообоюнча Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жүргүзгөн иши жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 668
ток-томунун 5-пункту. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнө жа-на Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин РЕГЛАМЕНТИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Мыйзам дол-боорлоо иштеринин ушул Регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргү-зүүнүн тартибин аныктайт. I. Жалпы жоболор 1. Мыйзам чыгаруу процессине катышуу Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуубагыттарынын бири болуп саналат. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишин өзүнүн мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүпчыгуу укугун жүзөгө ашыруу жана милдеттүү түрдө анын макулдугун талапкылган мыйзам долбоорлоруна макулдук берүү жолу менен жүргүзөт. Мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүп чыгуу укугун Өкмөт Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешине (мындан ары - Жогорку Кењеш) мыйзам дол-боорлорун кароого киргизүү аркылуу жүзөгө ашырат. 2. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Конститу-циясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактылары жөнүндө", "Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик укуктукбазасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Өкмөттүн чечимдерине,Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушулРегламентке ылайык жүргүзүлөт. 3. Мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр са-налат: а) Өкмөт үчүн: - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-волор жана аткаруу бийлигинин Өкмөткө баш ийген башка органдары (мынданары - министрликтер жана ведомстволор) тарабынан иштелип чыккан мыйзамдолбоорлорун жактыруу; - расмий корутунду, ошондой эле Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгесииретинде субъекттер тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлоруна мамле-кеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын кире-ше бөлүгүнүн азайышын караган каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүн-дө корутунду берүү; - Жогорку Кењеш менен такай бирге иштешүүнү камсыз кылуу, Өкмөттарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоор-лорунун өтүшүн, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу макса-тында Жогорку Кењештин ишине катышуу; - Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн мыйзам долбоорлооиштери жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдолбоорлорун даярдоо боюнча тапшырмаларын Өкмөттө аткаруунун жүрүшү жө-нүндө маалымдоо; - Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагындамыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо; б) Өкмөттүн Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлү үчүн: - Жогорку Кењеште Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорубоюнча Өкмөттүн кызыкчылыгын билдирүүнү камсыз кылуу; - Жогорку Кењеште Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүү ма-селелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппара-тынын түзүмдүк подразделениелеринин ишин координациялоо; - Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландаштырууну координациялоожана Өкмөттүн демилгеси боюнча иштелип чыккан кечиктирилгис мыйзам дол-боорлорунун тизмесин Жогорку Кењеште кезексиз кароо үчүн түзүү; - Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттарын макулдашуу,аны уюштурууну өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштардыкиргизүү; - Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен министрликтердинжана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо маселелерибоюнча өз ара биргелешип иштешүү; - Жогорку Кењеш менен Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн такай бирге иш-тешүүсүн камсыз кылуу, мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө жана мо-ниторинг жүргүзүү максатында анын ишине катышуу, ошондой эле Өкмөт та-рабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорло-рунун кабыл алынышын камсыз кылуу. в) Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялаган аткаруу бийли-гинин органы катары Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги (мынданары - Адилет министрлиги) үчүн: - министрликтер менен ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин коор-динациялоо; - мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жарандардын жанаалардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде Өкмөттүн мыйзам долбоор-лоо иштеринин жылдык жана келечек пландарын түзүү жана жалпылоо, алардыбелгиленген тартипте Өкмөткө бекитүүгө киргизүү, ошондой эле алардынаткарылышын контролдоо; - Кыргыз Республикасынын кодекстерине ар бири боюнча өзүнчө түзө-түүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоор-лорун бир мыйзам долбоорунда жалпылоо жана аларды жылына эки жолу Өк-мөттүн кароосуна киргизүү; - мыйзам долбоорлоо маселелери менен алектенген эл аралык уюмдар-дын ишин координациялоо жана иш алып баруу, алар жана кызыкдар мамле-кеттик органдар менен бирдикте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларгакомплекстүү экспертиза жүргүзүү жана белгиленген тартипте Өкмөткө кир-гизүү; - эл аралык гуманитардык укукту жүзөгө ашыруу боюнча Ведомстволораралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактанкамсыз кылууну жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентари-зациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарын инвентаризациялоодон өткөрүү; - мыйзам долбоорлоо ишинин техникасын жакшыртуу, министрликтер жа-на ведомстволор тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун сапатынжогорулатуу. г) министрликтер жана ведомстволор үчүн: - мыйзам долбоорлоо ишин кылдат талдоо жана пландоо; - Өкмөттүн тиешелүү жылга мыйзам долбоорлоо планына (мындан ары -План) мыйзам долбоорлорун киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү; - тиешелүү мөөнөткө Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун, зарылучурда пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу; - мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдары тарабынан иште-лип чыга турган мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу; - Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилгенмыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу боюнча Жогорку Кењеш-тин ишине катышуу; - Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилгенмыйзам долбоорлорунун бардык стадияларда өтүшүнө көз салууну камсыз кы-луу максатында Жогорку Кењеш менен такай бирге иштешүүнү камсыз кылуужана алардын кабыл алынышы боюнча чараларды көрүү. 4. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык министрликтердин жана ведомст-волордун мыйзам долбоорлоо иши Пландын негизинде жүргүзүлөт. Пландар эњмаанилүү жана эмгекти көп талап кылган мыйзам актыларынын долбоорлоруништеп чыгууну алдын ала карайт жана Пландан тышкаркы мыйзам долбоорло-рун даярдоону жокко чыгарбайт. Планга ылайык министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорлооиштеринин ведомстволук (ички) пландарын иштеп чыгышат жана бекитишет,аларда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - мыйзам долбоорлорунун аталыштары жана аларды иштеп чыгуунун не-гизи; - түзүмдүк подразделениенин - жооптуу аткаруучунун аталышы жанатењ аткаруучулардын тизмеси; - мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу иши жүктөлгөн адистердинаты-жөндөрү, алардын байланыш телефондору; - мыйзам долбоорлорун Өкмөткө киргизүү мөөнөттөрү; - алардын Жогорку Кењеш тарабынан каралышынын болжолдуу мөөнөттө-рү. Тиешелүү мезгилге Планга киргизилген мыйзам долбоорлору кыйла ар-тыкчылыкка ээ деп эсептелет, Өкмөт тарабынан биринчи кезекте каралатжана жооптуу аткаруучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.Аталган мыйзам долбоорлорунун өз мезгилинде жана сапаттуу аткарылышыүчүн жоопкерчилик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине,статс-катчыларына, ал эми статс-катчынын кызматы жок ведомстволордо же-текчинин биринчи орунбасарларына, жооптуу аткаруучуларга жүктөлөт. 5. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иш-теринин пландары учурдагы жана келечектеги болушу мүмкүн. Мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы Планы бир жылдык мөөнөткө тү-зүлөт. Зарыл учурда мыйзам долбоорлоо иштеринин келечектеги пландары бешжылга жана андан ашык мөөнөткө түзүлөт жана алар мыйзам долбоорлоо иш-теринин учурдагы пландарында эске алынат жана конкреттештирилет. 6. Өкмөттө мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана Өкмөттүн ЖогоркуКењеш менен өз ара иштешүүсүн уюштуруу Өкмөттүн Жогорку Кењештеги ту-руктуу өкүлүнө, Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнө, Адилет минист-рлигине жана Өкмөт тарабынан дайындалган Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнөжүктөлөт. 7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин жанаалардын Өкмөт жана Жогорку Кењеш менен өз ара иштешүүсүн камсыздоонууюштуруу Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө, Адилет министрлигине, министрлик-тердин жана ведомстволордун жетекчилерине, статс-катчыларына, ал эмистатс-катчынын кызматы жок ведомстволордо жетекчинин биринчи орунбасар-ларына, министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтарынажүктөлөт. 8. Мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ушул Регла-ментте белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтөмөнкүлөргө жүктөлөт: - Өкмөттүн Аппаратында - тиешелүү бөлүмгө; - министрликтерде жана ведомстволордо - министрликтердин жана ве-домстволордун биринчи жетекчилерине, статс-катчыларына, ал эмистатс-катчынын кызматы жок ведомстволордо - жетекчилердин биринчи орунбасарларына. 9. Мыйзам долбоорлоо иштеринин алкагында документтер менен иштөөтартиби ушул Регламент, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөрегламенттери, министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарынжүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук нормативдик укуктук актыларыменен аныкталат. II. Пландын долбоорлорун даярдоо 10. Тиешелүү мезгилге Пландын долбоору Адилет министрлиги тарабы-нан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларынын жана билди-рүүлөрүнүн; - Өкмөттүн иш-аракеттеринин программаларынын; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин тапшырмаларынын, Жогорку Кењештин сунуштамаларынын: - министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын; - Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, мамлекет-тик жана башка уюмдардын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардынбирикмелеринин сунуштарынын; - өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын; - Кыргыз Республикасынын жањы мыйзамдарын кабыл алууну, мыйзамда-рына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Респуб-ликасынын эл аралык милдеттенмелеринин. 11. Министрликтердин жана ведомстволордун Пландын долбоору боюнчасунуштарды даярдоо жана чогултуу боюнча ишин координациялоону Адилетминистрлиги камсыздайт. 12. Пландын долбооруна киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чы-гуу боюнча сунуштарда төмөнкүлөр камтылышы керек: - мыйзам долбоорунун аталышы; - аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси жана концепциясы; - мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышы жана тењ ат-каруучулардын тизмеси; - мыйзам долбоорун Өкмөткө берүү мөөнөтү жана анын Жогорку Кењештарабынан кабыл алынышынын болжолдуу мөөнөтү. Пландын долбоорун түзүү боюнча сунуштар министрликтер жана ведомс-тволор тарабынан Адилет министрлигине жыл сайын, учурдагы жылдын 15-но-ябрынан кечиктирилбестен берилет. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Планына киргизүү үчүн сунуш-тарды түзүүдө министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынынкодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарАдилет министрлиги тарабынан жалпыланаарын жана Өкмөттүн кароосуна жы-лына эки жолу киргизилерин эске алуулары зарыл. 13. Адилет министрлиги министрликтерден жана ведомстволордон, мам-лекеттик жана башка уюмдардан, илимий мекемелерден, жарандардан жанаалардын бирикмелеринен келип түшкөн сунуштарды жалпылайт жана тиешелүүмезгилге Пландын долбоорун түзөт. Пландын акыркы долбоорун түзүүдө жыл сайын кабыл алынуучу мыйзамдолбоорлору, ошондой эле төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыгуучу мыйзамдолбоорлору милдеттүү түрдө киргизилет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларына жана билди-рүүлөрүнө; - Өкмөттүн иш-аракеттеринин программаларына; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин тапшырмаларына; - өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына; - Кыргыз Республикасынын жањы мыйзамдарын кабыл алууну, мыйзамда-рына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Респуб-ликасынын эл аралык милдеттенмелерине. Мамлекеттик жана башка уюмдардын, илимий мекемелердин, жарандардынжана алардын бирикмелеринин сунуштары Пландын акыркы долбооруна Өкмөттарабынан төмөнкүдөй негиздерге ылайык киргизилет: - биринчи кезекте кабыл алынышы зарыл болгон, коомдук мамилелердижөнгө салууга багытталган жана тезинен укуктук камсыз кылууну талапкылган мыйзам долбоорлору; - адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багыттал-ган мыйзам долбоорлору. Министрликтердин жана ведомстволордун Пландын акыркы долбоорунакиргизилбей калган сунуштары пландан тышкаркы сунуштар болуп эсептелет,аларды иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү ушул Регламенттин V бөлүмүндөкөрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. 14. Ушул Регламенттин 10-13-пункттарынын талаптарына ылайык даяр-далган Пландын долбоору 25-ноябрдан кечиктирилбестен Адилет министрлигитарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жанаӨкмөттүн Аппаратына акыркы вариантты түзүү үчүн маалымат катары жибери-лет. Мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы планынын акыркы варианты кы-зыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат жана 15-ян-вардан кечиктирилбестен Өкмөткө бекитүүгө жиберилет. 15. Планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө су-нуштарды иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү ушул Регламенттин 10-13-пун-кттарында көрсөтүлгөн тартипте ишке ашырылат. Бекитилген Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун алып салуу жеалардын Өкмөткө берүү мөөнөтүн жылдыруу жаатында ага өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар министрликтердин жана ведомс-тволордун сунуштарынын негизинде Адилет министрлиги тарабынан даярдалатжана аларды алып салууга же мөөнөтүн жылдырууга жөндүү негиздемени кам-тышы абзел. III. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруу 16. Тиешелүү мезгилге Планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин жана Өкмөттүн тапшырмалары, Жогорку Кењештин сунуштамалары ме-нен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери - жооп-туу аткаруучу тарабынан жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомст-волук ички пландары бекитилет. 17. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарына ушулРегламенттин 4-пунктунда белгиленген маалыматтар киргизилет. 18. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары минист-рликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары тарабынан даярда-лат жана мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мый-зам долбоорлоо иштеринин бекитилген ведомстволук ички пландарынын кө-чүрмөлөрү Өкмөт учурдагы жылга Планды бекитүү жөнүндө токтом кабыл ал-гандан кийин эки жумалык мөөнөттө Адилет министрлигине жөнөтүлөт. 19. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын ат-карылышын контролдоо министрликтердин жана ведомстволордун статс-катчы-лары, ал эми статс-катчынын кызматы жок ведомстволордо жетекчинин би-ринчи орунбасары, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордунюридикалык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. 20. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк подразделение-лери ар бир кварталдын биринчи айынын биринчи күнүнөн кечиктирбестенмыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын өздөрү тара-бынан аткарылышы жөнүндө маалыматты өздөрүнүн юридикалык кызматына жө-нөтүшөт, ал эми юридикалык кызматтар өз кезегинде квартал сайын, отчет-тук мезгилден кийинки айдын бешинчи күнүнөн кечиктирбестен Адилет ми-нистрлигине учурдагы Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой элетиркемеге ылайык формада Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси ка-тары киргизилген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу бо-юнча Жогорку Кењештин ишине катышуусу жөнүндө маалымат беришет. 21. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк подразделение-леринин жетекчилери өздөрү жетектеген подразделениелер тарабынан мыйзамдолбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышы үчүн жекежоопкерчилик тартышат. 22. Адилет министрлиги ар кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттукмезгилден кийинки айдын онунчу күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө Пландын аткарылышынын жүрүшү тууралуу отчет берет. IV. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү 23. Пландын алкагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана даяр-доону уюштуруу министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулараркылуу жүзөгө ашырылат. 24. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу белгиленген тартипте бекитил-ген Өкмөттүн Регламентине, Өкмөттүн чечимдерин, министрликтердин жанаведомстволордун нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоонунтартиби жөнүндө Эрежелерге жана нормативдик укуктук актылардын ишкердиксубъекттерине регулятивдик таасир этүүсүн талдоо (РТэТ) Усулуна такылайык ишке ашырылат. 25. Министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулар тарабы-нан мыйзам долбоорлорун даярдоо максатында жумушчу топтор түзүлүшүмүмкүн, алардын курамына аткарылышына жооптуу министрликтердин жана ве-домстволордун кызматкерлери, тењ аткаруучулардын, Адилет министрлиги-нин, ошондой эле мамлекеттик башка органдардын жана уюмдардын, или-мий-изилдөө уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишке тартылганэксперттер киргизилет. 26. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу этаптарында: - анын максаты жана укуктук жөнгө салуу предмети аныкталат; - укуктук жөнгө салуунун кемчиликтерине талдоо жүргүзүлөт; - максатка жетүүнүн дењгээли, проблемалар жана аны конкреттүү түр-дө чечүүнүн пландаштырылган натыйжасы аныкталат; - кабыл алынуучу нормативдик укуктук актынын таасири тийүүчү кы-зыкчылыгы бар топ аныкталат; - саясаттын (жана мыйзамдардын) ушул сыяктуулар кабыл алынган жемаселени чечүүгө ар кыл ыкмалардын колдонулушуна таасир этүүчү башкатармактары каралат; - таасир этүүнүн накта натыйжасын аныктоо үчүн талдоо жүргүзүүнүнар кыл усулдары колдонулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нормативдик укуктукактынын долбоору иштелип чыгат, ага маалымкат-негиздеме даярдалат; - мыйзамдардын талаптары бар болсо коомдук талкуулоо жол-жобосужүргүзүлөт. 27. Мыйзам долбоорлорун министрликтер жана ведомстволор менен ма-кулдашуу Өкмөттүн тиешелүү тартипте бекитилген Регламенти аркылуу бел-гиленген тартипте жүргүзүлөт. 28. Адилет министрлиги менен макулдашууда министрликтер жана ве-домстволор кагаз жүзүндөгү жана тиркелген документтер менен бирдиктемамлекеттик жана расмий тилдеги мыйзам долбоорлорунун электрондук вари-антын Адилет министрлигинин WEB-сайтында жалпыга тааныштырууга жайгаш-тыруу үчүн жөнөтүшөт. Адилет министрлигине жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун текстине төмөн-күлөр тиркелиши керек: - министрликтердин жана ведомстволордун жетекчиси кол койгон, тө-мөнкүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат (маалымкат-негиздеме): а) мыйзам долбоорунун жалпы мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизгижоболору, колдонуудагы мыйзамдар тутумундагы орду, ошондой эле ал кабылалынгандан кийин социалдык-экономикалык жана башка натыйжалардын келипчыгышынын божомолу; б) каржылык-экономикалык негиздеме (жүзөгө ашырылышы каржылык жанаматериалдык сарптоолорду талап кылган мыйзам долбоору кароого киргизил-ген учурда). Каржылык-экономикалык негиздеме учурдагы жана (же) келеркижылдарга каржылоо булактары жөнүндө эсептөөлөрдү жана маалыматтардыкамтууга тийиш; в) ушул мыйзам долбоору кабыл алынышына байланыштуу күчүн жоготтудеп табууга, колдонулушун токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого жеиштеп чыгууга жаткан мыйзам актыларынын тизмеси; г) ушул мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынышы зарыл болгоннормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунуштар; - мыйзам долбооруна салыштырма таблица; - нормативдик укуктук актылардын ишкердик субъекттерине регулятив-дик таасир этүүсүн талдоо (РТэТ) Усулунун долбоорунун төп келиши жөнүн-дө корутунду, эгерде мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салууга багыт-талса; - мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кењешке кир-гизүү жана мыйзам долбоорун Жогорку Кењеш караган учурда Өкмөттүн рас-мий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору. Өкмөттүн ток-томунун долбоорунда ушул мыйзам долбоору Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иш-теринин Планында тиешелүү мезгилге каралгандыгы милдеттүү түрдө көрсө-түлөт; - министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбооруна бергенмакулдашуу барактары. Адилет министрлиги долбоордун демилгечисине ушул пунктта көрсөтүл-гөн документтер жок учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына карама-каршы келген негиздер боюнча артка кайтарат. Мыйзамдардын долбоорлорун макулдашуунун жыйынтыктары боюнча Адилетминистрлиги өз корутундусун он күндүк мөөнөттө аларды иштеп чыккан ор-гандарга мыйзам долбоорлорун кайрадан жеткире иштеп чыгуу жана ӨкмөттүнРегламентинде көрсөтүлгөн тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүү үчүн жи-берет. 29. Министрликтер жана ведомстволор Өкмөткө кароо үчүн мыйзам дол-боорун төмөнкүдөй материалдар менен кошо берет: - министрликтин жана ведомстволордун жетекчиси кол койгон, төмөн-күлөрдү камтыган түшүндүрмө кат (маалымкат-негиздеме): а) мыйзам долбоорунун жалпы мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизгижоболору, колдонулуудагы мыйзамдар тутумундагы орду, ошондой эле ал ка-был алынгандан кийинки социалдык-экономикалык жана башка натыйжалардынкелип чыгышынын божомолу; б) каржылык-экономикалык негиздеме (жүзөгө ашырылышы каржылык жанаматериалдык сарптоолорду талап кылган мыйзам долбоору кароого киргизил-ген учурда). Каржылык-экономикалык негиздеме өтүп жаткан жана (же) ке-лерки жылдарга каржылоо булактары жөнүндө эсептөөлөрдү жана маалымат-тарды камтууга тийиш; в) ушул мыйзам долбоору кабыл алынышына байланыштуу күчүн жоготтудеп табууга, колдонулушун токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого жеиштеп чыгууга жаткан мыйзам актыларынын тизмеси; д) ушул мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынышы зарыл болгоннормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунуштар; - мыйзам долбооруна салыштырма таблица; - нормативдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине ре-гулятивдик таасир этүүсүн талдоо (РТэТ) Усулунун долбоорунун төп келишижөнүндө корутунду, эгерде мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салуугабагытталса; - мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кењешке кир-гизүү жана мыйзам долбоорун Жогорку Кењеш караган учурда Өкмөттүн рас-мий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору. Өкмөттүн ток-томунун долбоорунда ушул мыйзам долбоору Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иш-теринин Планында тиешелүү мезгилге каралгандыгы милдеттүү түрдө көрсө-түлөт; - министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун мыйзамдолбооруна берген макулдашуу барактары. 30. Министрликтерге жана ведомстволорго мыйзам долбоорлорун мыйзамчыгаруу демилгечиси укугун башка субъекттерге өткөрүп берүүгө тыюу са-лынат. 31. Мыйзам долбоорлоо иштеринин Планынын алкагында даярдалган жанаӨкмөттүн кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлору Өкмөттүн Аппараты та-рабынан биринчи кезекте каралат. 32. Өкмөт тарабынан Жогорку Кењештин кароосуна киргизилүүчү мыйзамдолбоорлору боюнча бардык токтомдорго Өкмөттүн Жогорку Кењештеги турук-туу өкүлү тарабынан виза коюлууга жана Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясы менен макулдашылууга тийиш. 33. Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан Жогорку Кењешке "Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамында каралган документтерди тиркөө менен киргизилет, атап ай-тканда: 1) мыйзам долбоорунун тексти; 2) аны кабыл алуунун зарылдыгынын негиздемеси, мыйзам долбоорунункењири мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизги жоболору, колдонуудагымыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле аны кабыл алуудагы социал-дык-экономикалык жана башка натыйжаларынын божомолу; 3) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам дол-боорлоруна салыштырма таблица; 4) укуктук жөнгө салуунун бул чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалы жө-нүндөгү маалымкат; 5) бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен жокко чыгарууну, өзгөр-түүнү, толуктоону же кабыл алууну талап кылган мыйзам долбоорлорунунжана башка ченемдик укуктук актылардын тизмеси; 6) каржылык-экономикалык негиздеме (ишке ашыруусу кошумча матери-алдык жана башка сарптоолорду талап кылуучу мыйзам долбоору киргизилгенучурда). Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн ка-раштырган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо бу-лагын аныктагандан кийин Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Аталган документтер, ошондой эле мыйзам долбоорунун тексти Өкмөттарабынан Жогорку Кењешке мамлекеттик жана расмий тилдерде Жогорку Ке-њештин депутаттарынын санына жараша нускада жана электрондук түрдө кир-гизилет. V. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү 34. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан Пландан тышкары да-ярдалган мыйзам долбоорлору пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору болупэсептелет. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин, Өкмөттүн тапшырмалары жана чечимдери, Жогорку Кењештинсунуштары, өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвента-ризациялоо боюнча же эл аралык укук ченемдерин имплементациялоо боюнчажүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында даярдалат. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кызыкдар ми-нистрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу министрликтер жана ве-домстволор тарабынан ушул Регламентте жана Өкмөттүн Регламентинде бел-гиленген тартипте жүргүзүлөт. 35. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун Адилет министрлиги мененмакулдашууда мыйзам долбоорунун демилгечиси ушул Регламенттин 28-пунк-тунда көрсөтүлгөн документтердин пакетин берет. Бул учурда маалым-кат-негиздемеде мыйзам долбоору Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерининпланына киргизилбегендиги жана пландан тышкаркы болуп саналаары милдет-түү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун макулдашуунун жыйынтыгы боюн-ча Адилет министрлиги өз корутундусун аларды иштеп чыккан органдаргамыйзам долбоорлорун кайрадан жеткире иштеп чыгуу жана Өкмөттүн Регла-ментинде көрсөтүлгөн тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүүгө жөнөтүүүчүн жиберет. 36. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кењеште өтүшүнөмониторинг жүргүзүү жана өтүшүн көзөмөлдөө, кабыл алынышын камсыз кылууаларды иштеп чыгуунун демилгечилери болушкан министрликтер жана ведомс-тволор тарабынан жүргүзүлөт, алар квартал сайын учурдагы абалы жана ат-карылган иштер тууралуу Адилет министрлигине тиешелүү отчет берип туру-шат. VI. Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлоруна корутундуларды, түзөтүүлөрдү жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо 37. Өкмөт белгиленген тартипте мыйзам чыгаруу демилгесин көтөргөнсубъекттердин Өкмөткө киргизиле турган мыйзам долбоорлору боюнча кору-тундуларын, Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары ЖогоркуКењешке киргизилген мыйзам долбоорлоруна пикирлерди жана ага түзөтүү-лөрдү даярдайт. Өкмөттүн корутундуларынын долбоорлору, түзөтүүлөрү жана расмий пи-кирлери министрликтер жана ведомстволор тарабынан Өкмөттүн Регламентин-де көрсөтүлгөн тартипте даярдалат. 38. Корутундунун долбоорун даярдоодо төмөнкүдөй маалыматтар чагыл-дырылышы абзел: - мыйзам долбоорун жүзөгө ашырууга байланышкан болжолдуу чыгымдар-ды каржылоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө; - мыйзам долбоорунун негизги жоболорун кабыл алуу (айрым бөлүгүнкабыл алуу) же четке кагуу, кабыл алууну кийинкиге калтыруу, анын күчкөкирүү мөөнөтү жаатында Өкмөттүн позициясы жөнүндө; - башка маалыматтар. 39. Корутунду берүү үчүн талап кылынган кошумча маалыматтарды алуужана жыйноо зарылдыгы болгон учурда мыйзам долбоорун кароонун жана катжүзүндөгү корутундуну даярдоонун мөөнөтү 45 күнгө чейин узартылат жанаушул туурасында мыйзам долбоорунун демилгечилерине билдирилет. Тиешелүү токтом кабыл алынгандан тарта үч күндөн кечиктирилбестенӨкмөттүн кат жүзүндөгү корутундусу менен бирге мыйзам долбоорунун де-милгечисине жөнөтүлөт. 40. Өкмөт мыйзам долбоорлоо демилгеси катары мурда киргизилгендолбоорду Жогорку Кењештин отурумунда каралганга чейин кайра сурапалууга укуктуу. Мыйзамдын долбоорун кайра сурап алуу Өкмөттүн токтомутүрүндө таризделет, ал тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабы-нан тиешелүү тартипте даярдалып, Өкмөткө жөнөтүлөт. 41. Зарыл учурларда Өкмөт мурда Өкмөт тарабынан Жогорку Кењештинкароосуна киргизилген Мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү кирги-зүүгө укуктуу. Мыйзам долбооруна түзөтүүлөр тиешелүү министрликтер жанаведомстволор тарабынан абзацтардын, пункттардын, беренелердин редакция-сына өзгөртүүлөр же анын жоболорун айрым сөздөр, абзацтар, пункттар,беренелер менен толуктоолор же болбосо айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, бе-ренелерди , башка бөлүктөрдү алып салуу жөнүндө сунуштар түрүндө даяр-далат жана Өкмөткө жиберилет. Мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөр Өкмөттүнтоктомунун долбоору түрүндө таризделет. 42. Иштеп чыгууга жооптуу министрликтер жана ведомстволор тиешелүүмыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөттүн Регламентининталаптарына ылайык Өкмөткө жиберилүүчү Өкмөттүн токтомунун долбоорундаярдашат. 43. Мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдүн жана кайра сурап алуу жө-нүндө токтомдордун Өкмөт тарабынан Жогорку Кењешке мурда киргизилгендолбоорлоруна, ошондой эле аларга маалымкат-негиздемелерге мыйзам дол-боорунун демилгечиси болгон министрликтердин жана ведомстволордун же-текчилеринин колдору милдеттүү түрдө коюлушу керек. VII. Мыйзам долбоорлоо иштерин маалыматтык камсыз кылуу 44. Мыйзам долбоорлоо иштерин маалыматтык камсыз кылуу Өкмөттүнмыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын түзүүаркылуу жүзөгө ашырылат, маалыматтардын электрондук базасы Адилет ми-нистрлиги тарабынан министрлик аркылуу өткөн мыйзам долбоорлорунун жанабашка документтердин негизинде уюштуруучулук жана программалык-техника-лык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт. 45. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын элект-рондук базасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы абзел: - мыйзам долбоорунун аталышы жана текстинин кыскача мазмунун; - мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана мыйзам долбоорун иштеп чыгуу-га жооптуу болгон мамлекеттик органдын аталышын; - башка маалыматтарды. 46. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын элект-рондук базасы Адилет министрлигинин маалыматтык-укуктук борбору тарабы-нан жүргүзүлөт. 47. Адилет министрлигинин маалыматтык-укуктук борбору юридикалыкжактар жана жеке адамдар үчүн Адилет министрлиги тарабынан белгиленгентартипте Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын базасы-нын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. VIII. Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катарында киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кењештин жана анын комитеттеринин ишине Өкмөттүн катышуусу 48. Өкмөттүн расмий өкүлү Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилге-чиси катарында киргизилген мыйзам долбоору каралган учурда Жогорку Ке-њештин жана анын комитеттеринин отурумдарына белгиленген тартипте каты-шат. Өкмөттүн расмий өкүлүн алмаштырууга Өкмөттүн токтомунун негизиндегана жол берилет. Өкмөттүн Жогорку Кењештин ишиндеги расмий өкүлдөрүн,алар жүйөлүү себептер боюнча катыша албаган учурларды эске албаганда,башка адамдар менен алмаштырууга жол берилбейт. 49. Өкмөт Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлү аркылуу Жогорку Кењешменен Өкмөттүн ортосунда өз ара мамилени жана үзгүлтүксүз байланыштыкамсыз кылат. 50. Өкмөттүн туруктуу өкүлү Жогорку Кењештин отурумдарына катышат,Жогорку Кењештин, анын комитеттеринин отурумдарына чакырылган Өкмөт мү-чөлөрүнүн, башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга, карала тур-ган башка маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана түшүндүрмө берүү-гө милдеттүү. 51. Өкмөттүн туруктуу өкүлү Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгечисикатары киргизилген мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кењештин коми-теттеринин ишине катышат. 52. Өкмөттүн Жогорку Кењеш менен өз ара тыгыз иштешүүсүн камсызкылуу максатында Өкмөттүн расмий өкүлдөрү Өкмөттүн Жогорку Кењештегитуруктуу өкүлү жана Адилет министрлиги менен бирдикте төмөнкүлөрдү ат-карышат: - Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилгенмыйзам долбоорлорун, ошондой эле Өкмөттүн корутундуларын жана түзөтүү-лөрүн Жогорку Кењештин, анын комитеттеринин отурумдарында кароого кир-гизүүнү уюштурат; - министрликтердин, ведомстволордун карамагына кирген предметтербоюнча мыйзам долбоорлорун жана мыйзамдарды Жогорку Кењеште, анын коми-теттеринде кароо жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону уюш-турат; - Жогорку Кењештин комитеттерин мыйзам чыгарууга демилге көтөрүүукугуна ээ башка субъекттер тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорубоюнча Өкмөттүн көз карашы жөнүндө кабардар кылат; - Жогорку Кењештин депутаттары жана депутаттык фракциялар менентиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча өз ара иштешет. 53. Жогорку Кењеш тарабынан мыйзам долбоорлору каралган учурда Өк-мөттүн расмий өкүлдөрү болуп министрликтердин, ведомстволордун жетекчи-лери, статс-катчылары, ошондой эле жетекчилердин орунбасарлары дайында-лышы мүмкүн. Айрым учурларда, макулдашуу боюнча, мыйзам долбоорлору Жогорку Ке-њеште каралып жатканда, Өкмөттүн расмий өкүлү болуп, Өкмөткө баш ийбе-ген мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орунбасары дайындалышы мүм-күн. 54. Өкмөттүн Жогорку Кењештеги расмий өкүлдөрү Өкмөт тарабынанмыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлору Жогор-ку Кењеште каралган учурда: - Жогорку Кењешке, анын комитеттерине Өкмөт тарабынан мыйзам чыга-руу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорун беришет; - Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун жоболоруна тү-шүндүрмө беришет, мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү кароо учурунда Өк-мөттүн көз карашын коргошот; - берилген ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам долбоору Жогорку Ке-њеште талкууланган учурда келип түшкөн сунуштарды кабылдашат же четкекагышат. 55. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк подразделение-лери өз ыйгарым укуктарына ылайык Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгечисикатары киргизилген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кењешке кароого киргизүүүчүн зарыл болгон материалдардын даярдалышын камсыз кылышат. 56. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Жогорку Кењеш-тин комитеттери тарабынан мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн тү-зүлгөн жумушчу топторунун, ошондой эле парламенттик угууларда каралатурган маселелерди даярдоо үчүн Жогорку Кењештин комитеттери тарабынантүзүлгөн жумушчу топтордун курамдарына киргизилиши мүмкүн. 57. Адилет министрлиги министрликтер жана ведомстволор тарабынанмыйзам долбоорлорун даярдоонун тажрыйбасын, ошондой эле мыйзам долбоор-лорунун Жогорку Кењеште каралгандыгы жөнүндө материалдарды жалпылайтжана жылдын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө маалымат кылат. 58. Бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Адилет министрлиги министр-ликтердин жана ведомстволордун Жогорку Кењештин ишине катышуусу жөнүндөотчет даярдайт. Министрликтердин жана ведомстволордун Жогорку Кењештин ишине каты-шуусу жөнүндө отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - Жогорку Кењеште бир жылда каралган мыйзам долбоорлору; - мыйзам долбоорлору Жогорку Кењеш тарабынан каралган учурда Өк-мөттүн расмий өкүлдөрүнүн катышкандыгы жөнүндө маалымат. Бул отчет ар бир жылдын 15-декабрынан кечиктирилбестен министрлик-тер жана ведомстволор тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзү-лөт, ал Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жылдын жыйынтыгы боюнчаотчетто чагылдырылат жана Өкмөткө жиберилет.