Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-августу № 424 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын 2029-аскер бөлүгүнүн "Арал" чегара заставасына Бүргө Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө Жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү, Бүргө Баатырдынэлесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын 2029-аскер бөлүгүнүн"Арал" чегара заставасына Бүргө Баатырдын ысымы ыйгарылсын жана мынданары ал: "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын 2029-аскер бөлүгүнүнБүргө Баатыр атындагы "Арал" чегара заставасы" деп аталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов