КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 8-августу № 434 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Д.А.Молдо-шева жана С.К.Кадыралиев демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы шай-лоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 434 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы шайлоожөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мын-дан ары - Мыйзам долбоор) карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 3-пункту менен Кыргыз Республика-сындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары -Кодекс) 11-статьясынын 1-пунктун облустук, Бишкек жана Ош шаардык шай-лоо комиссияларынын төрагалары эркин кызмат адамдары болуп эсептелүүчүжана беш жылдык мөөнөткө дайындалуучу норма менен толуктоо каралган. Бирок, Кодекстин 11-статьясынын 1-пунктунда облустук, Бишкек жанаОш шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугуна ээ болгонмүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук негизде иштээрин белги-леп кетүү зарыл. Мында облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комисси-яларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылды түзөт. Ушуну менен бирге Кодекстин 11-статьясынын 1-пунктун облустук,Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагаларын шайлоо тарти-бин аныктоочу норма менен толуктоону максатка ылайык деп эсептейбиз. Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 3-пункту менен Кодекстин 11-стать-ясынын 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүү сунушталууда: "Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугуна ээболгон мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук негизде иштейт.Округдук шайлоо комиссияларынын функцияларын аткаруучу райондук, шаар-дык шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганданкийин 10 календардык күн өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токто-тот.". Жогоруда аталган өзгөртүүнүн биринчи сүйлөмү Кодекстин 11-стать-ясынын 2-пунктунун колдонуудагы экинчи абзацына дал келээрин белгилей-биз, башкача айтканда ага кандайдыр бир башка өзгөрүүлөр же толуктоолоркиргизилген эмес. Ушуга байланыштуу жана мыйзам долбоорлорду та-риздөөнүн юридикалык техникасына ылайык Кодекстин 11-статьясынын2-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы эле жањы абзац менен толуктоо максаткаылайык болмокчу: "Округдук шайлоо комиссияларынын функцияларын аткаруучу райондук,шаардык шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган-дан кийин 10 календардык күн өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарынтоктотот.". Бирок, Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 6-пункту менен Кодекстин14-статьясынын райондук, шаардык шайлоо комиссиялары жергиликтүү депу-таттарды шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары катары иш жүргүзүү-сүн белгилөөчү 1-пунктун алып салуу каралган. Ушуга байланыштуу бул норманы кошумча иликтөөнү жана көп мандаттуушайлоо округдарынын санын эске алуу менен райондук, шаардык шайлоо ко-миссиялары округдук шайлоо комиссиялары катары же өзүнчө түзүлүүчү шай-лоо комиссиялары катары иш жүргүзөөрүн аныктоо жана ошондой эле алардынтүзүмдүк санын, аларды түзүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоомүмкүн болоор эле деп эсептейбиз. Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 4-пунктунда: Аталган пункт менен Кодексти 12-1-статья менен толуктоо каралууда.Мында жањы киргизилүүчү статьянын аталышы көрсөтүлгөн эмес. Кодекстебардык статьяларынын аталышы берилгендигин эске алуу менен Мыйзам дол-боордун киргизилүүчү 12-1-статьясынын аталышын белгилөөнү сунуштайбыз. Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын жерги-ликтүү кењештеринин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунунбашчыларына талапкерлерди жылдыруу боюнча чогулуштарга катышуу укугункараштыруучу "6)" пунктчасындагы ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунунбашчылары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 95-статьясына ылайык айылдык округдардын,поселоктордун жана райондук маанидеги шаарлардын башчылары жергиликтүүмамлекеттик администрациянын башчысынын сунушу боюнча тиешелүү жерги-ликтүү кењештеринин депутаттары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тар-типте шайланат. Шаарлардын мэрлери Кыргыз Республикасынын Президентининсунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү кењештеринин депутаттары тарабынаншайланат. "9)" пунктчасы менен облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо ко-миссияларынын компетенциясына шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенининтекстин бекитүү, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген фор-мага ылайык даярдалышын камсыздоо, участкалык шайлоо комиссияларынашайлоо бюллетендерин жана башка документтерди жеткирүү боюнча ыйгарымукуктарын киргизүү сунушталууда. Бирок, Кодекстин 13-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 12-пунктчасынаылайык округдук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча шайлоо бюллете-нинин текстин бекитет, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилен-ген формага ылайык даярдалышын, участкалык шайлоо комиссияларына шайлообюллетендерин жана башка документтерди жеткирилишин камсыздайт. Ушуга байланыштуу жана Кодекс менен Мыйзам долбоордо белгиленгенкарама-каршы нормаларды четтетүү максатында Мыйзам долбоордун 1-стать-ясынын 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү максатка ылайык депэсептейбиз: "5. 13-статьянын биринчи бөлүгүнүн 5 жана 12-пунктчалары алып са-лынсын.". Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 10-пунктунун биринчи абзацындагы"экинчи" деген сөздү "үчүнчү" деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 10-пунктунун үчүнчү абзацы алыпсалынсын. Мыйзам долбоордун 1-статьясынын 11-пунктунун бешинчи жана алтынчыабзацтарында "комиссиялар тарабынан", "комиссиялар" деген сөздөрдү алыпсалууну сунуштайбыз. Мында Кодекстин 8-статьясынын онунчу абзацын "аскер кызматчысынынаскердик билети" деген сөздөрдөн кийин ", айдоочунун күбөлүгү" дегенсөздөр менен толуктоону максатка ылайык деп эсептейбиз. Ушуну менен бирге Кодекстин 39-статьясына шайлоо бюллетенин жарыя-лоого, көчүрмөсүн жасоого жана башка жолдор менен көчүрмөсүн жасоого эчкимдин укугу жок экендиги жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында сунушталуучу толуктоо бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тар-туу нормасын киргизүү зарылчылыгын белгилейбиз. Кодекстин 72-статьясынын 3-пунктунда Кодекстин 25 жана 26-стать-яларына шилтеме бар экендигин кошумча белгилейбиз. Бирок Кодекстин26-статьясы талапкерлерди тизмеге киргизүү үчүн саясий партиялардан та-лапкерлерди жылдыруу тартибин караштырбастан, саясий партиялардын та-лапкерлеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маселелерин жөнгө салуучунормаларды белгилейт. Ушуга байланыштуу 72-статьясынын 3-пунктун Коде-кске ылайык келтирүү максатка ылайык деп эсептейбиз.