Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 13-июлундагы № 485 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-августу № 444 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында туристтик тармакты андан ары өнүктүрүү мак-сатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6, 384-стать-яларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 8,20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунунЫсык-Көл районундагы Чоњ-Сары-Ой айылдык округунун аймагында жайгашкан6,0 га жер участогун коттедж шаарчасын куруу үчүн "Каприз" жоопкерчили-ги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук кооп-суздук комитетинин "Спутник" ден соолукту чыњдоо борборунун инфраструк-турасын жакшыртуу боюнча өздүк каражаттарынын эсебинен кеминде 26 (жый-ырма алты) млн. сом суммасына ремонттук-курулуш иштерин жүргүзүү боюнчамилдеттенмелерин кароо менен "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомунаижара келишими шартында 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдалануугаберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: берилүүчү жер участогуна курулуш курууга шаар куруу документтеринбелгиленген тартипте иштеп чыгууну; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоњ-Сары-Ой айыл өкмөтү,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана"Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда ушул токтомдун1-пунктунда аталган жер участогун ижаралоо жана Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин "Спутник" ден соолукту чыњ-доо борборунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ремонттук-курулуш иш-терин жүргүзүү жөнүндө үч тараптуу келишим түзүүнү; - "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан коттедж шаарча-сынын курулушунун баштоо жана аяктоо мөөнөттөрүн аныктасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алдында өзүнүн милдеттеринаткармайынча берилген жер участогуна карата кандайдыр бир жаран-дык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө укугу жок экендиги белгиленсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов