КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-августу № 445 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын 5 жана 6-статьяларына ылайык, менчигинин түрүнө кара-бастан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсузду-гун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү та-шыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тиркелген жобобекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги эки айдын ичинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер,администрациялык ведомстволор жана аткаруучу бийликтин башка органдарыменен бирдикте төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бе-китсин: - Балдарды автомобиль транспорт менен ташуу тартиби жөнүндө нуска-маны; - Айдоочуларды жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндө нускаманы; - Айдоочунун иш тартиби жөнүндө нускаманы; - Автомобилдик жолдорду курганда, реконструкциялаганда жана оњдо-гондо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү; - Айдоочулардын ташуунун шарттарына жана түрлөрүнө ылайыктыгынтекшерүү жана камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү; - Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жыл сайынсабак өтүүнүн окутуу планын жана программасын; - Автомобилдик транспорт менен жүк ташуу тартиби жөнүндө нускама-ны. 3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору жана аткаруучу бийликтин башка органдарыэки айдын ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомгоылайык келтирсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөт Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов