Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу N 450 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жетим темир кенин геологиялык изилдөөнүн зарылдыгы жөнүндө Жетим темир кенин комплекстүү жана рационалдуу пайдаланууну изил-дөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз ССР Министрлер Совети-нин 1983-жылдын 29-декабрындагы N 671 токтому менен бекитилген Нарынмамлекеттик коругунун корголгон зонасына туура келүүчү кен участокторунгеологиялык изилдөөгө кен байлыктары жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынаылайык мурда берилгендер менен катар конкурстук негизде лицензиялардыберүүгө уруксат берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик: - Нарын мамлекеттик коругунун корголгон зонасына туура келүүчү Же-тим темир кенинин участокторун геологиялык изилдөө жүргүзүүдө лицензи-аттар менен бирдикте кенди өздөштүрүүнүн айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучуэкологиялык таасирин жана аны эњ төмөнкү дењгээлге чейин азайтуу боюнчачараларды көрүү зарылдыгын иликтеп чыксын; - Нарын мамлекеттик коругунун корголгон зонасынын жањы чектеринаныктоо боюнча эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин. 3. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы өзүнүн чечимдеринушул токтомго ылайык келтирсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жана энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов