Бишкек ш., Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августундагы №456 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга Толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрындагы кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, Стандарташтыруу, метрология жана серти-фикатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1.Стандарташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашууга Толуктоолор-ду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жыл-дын 22-ноябрындагы кол коюлган тиркелген протокол (мындан ары -Протокол) бекитилсин. 2.Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-стволор өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Протоколго ылайыккелтиришсин. 3.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушулПротоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигин Аткаруу комитетине билдирсин. 4. "Стандарташтыруу, метрология жана серти-фикатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүү-лөрдү киргизүү тууралу Протоколду бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы №469 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 5.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү-нө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов