Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 460 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жаатында тартип бу-зууларга каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргү-зүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" ток-тому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматыжөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи жана жыйырма сеги-зинчи абзацтар менен толукталсын: "интеллектуалдык менчик жаатында кылмыш бузуулардын алдын алуу ма-селелери боюнча окутууну жүргүзүү; интеллектуалдык менчик объектилери камтылган продукцияларга жанатоварларга изилдөө жана экспертиза жүргүзүү". Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов